«Жүрөктөн чыккан ыр жүрөккө жетет». Бул чынында, таамай, таасын айтылган сөз. Турмушта биз кааласак да, каалабасак да көп жолу ырларды тыңшоого туура келет. Коомдук транспорттобу, үйдөбү же жумушта болобузбу көпчүлүк жерде жагымдуу музыка сөзсүз жаңырып турат.
Учурда замандын талабына жараша улам жаңы ырлар чыгып, хитке айланууда. Арасынан 2013-жылы кайсы ыр эл ичинде популярдуу болуп, көп суроо-талапка ээ болду? Ушул суроонун негизинде өлкөдөгү радиостанциялардын кызматкерлерине, расмий порталыбызга жана карапайым калкка кайрылдык.
РАСУЛ РАХМАНАЛИЕВ, «El fm» радиосунун ди-джейи:
– Биз эл менен тыгыз иштешебиз. Эки-үч суранычты бириктирбей эле, бир адам уккусу келген ырды коюп беребиз. Бул жылы Нурмат Садыровдун «Мен сүйгөн менен пайда жок», Сайкал Садыбакасованын «Ыйлатпачы», Данияр Эрматовдун «Жүрөгүм», Нурлан Насиптин «Канткенде сага жагамын?», Малика Динанын «Ойлорум сага», Гүлжигит Сатыбековдун «Мен сенден кетейинчи», Роза Шакированын «Ашыгым» деген ырлары башкаларга караганда өтө көп жаңырды.
НАЗИРА АСАНКОЖОЕВА, «Миң кыял» радиосунун продюсери:
– Быйыл Нурлан Насиптин «Менин да сүйүүм ушундай», Малика Динанын «Ойлорум сага», Гүлнур Сатылганованын «Эмне чындык?», Ильяз Андаштын «Дүйнөдө сени сүйгөн бир адам бар», Данияр Эрматовдун «Жүрөгүм», Минюра Рахимжанованын «Сен кат жаздың» деген ырларын эл көп суранышты.
НАЗГҮЛ ЖАМГЫРЧИЕВА, «Санжыра» радиосу:
– Биздин радио фольклорго да, эстрадага да ыктайт. Жалаң бир багытты көздөбөйт. Радиобуздан быйыл Аскат Мусабековдун «Лейли», Гүлжигит Сатыбековдун «Мен сенден кетейинчи», Гүлнур Сатылганованын «Нандын жыты», Улукмырза Полотовдун «Кусалык», Нурлан Насиптин «Эркелетсемби?», «Менин да сүйүүм ушундай» ырларын угармандар көп суранышты.
АСКАТ АЛДАШЕВ, «Кыргызстан Обондорунун» ди-джейи:
– Биздин радиодон бардык аткаруучулардын ырлары жаңырат. Бир ырды кайра-кайра кайталабоо үчүн атайын көзөмөлдөп туруучу адамдар бар. Эл өзү суранчу убакытта, албетте, алар уккусу келген ырды коюп беребиз. Быйыл Нурлан Насиптин «Менин да сүйүүм ушундай», «Жебе» тобу менен Кенже Дүйшееванын «9 жаш» деген ыры көп суралды.
БАКТЫГҮЛ СОКУШОВА, Super.kg порталынын директору:
– Биздин порталда буга чейин Мирбек Атабеков, Султан Садыралиев, Бактыгүл Бадыеванын ырлары хит болуп келсе, бул жылы жаңы ысымдар пайда болду. Алар жөн гана чыкпастан, өзгөчө бир ылдамдыкта элге алынып кетти. Мисалы, Жоодарбешимдин «Өкүнбө», «Жан тумарым» аттуу ырлары. Бул жигиттин эки ырына тең колдонуучулар тарабынан көбүнчө позитивдүү комментарийлер жазылып жатты. Хит ырлардын арасынан Гүлжигит Сатыбековдун «Мен сенден кетейинчи», Сайкал Садыбакасованын «Ыйлатпачы» деген ырлары да орун алды. Жогорудагы ырлар көзү жашка, жан дүйнөсү муңга толуп турган адамды ойго түртөт, чынында эле маани-маңыздуу ырлар.
