АҢГИГЕ АЙЛАНГАН ӨГӨЙ АТА

Жакында эле Сокулук районунда катталган кылмыш уккан адамдын үрөйүн учурду. Кай бири бул окуяга ишенбей жакасын кармаса, кээ бирөөлөр «Андай аңгилерди асып же атып өлтүрүш керек!» деп жатышты. Эмесе, сөз башынан болсун.

КАРЫШКЫРГА КОЙ КАЙТАРТЫП...
2013-жылдын 14-октябрь күнү түнкү саат 00:30 чамасында Сокулук РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Сокулук районунун Шопоков шаарынын тургуну, 1979-жылы туулган О.З. аттуу айым кайрылган. Анын жарандык никедеги күйөөсү 8 жана 10 жаштагы секелек кыздарына сексуалдык зомбулук көрсөтүп жүргөндүгүн билдирген. Көп өтпөй жогорудагы окуяга шектүү деп 1980-жылы туулган А.Т. аттуу Сокулук айылынын тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Алгачкы иликтөөдөн белгилүү болгондой, ушул жылдын сентябрь айынын соңунда кыздардын энеси О.З. өзүнүн үйү оңдоп-түзөөдөн өтүп жатканына байланыштуу Сокулук айылындагы бир үйгө көчүп, убактылуу батирде жашап калат. Үч жылдан бери жарандык никеде жашап жаткан күйөөсү А.Т. да өзүнүн мурунку никесинен балдары менен анын артынан көчүп келет. Бала бакчада иштегенине байланыштуу О.З. эртең менен эрте жумушка кетип, кечкисин кеч кайтчу. Бул убакыт ичинде күйөөсү жаш балдарды «карап» үйүндө калчу экен.

«КЫЗДАР ЧЫНДАП ЭЛЕ КОРДОЛГОН»
Бул окуя тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматынын кызматкери АЙБЕК АРЗИМАТОВ төмөнкүлөрдү билдирди:
– Кылмышка шектүү А.Т. учурда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Жогорудагы окуя боюнча соттук-медициналык, соттук-психологиялык-психиатрдык экспертизалар дайындалып, жыйынтыгы чыккан. 2013-жылдын 10-октябрынан 13-октябрга чейинки аралыкта 2 секелек кызга күч колдонуп, өзгөчө мыкаачылык менен сексуалдык зомбулук көрсөтүлгөнү (кыздардын денесинде көк ала тактар болгону жана арткы тешиктерине ичке темирди самын менен сүйкөп тыкканы аныкталган) маалым болду. Учурда бул иш боюнча тергөө уланууда.
Ал эми кылмышка шектүү жогорудагы ишке барбаганын, бул жөн гана аялынын жалаасы экенин айтууда. Тергөө аяктап, сот өз чечимин чыгарганда бул ишке дагы кайрылып, маалымат бергенге аракет кылабыз.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
"8 жана 10 жаштагы өгөй кыздарын зордуктады" деп шектелүүдө
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (67)
Zarema94
2013-10-30 23:54:47
кудай сактасын!
0
Bellator
2013-10-31 10:41:27
мына корунуп турат. Бул кыргыз эмес, озу орус окшойт. Эми ушуну политика кылып, Россиядагыдай бизде
эмнеге айтпайт?
+1
Jomi
2013-10-31 22:30:37
Аллах ар бирибизге ыйман берсин
0
Umut.94.13.11
2013-11-01 15:50:32
Аллах жазасын берсин!
+1
azi
2013-11-01 17:08:28
элдин оюна не правительства конул бурбайт?
0
kgz_kuba
2013-11-01 20:28:29
Бул кишинин адамдык касиети деле жок экенда,Бул адамды ташбаранга алзанда аздык кылат!
0
AZIK01
2013-11-02 11:52:01
Чынында ушул ишти жасаган болсо айбандан да отуп тушуптур.Ынсап берсин ар бир адамга.
+1
munirashka
2013-11-02 19:15:02
Окуп алып жаман болдум, ушундай эки бутту айбандарды атып эле салыш керек.
0
lazygirl
2013-11-02 22:28:45
апасы каякты караган ?!. күйөөсүн балдары мн багып жабырын да тарткыча жөн эле жүрө бербейби. Күйөөсү адам эмес ит экен!(
0
tagdyrkyzy2393
2013-11-03 15:44:16
bularga olum jazasy da jenil jazoo....
0
Yehxbr
2013-11-03 16:15:28
Неге олкобуздо кылмышты башка улуттар окулдору коп жасашат деп жазышпайт?...
+1
rentgenolog
2013-11-18 14:10:20
Деги педофилдер неге мынча кобойуп бара жатат?Себеби эмнеге байланыштуу болду экен?!Оо Кудай,бир озун жазасын бере кор мындайлардын!
+3
Sanjar90
2013-11-30 20:56:55
олум жазасын бериш керек дейсинерго бирок дооматка калгандарда жок эмес мындай кылмыштар менен дооматка калгандан Кудай сактасында эгер чындап бул ишти кылган болсо бул дуйнодо да тиги дуйнодо да жазасын алсын маняк
0
shkolad87
2014-03-05 05:23:47
жаш кыдарды кордогон, сойуш керек жакшы емес
0
umar12
2015-06-05 02:03:14
Закон иштебейт буну камайт эртен эле чыгат дагы ушул ишин кылат. Ошол закон чыгарган депутаттардын кызын ушундай кылсын эмне кылат экен эле... Эх!!!
0
№ 573, 25-октябрь-31-октябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан