Кыргыздын атактуу скрипкачысы Аслан Исабаевдин АКШда жашап жатканына 5 жылдын жүзү болгон. Ал жакта чыгармачылык менен жумушту бирге алып жүргөн Аслан мырза учурда музыкасы Нурак Абдырахмановго таандык «Мезгил жаңырыгы» аттуу чыгармага клип тартты. Тартылуу иштери АКШнын Аризона, Калифорния, Невада штаттарында өткөн. Сценарий боюнча, клип чакан тасма сыяктуу, бир мырзанын өз мекенинде туруп кыялы менен дүйнөнү кыдырганы баяндалат. Клиптин бюджетине 23 миң долларга жакын каражат сарпталарын жана ноябрь айларында жарыкка чыгарын «Макал Арт» чыгармачылык бирикмеси билдирди.