«Ак-Өргө city» командасынын оюнчусу Эмил Эсеналиев көптөн бери көздөгөн максатына жетип Mazda Xedos 9 үлгүсүндөгү унаа алганын кабарлады. Сүйүнүчү коюнуна батпаган Эмилдин, көрсө, бул алгачкы темир тулпары экен. «Баарынан да Самат (Эркинбеков) сүйүнүп жатат. Өзүнүн жумушун таштап, менин ишимди бүтүрүп, айткан жериме алып бара берип чарчаган эле. Мына, унаа болсо бар, эми көңүлүмө жаккан кызды таап, ак жоолукту салып алдына отургузуп алсам болду»,- дейт Эмил.
Ошондой эле көптөн бери такси кызматына көз каранды болуп жүргөн ырчы Нурмат Садыров да унаалуу ырчылардын катарына кошулду. Ырчы жигиттин буга чейинки машинасы жайында жол кырсыгына кабылганда жарактан чыккан эле. Кантсе да күз, тойлор толуп турган убакта жоготконунун ордун толуктап, кайрадан Nissan Cefiro үлгүсүндөгү унаанын рулуна отурду.