Акыркы учурда кыздардын көңүлүнө жаккан шоу-бизнестеги жигиттердин баары четинен үй-бүлө курушууда. Айтайын дегеним, тамашаны таап сүйлөгөн «No name» командасынын оюнчусу Эмил Токтошев 19-октябрь күнү 4 жылдан бери сүйүшүп-күйүшүп жүргөн кызы Багдагүлгө башын байлады. Той Ош шаарындагы кафелердин биринде өтүп,
«No name» командасынын жигиттери келген коноктордун маанайын ачышты. «Жубайым экөөбүз 2009-жылы таанышканбыз. Бара-бара мамилебиз жылып, мына минтип ак никебиз окулуп отурат»,- дейт бойдокчулук менен кош айтышкан Эмил. Жаш жубайларга үй-бүлөлүк бакыт каалайбыз!