«ЦЕНТЕРРАГА» ДЕПУТАТТАР МЕНЕН ӨКМӨТ ДАГЫ 2 АЙ ТАРТУУЛАДЫ

Жогорку Кеңеш «Кумтөр» боюнча өкмөт алып келген меморандумду колдогон жок. 23-октябрдагы жыйын парламент токтомун талкууга алуу менен башталды. Токтомдо «Кумтөр» боюнча премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев сунуштаган меморандумдун шарттарын жетишсиз деп таап, «Центерра» менен кайрадан сүйлөшүүгө өкмөткө 2 ай убакыт берүү, кыргыз тараптын үлүшүн 67 пайызга жеткирүүгө милдеттендирүү, эгер канадалык тарап менен тил табыша албай калса, мурдагы келишимдерди жокко чыгарууну карап чыгуу милдети жүктөлөт» деген шарттар бар эле.

88 МИЛЛИОН СОМ ШАМАЛГА САПЫРЫЛДЫ
Депутаттар чү дегенде эле учурдагы өкмөттү кайрадан сүйлөшүүгө жөнөтүүдөн пайда жок экенин айтып чыгышты. Жогорку Кеңештин токтомундагы «өкмөт сунуштаган меморандумдун шарттарын жетишсиз деп табуу» пункту кызуу талаш жаратты. Көпчүлүк депутаттар жетишсиз дебей, биротоло жарабайт деп таап, четке кагууну сунушташты. Эл өкүлү Бөдөш Мамырова: «Эгер меморандумду жетишсиз деп таап, добуш берсек, анда өкмөт жетиштүү кылыш үчүн ушул эле меморандумга таянып «Центерра» менен сүйлөшүп, ушуга окшогон дагы бир документин көтөрүп келет. Жыйынтык чыкпайт. Биз эмнеге өкмөттү «дагы сүйлөшүп, үлүшүбүздү 67 пайызга жеткир» деп мажбурлап жатабыз? Өкмөт башчы «мага канча убакыт берсеңер да колумдан эч нерсе келбейт. Сүйлөшсө сүйлөшүп, «Центеррага» дагы бир жолу чөгөлөп көрөйүн» деп жатат»,- деди.
Депутат Эркин Алымбеков «Кумтөр» боюнча «Центерра» менен сүйлөшүүдө кыргыздын кызыкчылыгына каршы келген аракеттерди жасаганы үчүн өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевге кылмыш ишин козгоону башкы прокурор Аида Саляновага сунуштады. «Өкмөт башчы кыргыздын кызыкчылыгын коргогондун ордуна кайырчыдай болуп Ян Аткинсондун («Центерра Голд» компаниясынын президенти) артынан чуркап жүрөт»,- дейт Алымбеков. Сатыбалдиев баш прокурорго кайрылып, күнөөсү болсо жоопкерчилик тартуудан качпай турганын айтты. Добуш берүүдө өкмөт сунуштаган меморандум четке кагылды. Ошентип, өкмөттүн жарым жылдан берки сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы жокко чыкты. «Кыргызалтын» ишканасынын жетекчиси Дилгер Жапаровдун айтымында, «Өкмөт–»Центерра» сүйлөшүүсүнө
88 миллион сом жумшалыптыр. Демек, бул акча да шамалга сапырылды деп жыйынтык чыгарса болот.

67 ПАЙЫЗ
Жантөрө Сатыбалдиев «Кумтөр» боюнча сүйлөшүү үчүн 6 ай мөөнөт сурады. Депутат Өмүрбек Текебаев өкмөттү «Кумтөр» боюнча кайрадан сүйлөшүүгө жөнөтүп, бирок жонуна конкреттүү талаптарды жүктөп берүү керек деген ойдо. «Кайрадан сүйлөшүүгө барарда өкмөткө «үлүштү 67 пайызга жеткиришиң керек» деген талап коюшубуз зарыл. 67 пайыз деген чекти токтомдон алып салууга болбойт, бул элдин да талабы»,- деди. Бирок 67 пайыз деп чек коюу туура эмес деген пикирди колдоп, кокус өкмөт 66 пайызга жетишип келсе, анда «ишиң жарабады» деп эсептөө туура эмес экенин айткандар чыкты. Жыйынтыгында эки сунуш тең добушка коюлуп, өтпөй калды. Бирок айрым депутаттар үлүштүн 67 пайыз болушуна адашып каршы добуш берип алганын билдиришип, токтомдун бул пункту кайрадан добушка коюлуп, акыры колдоо тапты.

