ТЕННИСТИ ТААП, ЖАКЫРЧЫЛЫК МЕНЕН КОШТОШКОН УИЛЬЯМСТАР

Теннис алтын доорун баштан кечирүүдө. Рафаэль Надаль жаракат алып, 7 айдан кийин кортко кайтса, Новак Жокович Чоң шлем түркүмүндөгү мелдештердин жарым финалында 13-ирет катары менен ойноп рекорд койду. Рожер Федерер Чоң шлем мелдештеринде 17-ирет чемпион аталса, бул 3 алптын тирешинен байгесиз калып келген Энди Маррей «Уимблдон» мелдешин утту. Айымдар арасында болсо кептин баары талашсыз түрдө Винус менен Серена Уильямстарга багытталып келет.

Винус колумбиялык 23 жаштагы модель Элио менен сүйүү романын баштады. Экөө 2012-жылдын сентябрь айында мелдештердин биринде таанышып калышкан. Винустун жакында бүлө куруу тууралуу ою жок экенин бир катар басылмалар кабарлап келишет.

 

 


Серенанын «бойфренди» 43 жаштагы өзүнүн машыктыруучусу Патрик Муратоглу. Айрым маалыматтарга караганда, Патрик дүйнөнүн 1-ракеткасы үчүн өз жубайын, балдарын таштаган. Эске салсак, Патрикке чейин Серенага америкалык рэп ырчысы Comon үйлөнүү тууралуу сунуш киргизип, көндүрө албаганы айтылган.

ЭЖЕ-СИҢДИ АКЧА ҮЧҮН ТЕННИСКЕ «АЙДАЛГАН»
Айымдар арасындагы чоң теннистин акыркы 15 жылдагы мегажылдыздары Винус менен Серена Уильямстарды тенниске атасы Ричард Уильямс алып келген. Бирок окуя кадимки спортчулардыкына такыр окшошпойт. Жокчулукта жашап, теннис эмне экенин түшүнүүгө шарты жок Ричард кыздары али төрөлө электе теледен теннис жөнүндө берүүдөн теннисчилер чоң байге аларын
билет.
Жаш теннисчилер тапкан сумманы Ричард бир жылда тапчу. Катар төрөлгөн кыздарын теннис секциясында эмес, көчөдө өзү машыктыра баштайт. Ошентип жүрүп Ричард өз максатына жетет. Серена менен Винус жаштар арасында көп мелдештерди утуп, ири мелдештерге чакырыла баштайт. Кыздарын чоң тенниске узаткан ата «кыздарым беттешип калса, мен көрбөйм» дейт.

ТЕННИС ДӨӨ-ШААЛАРЫНА АЙЛАНГАНДА...
Теннис боюнча Чоң Шлем түркүмүнө кирген 4 мелдештин бири – АКШнын Ачык чемпиондугу теннис ааламында өтө жогору бааланат. Бул мелдешке катышуу мүмкүнчүлүгү туулганда Винус 17, Серена 16 жашта эле. 1997-жылы өткөрүлгөн мелдеште Винус ийгилик жаратса, Серена мелдештин башында эле учуп кетет. Ошол күндөн тарта эл Винустан көптү үмүттөнө баштайт. Ракетканы колго алган күндөн тарта эжесине карап түздөнгөн Серена да эжесиндей ыкчам, күчтүү болгусу келген. Серена АКШнын Ачык чемпиондугун 1999-жылы утат. Ошентип, чоң теннисте алардын доору башталат. Жылдар өтөт. 2002-2003-жылдары Серена Чоң шлем түркүмүндөгү 4 мелдештин финалында эжесин утат. Теннисте мындан аркы чоку жок эле. Жюстин Энен, Ким Клийстерс, Динара Сафина, Мария Шарапова сыяктуу теннисчилер бул эки алптын көлөкөсүндө калышат.

СЕРЕНА ЖАШТАР МЕНЕН, ВИНУС ООРУ МЕНЕН КҮРӨШҮҮДӨ
Серенанын карьерасында 17 Чоң шлем түркүмүнүн чемпиондук наамы бар жана бул айымдар арасындагы теннисте рекорд болуп эсептелет. Анын азыркы негизги атаандаштары Виктория Азаренко менен Мария Шарапова. Бирок бул экөөнүн Серенага каршы өткөргөн беттештеринин санын кошкондо 28ди түзөт. Кызыгы, анын үчөөндө гана Серена жеңилип берген. Ошондой эле бул теннисчилер Олимпиада оюндарында да атаандашышкан. Акыркы Олимпиадада Серена жекеликте алтын менен кайтты. Ага чейин Винус «Сидней-2000» Олимпиадасында жекеликте алтын алган. Андан тышкары бир туугандар жуптукта «Сидней-2000», «Бээжин-2008» жана «Лондон-2012» Олимпиадаларынын алтынын тагынышкан. Серена ушундай эрдиктерге дале барууда.
Ал эми Винус далысынан алган жаракатынан кортко чанда каттап калды. Ошондой эле анын организминен Шегрен синдрому табылган. Кишини бат чарчатып, иммунитетти төмөндөтүүчү бул синдром айыккыс дарт катары эсептелинет. Азыр Винус дарыланып, андан тышкаркы убактысын бизнеске, китеп жазууга жана реалити-шоу программаларга тартылууга жумшоодо.

Максат Кудайбердиев
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 573, 25-октябрь-31-октябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан