Кыргызстандын мурунку акыйкатчысы Турсунбек Акун «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевди бошотуу үчүн 100 миң доллар алганын «МК Азия» гезити жазып чыкты.«Мыйзамдагы уурунун» карындаштары Яха Батукаева жана Хава Хамидованын айтымында, укук коргоочу аларга жардам бермекчи болуп, акча талап кылган. 2012-жылдын март айында Хава Хамидованын күйөөсү Адам Хамидов Турсунбек Акунга жеке өзүнө 100 миң доллар берип, тил кат жаздырып алган. Алган акчасына Турсунбек Акун үй сала баштап, Батукаевди бошотуу боюнча эч кандай чара көргөн эмес.
Турсунбек Акунга байланышсак, ал: «Биринчиден, Хава Хамидованы мен билбейм. Бир тыйынын да алган эмесмин. Бул атайын кызматкерлердин мени каралоо үчүн жасаган иши. Батукаевди бошотуу үчүн менде бардык укуктун болушу мүмкүн эмес экенин баары түшүнүп турат. Мен адилеттүүлүк үчүн күрөшүп, Батукаевдин бошотулуусуна катыштыгы бар чиновниктердин кызматтан бошотулуусун талап кылууну улантам. Тыйыным жок болуп жатат, тыйын болгондо тийиштүү чараларды көрөм»,- деди.
Эльвира Караева,
Автандил Добулбеков