АЙТТЫ ДА КОЙДУ...
Жантөрө Сатыбалдиев, КРнын премьер-министри:
«Эгер менин кетишим менен эле «Кумтөрдөгү» үлүш 67 пайыз болуп кетсе, анда башка кеп. «Кумтөр» боюнча кыргыз тараптын үлүшүн 67 пайызга жеткирүү бул – реалдуу талап эмес. Бардык нерсенин чеги болот да. Ар нерсени айта бербей, «жолдош Сатыбалдиев, кетиңиз» деп ачык эле айтканыңар жакшы».
Исмаил Исаков, ЖКнын КСДП фракциясынын депутаты:
«Премьер бизге «кет деп айткыла» деп жатат. Буга чейин мен бир нече жолу премьер-министрге айткам «кетип кал» деп, сизге дагы ким айтышы керек?!»
Эркин Алымбеков, ЖКнын "Ата Мекен" фракциясынын депутаты:
«Ооба, азыркы өкмөттү көпчүлүк коалиция түзгөн. Бирок «Кумтөр» боюнча татыктуу иштей албаган өкмөттү биз башынан сыламак белек? «Моюнунан байланган ит ууга жарабайт» деген макал бар, кыргыздын кызыкчылыгын коргой албаган премьер-министр отставкага кетсин».
Мыктыбек Абдылдаев, ЖКнын "Ата Журт" фракциясынын депутаты:
«Урматтуу төрага, сиз мага кийлигишпей, тамадалык ишиңизди алып бара бериңиз». (ред. Асылбек Жээнбеков тамада эмес, төрага экенин эскертти)
Улукбек Кочкоров, ЖКнын "Ата Журт" фракциясынын депутаты:
«Биз неге мажбурлайбыз, өкмөт башчы «эч нерсе кыла албайм» деп жатат. Бул өкмөт башчы болбой калды, кетсин да, «Кумтөр» маселесине башы жеткен башка бирөө келсин».
Эльвира Караева,
Автандил Добулбеков
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (20)
Кеткиси келбей жатса керек го. Иштей албаса иштеген кишиге беришсе кана?
Башка бироо келсе эле жыргатат
baxa1980, сен качан к...н менен кулгондо ак уй жерге кирет президент баш болуп калдары тош болуп .. так что эртерээк кул к...н менен.)))))
исмаил исаков жанторону жайлап суйунуп калганго..ехх окмот башчылар катындарча айтышып атса кайдан чечилмек ошол кумтор маселеси
Ушундай биздин саясатчылар тууралуу окугумда коргумда келбей калды.Саясатчылар тууралуу уруш талаш эн коп бизде болсо керек.
комеди клаб ерунда биздин ЖКнын жанында
эптеп жан багып соруп элди журушотда оз кызыкчылык артында маселени чече беле ушулар
bawka kelse ele kyratyp jibere turgansyp bul biiliktegiler eldi emes oz 4ontogun oilowot ka4an onolmok ele
67%которуш реалдуу эмес болсо,колунан келбейт экенда!67% аркасында улутташтыруу жатат,ошону могу пример тушунгон да жок.ошол талап менен барып барып(реалдуу эмес)мамлекет озуно откоруп алат!план ушундай болуп жатканы корунуп турбайбы,ошол элементарный нерсени сатыбалдыев тушунбой жатканы менин жанымды кейитетда.улутташтырууну мен 100000000000000000%колдойм!
«Премьер бизге «кет деп айткыла» деп жатат.
дагы канча киши айтышы керек?
намыс деген каякта?
кызык, могу кет деп жаткан депутаттарга не пайда?
же не эл учун деп калыштыбы :-))))))
Эээх атка минерлер бир ынтымакка келгилечи ансызда элди 120 га болуп салдынар. Жадаттынаргоо элди
Бирин олуп бирин кал.Биздин мамлекет Маугли мультфилимин элестет мага,Шерхан менен шакал Акелланы тактыдан тушуробуз деп кыйла аракет кылышат.Бирок бизде кимиси Шакал,кимиси Шерхан???Мауглиден кабар жок:-)
Бирин олуп бирин кал.бири биринерди колдобой акыры КРны таштап ка4ып кетесинер акмактар
сатыбалдиевди мен мурдатан билип журом кандай адам экенин,саясаттын куу,ак кара да жагына ойноп келген киши