Кыргыз шоу-бизнесинде казак туугандарга ыр бербеген ырчы калбады окшойт. Эми кезек ырчы Жоодарбешимге келген көрүнөт. Продюсери Каниет Жыргалбековдун айтымында, ырчы мырзанын «Өкүнбө», «Жубайым болчу» аттуу ырларына казактардын «Меломен» тобу кызыгып, өздөрүнө көчүрүп ала кетишиптир. «Алар барып, продюсери менен макулдашып, эгер каршы болбосо, Жоодарбешимдин ырлары да казакчага которулмакчы»,- дейт Каниет.