Садык Шер-Нияз:«АГАМ БОЛОТ ШЕР САЯСАТТЫ, МЕН МАДАНИЯТТЫ СҮЙЛӨП, ТАРТЫШЫП КЕТЕБИЗ»

Маданий мурас дегенде жанын садага чапканга даяр, Ак үй, Көк үйдү карап отурбаган, «мен муну кылат элем» деп жар салып жулунбаган адамдар аз болсо да арабызда бар. Төкмөлүк өнөрдү сактап калуу үчүн «Айтыш» коомдук фондун түптөгөн Садык Шер-Нияз учурда Курманжан датканын баскан жолун тасмага айлантып жатат. Өзү тууралуу Садык мырза кенен кеп салып берди.

«БАЛА КЕЗДЕ ОЙЛОНУП КӨП ЖҮРЧҮ ЭКЕМ»
Кээде шаардын ызы-чуусунан, жумуштун көптүгүнөн чарчап, көр тириликтин көйгөйүнөн алысташ үчүн айылга барып буудай эгип, мал баккың келет. Ал эми Садык мырза мындай адаттардан алыс.

– Чарчаганда же ишиң кыйчалыштаганда айылга кеткиң келет деп айткандарды угуп калам. Бирок бир да адамдын мындай кадамга барганын көрө элекмин. Чарчаганда балык уулап, аңчылыкка чыгып, тоого барып эс албайм. Мындайда эс алмак тургай бутумду тарта албай чарчап келем. Мен акылдуу, көптү билген, ою бийик адамдар менен маектешип эс алам.
Балалыгыма токтолсом, 1969-жылы туулгам. Кичи мекеним Талас болгону менен, Лейлек, Баткенде көп жүрдүм. Атам мал доктур эле, андыктан өкмөт жөнөткөн жактарда иштөөгө туура келчү. Кол арага жарап калганда Лейлектен Таласка чоң апама караан бол деп жөнөтүшкөн.
Кичинемде ойлонуп көп жүрчү окшойм. Тарых мугалими «Садыкты качан көрбө, ойлонуп отурат» дечү. «А» класс менен «Б» класс мушташкан учур көп болду. Мен «Б» класста элем, «А» класстагылар менен мушташайын десем, жалаң кошуналарым. Эртеңки күнү алар менен бет карашып, чогуу ойношум керек да, ошол себептен мушташканда эч кимисине кошула алчу эмесмин. Ошондуктанбы, бала кездеги эрдиктеримди эч эстей албайм. Муну келинчегиме айтып койсом, «сен коркок болуптурсуң» деп күлүп калат. Окуу туурасында айтсам, математика, физика, тарых сабактарын жакшы көрчүмүн жана жакшы окудум.
Болот байкем (ЖКнын депутаты Болот Шер) менден он жаш улуу. Ошол агамды тентек эле десем жарашат. Ал Москвада окуп жүрүп аскерге кетти. Ал жактан десанттык бөлүктө кызмат өтөгөн. Болот байкем аскерден үйгө келгенден кийин айылдагы балдар бош бөтөлкө көтөрүп келишчү. Агам аны колу менен уруп талкалайт. Алгач атамдын тооккана салам деген кыштарын сындырчу. Атам «кирпичтин баарын жок кылдың, башкага өт» дегенде бөтөлкөгө өткөн.

ШИРЕТҮҮЧҮЛҮКТӨН РЕЖИССЁРЛУККА...
Садык мырза үч кесиптин ээси. Арасында өзү каалап да, каалабай да окуганы бар.

– 14 жашымда Болот байкемдин колуна Бишкекке келип студент болдум. Мен ширетүүчү эмне экенин деле билбейм. Агам Машина куруу техникумунун ширетүүчү бөлүмүнө тапшыртып койду. «Ширетүүнүн түрлөрү көп, космосто да ширетүү бар» деген сөзүнө эрип, окуп калыптырмын. Өзүмө жагабы, жакпайбы, аны ойлонбоптурмун. Байкем мени катуу кармады. Окуу жайга келип, мугалимдерден кандай окуп жатканымды сурап турчу.
Бир жылдан кийин байкемдикинен башка батирге кетүүгө туура келди. Анткени жеңем төрөп калды. Бала багуучу кылып мени да тарта башташканынан качканга аргасыз болдум (күлүп).
Батирге чыкканы тентек болуп, окууга да барбай баштадым. Мугалимдер атама «балаңыз ушинтип сабактан кала берсе, техникумду бүтпөй калышы мүмкүн» деп кат жазышыптыр. Атам Бокеме катуу айтат, ал мени үч күн дегенде таап, кайра колуна алган. Антсе да өзүм каалабай окуган техникумдун билими бүгүнкүгө чейин жашоомо көбүрөөк пайдасын тийгизип келет.
Анан Германияда аскердик кызматты өтөдүм. Мекениме келип, Бокемдин бизнесине кол кабыш кылдым. КУУнун укук таануу факультетине тапшырдым. Аны бүткөндөн кийин көптөн берки көксөп жүргөн Москвадагы сценаристтер жана режиссёрлордун жогорку курсун аяктап келдим.
Балдарга ким көбүрөөк тарбия берсе, балдар да ошого жакын болуп калат экен. Москвага окууга кеткенде үйдөгү бийлик аялыма өтүп кетчү. Алдоо, коркутуу, пиар жолу менен бийликти кайтарып алганча мөөнөтүм аяктап, кайра Москвага кетүүгө туура келип калчу.


«Москвага окууга кеткенде үйдөгү бийлик аялыма өтүп кетчү».

ТАЯНАР ТООҢ – БИР ТУУГАНЫҢ, ЖАН ШЕРИГИҢ...
«Аял жакшы – эр жакшы» деген мыкты сөз бар. «Садык Шер-Нияздын өмүрлөшү ким болду экен, бир туугандарычы?» деп кызыккандарга да жооп бар.

– Биз 8 бир тууганбыз. Улуу эки агам өтүп кетишти. Азыр төрт эркек, эки кызбыз. Бокемден баарыбыз ыйбаа кылып турабыз. Ал киши канчалык катуу айтпасын, мен чыгармачыл адам болгондуктан, анын сөзүн дайыма тамашага айландырып, күлдүрүүгө аракет кылам. Жаш өткөн сайын чындап сыйлоону да үйрөнүп калат экенсиң. Ал саясатты, мен маданиятты сүйлөп баштаганда бири-бирибизге көп жакпай калабыз. Теманы туура эмес тандап алган учурларыбыз көп эле болот.
Өмүрлөшүм менен 18 жылдан бери турмуштун ачуу-таттуусун бир татып, балдарга тарбия берип келебиз. Жубайымдын аты – Мунара. Кесиби – врач. Мектепти, институтту артыкчылык менен бүткөн, бирок биринчи планга менин ишимди, балдарды тарбиялоону коюп, учурда бизге таяныч болуп, үй-бүлө түйшүгүн тартууда. Эгер өзүнүн карьерасын алдыңкы планга чыгарганда мен мынчалык ийгиликти жарата алат белем, ким билет.

«АЯЛДАР МЕНЕН ИШТЕШҮҮ ООР»
Каарманыбыз төкмөлүк өнөрдү сактап калуу, өнүктүрүү максатында «Айтыш» коомдук фондун түзгөн. Жоголуп бараткан өнөрүбүзгө жан кирип, төкмө болом деген жаштар четинен иргелип чыккан. Садык агабыз учурда «Курманжан датка» тасмасына режиссёрлук кылып, аяктоо алдында турат.

– «Айтыш» фондун түзүүдөгү түпкү максатыбыз улутубуздун байлыгы болгон айтыш өнөрүн сактап калуу болчу. Мындай өнөр түрк тилдүү эле эмес, армян, француз элдеринде да болгон экен. Мезгилдин өтүшү менен алар төкмөлүктү жоготуп алышкан. Биздин да бул өнөр ушундай абалда калып, жок болуп кетпесе экен деп далалат кылып келебиз.
Биз чынында өкмөт жазай элек иштерди аткарганга аракет кылып жатабыз. Мисалы “Манас” кино театрын оӊдоп-түзөдүк. Көрөрмандын отурган жери канчалык жайлуу болсо кайра-кайра келгиси келет да, туурабы. Кинотеатрда эмес сыртта жүрсө балким ал адам жагымсыз иштерге кабылмак (уурулук, мушташ, жол кырсыгы). Коомчулуктун мындай иштерден алыс болуп, жакшы нерсе менен алектенүүсүнө салым кошуп келебиз десек жаӊылышпайм.
«Курманжан датка» фильмин тартууда кыйынчылыктар көп болду. Мен талабы катаал режиссёрлорго кирем. Жардамчым, операторлор, 2-режиссёр шайма-шай иштеш керек. Мисалы, 100 атчанды, 200-300 кишини чакырып койсок, бир күнгө
500 000 сом төлөп жатсак, анан максатыбызга жетпей калсак болмок беле. Ошондой эле илгеркидей кийим, орун табыш керек. Бул жаатта атайын кызматкерлер бар, алар өздөрүнө сөз тийгизбей иштеп жатышат. Мага аялдар менен иштөө кыйын. Катуу айтып көңүлүн сындырып аламбы, тил табыша албай каламбы деп тартынам. Ачуум чукул. Өзүмдү тарбиялоого аракет кылып келе жатам.


«Курманжан датка» тасмасын тартуу учурунда.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
Aza1992
2013-10-28 17:11:12
Абдан баалайм кылган иштерин. Айтыш коому эле канчалык мактоого татыйт. Ал эми кылган иштеринизди эл таразалап, убакыт откондо озгочо наркына жетет деп ишенем.
+1
Debi
2013-10-28 18:34:20
Ушундай болсооо деп отура бербей, биз да катарын толуктайлы, ушундай адамдардын
0
tolik
2013-10-28 21:05:51
Кылган эмгектеринизге Аллах раазы болсун! Ал улут учун кылган эмгектериниз Улуу элдин урпактарында алтын тамгалар менен жазылып калаары созсуз!
Анан дагы тартып жаткан Курманжан Датка фильмин мыкты сапатта кутобуз. Иштериниздерге ийгилик!
0
mir1979
2013-10-30 10:51:53
Оскарды алатурган кылып тарткылачы
0
acer11
2013-10-30 15:50:44
mir1979,Оскарга али коп бар
0
kuyorman
2013-10-30 18:26:14
acer11, Жакшы тилек жарым ырыс деген кеп бар элибизде. Анын сынарындай Оскарды алышынызга тилектешпиз.
0
tilek-x
2013-10-31 13:39:53
Ийгилик сизге!
0
nurel50
2013-11-01 11:50:52
Агасына караганда коп пайдасы тийдиго
0
sezim1111
2013-11-01 23:19:13
Ташка тамга баскандай из калтырыныз чын журоктон тилектешмин.
0
nurik838383
2013-12-15 15:49:40
азаматсыз, башка адам болгондо байкесин ээрчип саясатка кирип кетмек сасып
0
№ 573, 25-октябрь-31-октябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан