ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (28-октябрдан 3-ноябрга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Аптада сунушталган иш менен толук таанышып чыккандан кийин гана чечим кабыл алыңыз. Болбосо эч кандай пайда алып келбеген, убактыңызды текке кетирген ишке кептелишиңиз мүмкүн. Шейшембиде алдамчылардын тузагына илинип калуудан сак болуңуз. Жуманын экинчи жарымында такталбаган маалыматка ишенип, жакын адамыңыз менен таарынышып кетүү коркунучу күтүп турат.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Апта башталышында керектүү демилгени биринчилерден болуп көтөрүп чыгып, элге көрүнүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Буга жетишсеңиз, жетекчиликтен алкыш угуп, акчалай сыйлыкка арзыйсыз. Жума күнү чакырылбаган конокторду тосууга камдана бериңиз. Апта аягында үйдү кооздоо, эмеректерди кайра жайгаштыруу менен алектенесиз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Бул жума сизге болуп көрбөгөндөй ийгиликтерди тартуулайт. Баштаган жумушуңузду бүтүрүүгө аракет жасаңыз. Бирок жети өлчөп, бир кесүүгө аракет кылыңыз. Бейшембиде сизден жардам сурагандар болушу мүмкүн. Колдон келсе жардамыңызды аябаңыз. Апта аягында жакыныңызга белек алып берип кубантасыз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Апта ичинде сиздин эркиндигиңизге чек койгусу келгендер четтен чыгат. Ал жакын адам болобу, бейтаанышпы, жаныңызга жолотпоңуз. Сак болууга аракет кылыңыз. Шаршембиде жакын адамыңыздан жүйөлүү сын угуп, көңүлүңүз чөгөт. Ишембиде базар аралап, кышка даярдык көрөсүз.

АРСТАН (23.07-23.08)
Дүйшөмбүдө маданий иш-чарага аралашууңуз ыктымал. Шейшемби – чыгымдарды талап кылчу күн. Керектүү жаңы буюм сатып аласыз. Жума күнү пайдалуу бизнес боюнча сунуш алууңуз мүмкүн. Андыктан баш тартпаңыз. Жекшембиде үйүңүзгө эски тааныштар баш багып, өткөндү эстеп чер жазасыздар.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Уккан маалыматтардын чын-төгүнүн аныктабай чечим чыгаруу, кеңешпей иш кылуу – бул аптадагы башкы душманыңыз. Шейшембиде этият болбосоңуз, үй-бүлөлүк жана сүйүшкөн жуптардын ортосунда чыр чыгат. Бейшембиде документ иштерине тактоо киргизүү керектелет. Апта соңунда жакындарыңыздын бири белек берип кубантат.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Апта ичинде дарегиңизге айтыла турган ушак кептерге даяр болуңуз. Ушактын кайдан чыкканын иликтейм десеңиз, пайда таппайсыз. Бейшембиде тойго чакыруу аласыз. Ишембиде акча тартыштыгы жаралып, маанайыңыз түшөт.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Дүйшөмбүдө тегеректеги адамдарга этият мамиле жасаганыңыз туура. Туура эмес айтылган кеп өз башыңызга муш болорун эске алыңыз. Жума күнү айтылган акыл кепке арданбай, моюн сунганыңыз эле оң. Жекшембиде капчыгыңыз калыңдап, маанайыңыз көтөрүлөт.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Бул аптада сизге жаңы иш баштоону жылдыздар сунушташпайт. Андан көрө ошол убактыңызды эс алганга же саякаттаганга жумшаңыз. Бейшемби, жума күндөрү жашооңузда жагымдуу жолугушуулар орун алмакчы. Апта аягында сиз күтпөгөн жактан жардам келиши күтүлүүдө.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Үй-бүлөгө көңүл бөлүп, сүйүктүүңүз менен мамилеңизди жакшыртасыз. Көпчүлүктүн кызыкчылыгын эске алып, акыл менен иш кылсаңыз акыбети кайтпай койбойт. Шаршембиде учугу түгөнбөгөн түйшүктөрдөн жүдөп, жардам издейсиз. Дем алыш күндөрү жакшы идеяларыңызды ичке катпай, ортого салыңыз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Бул аптада «эки тоонун чөбүн эңсеген кийик ачкадан өлөт» деген кепти эш тутуп, башка бир жумуш баштоодон оолак болуңуз. Жыйынтыгы оюңуздагыдай болбойт. Аптанын экинчи жарымында пайдасыз нерселерге каражат жумшоодон качыңыз. Болбосо алдыдагы күндөрдө акча маселесинен кыйналып каласыз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Апта башында кызганычтын айынан сүйүктүүңүз менен жаман-жакшы көрүнүшөсүз. Өзүңүздүн эле арманыңызды айта бербей, өзгөлөрдүкүнө да кулак түрүп көрүңүз. Ишембиде кийим же кымбат баалуу буюм алууда сапатына кылдат көңүл койбосоңуз, төлөгөн акчаңыз талаага кетет.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 573, 25-октябрь-31-октябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан