«Көк салкын» тасмасы аркылуу таанылган актриса Кымбат Асизова менен жолдошу клипмейкер Эрнист Сыдыковдун баш кошконуна бир жарым жыл болду. Ал аралыкта эки жаш Замир аттуу уулдуу болуп, ата-эне статусун алышкан. Кичинекейине шерик болсун дешкенби, айтор, түгөйлөр экинчи наристесин күтүп жатышканын сүйүнчүлөштү. «Азыр Кымбат кош бойлуу, буюрса, экинчибиз да уул болот деп күтүүдөбүз»,- дейт Эрнист. Кымбаттын аман-эсен көз жарып алышына тилектешпиз.