Нурлан Насиптин буга чейин «Эркелетсемби?», «Айта албайм» деген ырлары хит болсо, быйыл «Менин да сүйүүм ушундай» ыры менен ыр ышкыбоздорунун жүрөгүнө чок салды. Азыр жаштардын арасында ар бир экинчи адамдын уюлдук телефонунун коңгуроосунда ушул ыр орун алган десем жаңылышпайм.
Кичине кезинен эле сахнада чоңоюп, аты таанымал, бирок эл ичинде оозго алынып ырдалган ырлары саналуу Малика Дина быйыл өтө жакшы эмгектенди. Дегеним, «Ойлорум сага» деген ыры жаштын да, карынын да көңүлүн бурду. Ушул эле жаштардын арасынан Алтынай Нарбаева эжекебизди көрсөк болот. Жаштардан калышпай улам бир жаңы ырын элге сунуштап жатты. Ал ырлары көз жаздымда калбастан, элге алынып кетет. Мисалы, «Кат жазчы мага» ыры укмуш хит болду. Карындаштарын эзилип бышкан жүзүмгө салыштырган Мирлан Баековдун «Карындашым» аттуу ыры да популярдуу ырлардын санын толуктай алды.
«Супердин» сурак бурчу
БЫЙЫЛ КАЙСЫ ЫРДЫ КӨП УКТУҢУЗ?
Нурсултан Солтанкулов, студент:
– Жаштар жалаң эстрадага ыктайт дешет го. Мен буга кошулбайм. Анткени мен эстрада менен катар фольклор ырларын да баалайм. Бир ырды бөлүп айта турган болсом, быйыл Нурлан Насиптин «Менин да сүйүүм ушундай» деген ырын аябай жактырдым.
Тажыкан Тажиматова, соодагер:
– Чарчап турганда ыр уксам эс алып, жеңилдей түшөм. Мыскал Өмүрканова, Гүлсүн Мамашеванын ырлары кандай керемет! Азыркы жаш ырчыларды жаман деп айтпайм. Мага Гүлжигит Сатыбековдун дагы, Гүлжигит Калыковдун дагы ырлары жагат.
Бакыт Балтабаев, соодагер:
– Соода кылып отуруп дайыма радио угам. Радиолор деле бир ырды кайра-кайра бербейт, тизмеси болсо керек. Кайсы ырды берсе да уга берем деңизчи, бирок Гүлжигит Сатыбековдукун жактырам. «Тико», «Мен сенден кетейинчи» деген ырларына сөз жок.
Назира Абдрахманова, студент:
– Негизи эле биздин артисттерге кызыгам, алардын жаңы ырларынан кыя өтпөйм. Омардын чыгармачылыгын өзгөчө баалайм. Быйыл Омардын «Бактыма сен кичине эркесиң, бактыма сен кичине тентексиң» деген саптары бар ырын көп уктум.
Турдалы Супатаев, КУУнун окутуучусу:
– Кыргыздын илгерки ырларын жактырам. «18 жаш», «Тоолор», «Долон», кандай сонун чыгармалар! Бирок бул сыяктуу ырларды азыр телерадио аз берет. Бул туура эмес, анткени жаштар кандай ырлар болгонун билбей калып жатышпайбы. Ретро бул – кыргыздын маданий тарыхы.
Анара Рысалиева, наабайчы:
– Бул нерсе менин жумушума байланыштуу болсо керек, таң аткандан түн бир оокумга чейин радио угабыз. Радиолордон бардык ырчылардын эле ырларын берет. Ошолордун ичинен мага Алтынай Нарбаева эжекебиздин ырлары өзгөчө туюлат. Эже жүрөккө жеткире ырдайт.
Ынтымак Таранчиев, ишкер:
– Токон Эшпаев, Исирадин Аманбаев, Гүлнур Сатылганова, Бек Борбиевдин ырларын флешкама көчүрүп алгам. Ал эми жаштардан Каныкейдин ырларын жакшы көрөм. Айрыкча «Садагам» аттуу чыгармасы жагат.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg