«Жараткан көргөн кыйынчылыктарымдын ордуна жолдошумду белек катары берди»,- деген «Супер ырчы айым-2009» наамынын ээси Кенже Дүйшеева мурунку, азыркы турмушундагы кайгы-кубанычтарын кеп кылып берди.
– Кандайсыз, Кенже эже? Тилиңиз казакчага бурулуп калыптыр. Кайын журттун таасири катуу болуп жатканбы?
– (Каткырып) Жакшы, рахмат. Тилимди сатпай калдым го. Негизи, кайындарымдын алдында казакча сүйлөйм, себеби алар менин үй-бүлөм. Мындай ишим менен аларды сыйлаганымды билдирем. Кээде биздин айрым сөздөр казакча уят сөз болуп калат. Ошондо өзүмдү көзөмөлдөп турам. Мага караганда Талгат кыргызчаны көп аралаштырып сүйлөйт. Жаралгандан сүйлөгөн тилимди кантип бурайын? Кыргызча ырдайм, сүйлөйм, баары жайында эле (күлүп).
– Күздө көп кишилер депрессияга кабылат экен. Сизге да мезгил алмашуу таасирин тийгизеби?
– Чынын айтайын, күз мезгилин такыр жактырбайм. Бирок ушул тапта болуп жаткан фотосессия, жаратылыштын кучагында берип жаткан интервьюм күзгө болгон жек көрүүмдү жокко чыгарууда. Бул мезгилдин сулуулугуна суктанып жатам. Өзүм жазды жактырам. Жаңы ачылган бүчүр менен жаңы ырлар, жаңы ойлор пайда болот.
– Кыштын камын көрүп, салат-кыям даярдап жетиштиңизби?
– Айтасың да, эрте эле камданып баштагам. Быйыл мен Алматыда, Бишкекте салат жаптым. Көбүнчөсүн бул жактан даярдап, Алматыга эринбей жеткирип келдим. Апам ачуу салаттарды сүйүп жейт, ошондуктан ачуусунан көбүрөөк жасадым.
– Байкашыбызча, эне болгондон кийин биз билген эркек мүнөз Кенже Дүйшеева жумшара түшкөндөй...
– Адамдын жаралгандагы мүнөзү баары бир кала берет тура. Мен дагы деле жалган сүйлөгөн, убакытка так эмес адамдарды жек көрөм. Бирок эне болгондон кийин жан дүйнө баалуулуктарың өзгөрөт экен. Томириска жарыкка келип, мүнөзүм аябай жумшарды. Бирөө жакшы сөз айтса, жагымдуу ыр уксам деле элжиреп, эзилип кетчү болуп калдым. Ойлонсом, мен буга чейин ушунчалык кыйын турмушту кечирип жүргөн экем. Азыр мага жашоонун такыр башка, жаңы эшиги ачылды. Жашыраак кезде «карьера мени бактылуу кылат» деп жаңылышыптырмын. Ырчылыктын ысыгына күйүп, суугуна тоңдум, ушул деңгээлге жеттим. Бирок азыр танда десе, ойлонбой туруп үй-бүлөмдү тандап кетмекмин.
– Кызыңыз апакелеген сайын өзүңүздүн да апаңызды эстесеңиз керек?
– Туура айтасың, апамдын кадырын эми билип отурам. Дүйнөдө эч кимге ата-энесинен эрте айрылууну каалабайм. Апам пейили кенен, оор басырыктуу, «балапаным», «айланайын», «кагылайын» деген сөздөрү оозунан түшпөгөн жан эле. Кыз бала турмушка чыгарда ата-эненин орду бир топ эле билинип калат экен. Башка деген баары бир башка. Тилегеним, өзгөчө кызды үйүнөн өз ата-энеси узатса, себеби башкалар «пайдаланып калайын, бир нерсесин жеп калайын» деген менен убара болушат. Бул нерсени өзүм да башымдан өткөрдүм.
– Эки өлкөнүн жарандарынан түзүлгөн кичи мамлекетте кимдин мыйзамы иштейт?
– Атам айтчу, «аял киши башкарган үй-бүлөдөн кут качат» деп. Ошондуктан үйдө жолдошумдун айтканы айткан. Бирок ушул кезге чейин менин кылган жумушумдан кынтык таба элек. Анан «аткарган жумушуң дайыма көңүлгө толот, сенден ката таба албайм» деп көңүлүмдү көтөрөт. Бул мен үчүн жогорку даражадагы баа. Дайыма шайыр жүрөм, жумуштан чарчап келсе, жакшы көргөн тамагын жасай коюп, тамашалап отуруп маанайын көтөрүп турам. Себеби үйүбүздө дайыма тынчтык өкүм сүрүшүн каалайм. Анын баары аялзатынын колунда. Үйдө аялдын маанайы чөксө, уруш да чыгат. Андыктан бакытымдын даамын таттуу кылуу үчүн болгон күчүмдү жумшайм. Үй жумушуна да, ырчылыкка да, «Жебе» тобун башкарганга да жетишүүгө аракеттенем.
«ЖЕБЕ» ТУУРАЛУУ
– Кыздар менен канча жыл иштедим, чындыгында, кыйын эле. Кудай сакта, эгерде бир башкарманын кызы туш келип калса, баарын баш аламан кылат. Кыздардын артынан сөз жүрүп, топтун кадыры кетет дегендей. Бирок түз, таза жүргөндөргө сөз эч качан жабышпайт. Мына, Айжамал (Кабылова), Гүлнара (Калдарова) үчөөбүз эже-сиңдидей качантан бери иштешип келатабыз. Бир сөз ээрчибеди го. Ошондуктан аялзатына негизги орунда жүрүм-турум болуш керек. Азыр деле көпчүлүк айтат, «кыздардын тобун ачпайсызбы» деп, а мен кыздар менен иштешкенден эчак чарчап бүткөм.
Ал эми аларга салыштырмалуу балдар менен иштешүү оңой, жигиттер алдабайт. Башында топко тандоо жүргөндө алардын ата-энелерине аябай көңүл бургам. Пайдубал кандай тургузулса, адамдын акыл-эси, аң-сезими да ошондой болот эмеспи.
Кээде топтогу жигиттерди көп мактап коюп көз тийип калабы деп чочулайм. Ошондуктан түзүлгөн келишимде эмнелер бар экенин да сыртка чыгарбаймын. «Жебенин» жигиттери менин бир тууган инилеримдей эле болуп калышты. Бирге отуруп калганда сөзүбүз 4-5 саатка узарып, бардык жумушубуз унутулат. Айрым ата-энесине айтпаган сырлары менен бөлүшүп, кеңеш сурап турушат. Кыздардын жазган каттарын, тийишкен селкилерди айтышканда каткырып эле калабыз.
Нуркыз Курманбек кызы
Адилет Бектуров
(Айрым сүрөттөр Кенже Дүйшееванын өздүк архивинен алынды)
star@super.kg