23-октябрда президент АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВдин катышуусу менен «Ак илбирстин тукумун коргоо» боюнча бүткүл дүйнөлүк форум Бишкекте болуп өттү. Кызыл китепке кирген бул айбанаттын саны 1990-жылдардын башында кыргыз тоолорунда 600гө жетсе, бүгүнкү күндө 300 гана санда калган.
Бишкек шаарынын мэри ИСА ӨМҮРКУЛОВдун айтымында, борбордун Свердлов районунда эки көпүрөнүн курулушу пландалууда.
Өлкөдө кош бойлуулук, төрөт жана жерге берүү боюнча жөлөкпул алуучулардын саны жылдын башынан бери 25 МИҢге жакын кишини түздү. Аларга баш-аягы 183,5 миллион сом которулган.
Кыргызстан менен Өзбекстанда миңдеген койлорду кырган чечекке каршы контрафакттык вакцинаны саткандыгы үчүн Өзбекстандын 20 жараны Өзбекстанда 3төн 13 ЖЫЛГА чейин түрмөгө кесилди.
Опузалоо боюнча айыптуу деп табылып, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан 5,5 жылга эркинен ажыратылган КАМЧЫ КӨЛБАЕВ шаардык сотко апелляциялык арызы менен кайрылды.
МЕЛИС ЭШИМКАНОВ атындагы коомдук фонд 2013-жылдын «Жылдын мыкты журналисти» наамына сынак жарыялайт, ага ар бир журналист же студент-журналист 3 материалы менен катыша алат.
Ысык-Көл облусунда «ХАН-ТЕҢИР» улуттук паркын түзүү боюнча долбоор ишке киргизилүүдө, ал Сары-Чат-Ээр-Таш коругунун жанында жайгашмакчы.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Shekerbek
2013-11-14 09:40:46
«Ак илбирстин тукумун коргоо» боюнча бүткүл дүйнөлүк форумга Брэд Питт келбедиби?
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.