Коргоо, коопсуздук жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер Токон Мамытов 21-24-октябрь күндөрү Жалал-Абад облусунун Чаткал, Ала-Бука, Аксы райондоруна иш сапары менен барып келди. Андагы орчундуу маселелердин бири Касан-Сай суу сактагычын Кыргызстанга кайтаруу болду.
Ала-Бука районунун Өрүктү айылынын тургуну, 84 жаштагы карыя Көчкөнбай Абдылдабеков 1939-жылы Өзбекстан суу сактагыч куруу үчүн Кыргызстандын 1 миң гектарга жакын жерин алып, ушул күнгө чейин эч кандай ижара акысын төлөбөй жатканын вице-премьерге айтты. «СССР кезинде суу сактагыч курабыз деп бир айылдын элин башка жерге которуп, анын ордуна Өзбекстан 1 миң гектар жер бермек болгон. Бирок ал сөз аткарылган жок»,- деди карыя. Бул маалыматты Ала-Бука районунун акими Алымкул Кулуев да ырастады. Өрүктүнүн айыл башчысы Шамырбек Абдылдабеков учурда айылда 1 миң түтүн жер тилке алууга кезекте турганын кошумчалады.
Ала-Бука районунун мамкаттоо кызматынын башчысы Абдулат Мырзаевдин айтымында, Кыргызстандын аймагында жайгашкан Касан-Сай суу сактагычы 850 гектар жерди ээлейт, анын ичинен Өзбекстан 190 гектарын гана компенсациялап берген. «Суу сактагычтын аймагында коңшу өлкөнүн 300гө жакын жараны отурукташып, биздин аймактын мыйзамын сактабай келишет. Ушул күнгө дейре Наманган облусунун тургундары, дегеле өзбек тарап «суу сактагычтын аймагы биздин жер» деп келишет. Документтер боюнча, ал Кыргызстанга тиешелүү болгонуна карабастан, бул аймак өзбек чек арачылары тарабынан коргоого алынган. Суу сактагычты бир гана өзбек тарап пайдаланат, бирок эч кандай ижара акы менен жер салыгын төлөбөйт»,- деди А.Мырзаев. Өз кезегинде Токон Мамытов бул маселени парламентке, өкмөткө жеткирүүнү убада кылды.
Ошондой эле Өзбекстан август айынан бери чек ара өтмөктөрүндөгү чектөөнү ала элек. Коңшу тарап Эгемендүүлүк күнүнө карата Кыргызстан менен чектешкен 15 чек ара өтмөгүнө чектөө киргизген болчу. Учурда Кыргызстан менен Өзбекстан жарандары тууган-жакындарынын жакшылык, жамандыктарына атайын телеграмманын жардамы менен гана өтө алышат. Азыркы тапта 2 гана автоөтмөк ачык. Алар Баткендин Кадамжайы менен Жалал-Абаддын Достук өтмөгү.
Гүлмайрам Сабырбекова
koom@super.kg