Кайрат аялынын колундагы баланы эркелете тиктеп турду. Ансайын тиги колдорун сереңдетип «Кана, эми мени албайсыңбы?» дегендей көзүн күлүңдөтө колу-бутун тыбыратат. Анан калса балакай маңдайы жарылып, бүгүн шайдоот.
– Атасы, карачы, бүгүн бизди куттуктасаң болот. 6 айга толдук. Эми чоңоёбуз.
Кайрат аялынын сөздөрүн кулагынын сыртынан кетирди. Кужулдап өз тилинде чулдурап, талпынып турган баласын көрүп дүйнөсү тарып кетти. Кимдир бирөө кууп жаткандай ордунан тура калып сыртка жөнөдү.
– Сен кайда?
– Жумушка барам. Балдар болуп чогулат элек. Тез эле келем.
Аны үйүнөн кууп жаткан маселе башкада эле. Мурунку аялы Кундуз экөөнүн ортосунда бала болбоду. Догдур, бүбү-бакшы дегендин баарын кыдырып чыгышты, айлалары кетти.
Кундуз акылдуу аялдардын бири эле. Кыйналып жүргөнүн көрүп:
– Кайрат, мени жакшы көрөрүңдү билем. Бирок эркек киши артына тукум калтырыш керек. Айла жок, тагдырыбызга баш ийишибиз керек. Мен сага ыраазымын!- деди.
– Мен сенден бала сурап жатамбы?- деп корс этти Кайрат.
– Эгерде башка айлаң болсо, аны да айт.
Кундуздун да жанына баткан белем, туугандардын күбүр-шыбыры чечим чыгарышын талап кылып турду. Анткени Кайраттын бир аз кызып калса эле ыйлаганы, жашоого наалат айтканы жанына батып кеткен эле. Акыры экөө ажырашууга аргасыз болушту. Мындай учурда тууган-урук дегендер жөн жатпайт экен да. Тез эле Кайратка бирөөнү тааныштырышып, акыры үйлөнтүп тынышты. Бирок баары бир анын жарааты оңой менен айыга койбоду. Экинчи аялынын жанында жатса да Кундузду ойлой берет. Кээде ата-энесинин сөзүнө кирип шашып үйлөнүп алганына өкүнүп кетет.
Кундуз да ажырашкандан кийин изин таптырбай кетти. «Куру бекер жүрөгүн оорута бербейин» деп Кайрат да издеген жок. Анын үстүнө кийинки аялынын боюнда болуп, бала күтүп калышты. Ошентип бир аз болсо да жан дүйнөсү тынчып калган эле. Үйлөнгөндөрүнө бир жыл болгондон кийин Кайрат уулдуу болду. Сүйүнгөнүн айтпа...
Кыш болчу. Жумушка баратып Кундуздун караанына окшош бирөөнү көзү чалып калды. Жүрөгү булкуп кетти. Басканы, кийимдерине чейин окшош экен. Бирок бир таң калтырганы, колунда көтөргөн баласы бар. Кадамын ылдамдата берип келиндин маңдайына барып делдейип туруп калды. Кундуз экен! Ал дагы оозунан сөзү түшүп туруп калды да, колундагы баласынын бетин калкалай жаап, артка чегине берди. Бир нерсе дегиче таксиге түштү да, кете берди. Турган ордунда катып Кайрат калды. Ошол күнү эле Кундуз тууралуу иликтеп баштады. Анын борборго келгенине аз эле убакыт болуптур, баласына каралашканы апасы да келгени тууралуу маалымат алды. Эки-үч күн дендароо болуп жүрдү да, баары бир жолукпаса тынчый албасын билди.
– Айт, бала кимден?- деди издеп барганда эле короодон чыга берген Кундузду көрүп. Ачуусунан энтигип да кетти. Кундуздун көздөрү бакырая түштү. Жөөлөй басып үйгө кирген Кайрат баланы көрүп жүрөгү кысылып кетти. Өзүнүн көчүрмөсү экен, өзүн тиктеп туруптур. Бакырайган көздөрү, уячасынан бери өзүнө окшош. Таенесинин колундагы бала жөөлөй кирип келген адамды таң кала тиктеп турду. Көрсө, ажырашып кеткенде Кундуздун боюнда калган тура.
– Мен сенден кеткенден кийин өзүмдү жаман сезип кыйналып жүрдүм. Анан калса бир айга жетпей үйлөнтүп коюшканын укканда такыр ооруп калдым. Текшерилгени догдурга барганымда боюмда бар экени анык болду. Кубандым, ыйладым. Анткени бактым жарты болчу. Элдин сөзүнөн чүнчүп кетип, сени да көндүргөм. Бул да жашоонун сыноосу экен, биз ага туруштук бере албадык. Апама, айылга барып төрөдүм. Эми иштешим керек болуп келдим.
– Эмнеге бала меники экенин айткан жоксуң?
– Айтсам бир нерсе өзгөрөт беле? Анын үстүнө сени кайрадан кыйнагым келбеди. Уулдуу болгон экенсиң, куттуктайм! Сен бизди ойлобо, мен иштейм. Бутума турам. Билесиң го, мен күчтүү аялмын.
Кайрат көзүн жалжылдата тиктеп турган баланы колуна алып өпкүлөп кирди. Анын дагы эч чочуркабай бөжөйүп колтугуна кирип алганычы...
– Аты ким?
– Бакай.
Ошондон бери Кайрат эки оттун ортосунда калды. Кундузга барбайын дейт, бирок буттары өзүнөн-өзү ошол жакка шилтенет. Эптеп эле көзүн көрүп, уулун бир жыттап кайтканына шүгүр кылат. Кайра кийинки аялынын алдында өзүн күнөөлүү сезет. «Бечара, анда эмне күнөө, айтканымды аткарып, уулумду багып отурат, мен итмин» дейт ичинен. Бирок миң кайталап өзүн урушканы менен, бул туюктан чыга албай убара. Азыр да үйүнөн чыгып ал жакка бараткан кези. Жолдон Бакайга деп оюнчук да сатып алды. Бирок тагдыр анын ордуна чечим кабыл алып койгонун билбеди. Үйгө жакындай бергенде адаттагыдай жалаяк жайылып турганын көрө албады. Тез жетип, эшикти булкуп ачып бейтааныш адамдар отурганын көрдү.
– Кундуз, Бакай!- деп кыйкырып жиберди эркинен тыш.
– Кундуз деген келин көчүп кетти. Муну сага таштады,- деди кимдир бирөө колуна катты карматып.
Дендароо болгон ал катты калтыраган колдору менен ачып окуй баштады. «Кайрат, сенин турмушуңдун бузулушун каалабайм. Өзүңдү токтотобу десем антчү түрүң жок. Тагдыр бизди сабырсыздыгыбыз үчүн ушинтип жазалады. Бизди издебе».
Кайрат кар бүртүктөрүн чеңгелдеп үнсүз ыйлап жатты. Анын мындан аркы жашоосу экиге бөлүнүп калган эле. Сүйүктүү аялы менен сүйкүмдүү уулунун ордун эч ким толуктай
албас. Анын кайгысына ортоктош болгондой кар дагы деле жаап жатты...
Нуржамал Жийдебаева
lira@super.kg