ТУРСУНБАЙ БАКИР УУЛУ ЗАЛДЫ «ЖАРДЫ»
Бири-бирине сөөмөй кезешип, микрофону өчүрүлсө да кыйкыра сүйлөшүп нерви чыңалып турган депутаттардын маанайын Турсунбай Бакир уулу көтөрдү. Депутат «Кумтөрдөгү» кыргыз тараптын үлүшүн кайрадан 67 пайызга жеткирүү аракетин кызга салыштырды. «Медицина өнүгүп, азыр кыздар булганган абийирин жаап, тойдо кайрадан «кыз» болуп чыгышууда. Биз «Кумтөр» боюнча кайра баштагы келишимге кайтып 67 пайыз кылабыз дегенибиз туура эмес. Өкмөткө мындай талапты жүктөөнү жогорудагы мисалга гана салыштырууга болот»,- деди Бакир уулу. Бул сөз айтылган учурда өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев залда бирөө менен сүйлөшүп жаткан. Айрым депутаттар Бакир уулунун айткан сөзүн кайрадан кайталап коюуну суранышты. Буга макул болгон Бакир уулу айткан сөзүн кайталап баштаганда, залда отурган депутаттардын көпчүлүгү күлүп жиберишти.

«ЖИГИТЧЕ ОТСТАВКАГА КЕТИП КАЛЫҢЫЗ...»
Кызыктын баары парламент токтомунун 2-пунктунун 5-бөлүгүнө келгенде башталды. Анда «Өз ара алгылыктуу варианттарга жетишүү мүмкүнчүлүгү болбогон учурда өкмөт «Кумтөр» боюнча буга чейинки бардык макулдашуулардан 2013-жылдын 23-декабрына карата чыгууну демилгелесин» деген пункт бар. «Ата Журт» фракциясы «Центерра» менен сүйлөшүүгө жөнөтүүдө өкмөткө «Кумтөр» боюнча келишимдерден бир тараптуу чыгуу талабын коюп берүүнү демилгеледи. Ахматбек Келдибеков өкмөт башчыга: «Сиз «Кумтөр» боюнча сүйлөшүүнү улантканыңыз менен, эч качан үлүшүбүздү 67 пайыз кыла албайсыз. Анткени азыр колу-бутуңуз байлануу. Жигитче отставкага кетип калыңыз же укугуңузду пайдаланып парламентти таратуу демилгесин көтөрүңүз»,- деди. Ал: «Кумтөр» боюнча бардык келишимдерден бир тараптуу чыгууну демилгелөөнү өкмөткө жүктөмөйүнчө, күрөк-кетмени жок өкмөт эч качан ийгилик жарата албайт»,- деген пикирин билдирди. Демилге добушка коюлуп, колдоо тапты. Ага ылайык, өкмөткө «Кумтөр» боюнча Кыргызстандын контролдук пакет акциясы боюнча ыңгайлуу вариантка жетишилбеген учурда «Кумтөр» боюнча бардык келишимдерден бир тараптуу чыгуу процедурасын демилгелөө милдети жүктөлдү. Бул боюнча сүйлөшүү жүргүзүү үчүн өкмөткө 2013-жылдын 23-декабрына чейин убакыт берилди.

ОШЕНТИП...
Өкмөткө «Кумтөр» боюнча сүйлөшүү жүргүзүү үчүн 2 ай убакыт берилип, ишканадагы кыргыз тараптын үлүшүн 67 пайызга жеткирүү милдети жүктөлдү. Токтомдо өкмөт менен Башкы прокуратурага мындан башка да бир нече талаптар тапшырылды.
Өкмөт башчы Жогорку Кеңештин тапшырмасын аткара албайм деди, бирок 6 ай мөөнөт сурады. Депутаттар «аткара албайбыз» деген жоопту далай ирет укканына карабай 2 ай мөөнөт берип, өкмөттү кайрадан сүйлөшүүгө жиберди. Ишеним артылып, кайрадан сүйлөшүүгө бара жаткан өкмөт башчынын «баары бир 67 пайыз кыла албайм» деген сөзүн эске алсак, анда кыргыз тарап «Кумтөр» боюнча бардык келишимдерден бир тараптуу чыгууну көздөй бара жаткандай. Демек, «Центерра» дагы 2 айлык убакыт утту. Бул аралыкта көп иштер, өзгөрүүлөр болуп кетиши мүмкүн.

Эльвира Караева,
Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
aizish
2013-10-29 11:44:10
тубун ортонгурлор ортонуп эле кетсенер эмне
0
Beka90
2013-10-29 12:26:33
2012 жылдан бери Кумтор проблемасы болуп келет! Ошол убакытан бери мына дагы экки ай деп чыгышты! Ал убактарда Кумтордогу алтын дагыда казылып келет! Жанторо колундан келбегенден кийин мурдунду бул ишке сукпачы! Бул жумушунду кыздын кыздык белгисине тенедиго дагы кандай соз угуну каалап журосун!
0
aykyz
2013-10-31 22:37:06
депутаттардын оздорун алып келип суйлош деп коюшса жакшы болот жле тамтандатып ар нерсени суйлотпой.
0
muxammet
2013-11-02 00:29:33
эКИ АЙДА кАнча алтынды алып чыгып кетет ойлондунарбы?
0
№ 573, 25-октябрь-31-октябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан