Психологдор аталардын «мен бала чоңойгондо эле сүйлөшүп алам» деп түйшүктүн баарын энеге үйүп салуусу туура эмес экендигин жана алардын балага болгон мамилеси жакшы нерселерге өбөлгө экенин айтышат. Атанын мээрими, тарбиясы баланы кандай артыкчылыктарга ээ кылат? Ушул тууралуу сөз кылалы.
БАЛАНЫН ӨЗҮНӨ ИШЕНҮҮ СЕЗИМИН ӨНҮКТҮРҮҢҮЗ!
Ата менен баланын ортосундагы тарбиялык байланыш алардын өзүнө болгон ишенимин жогорулатат. Андан тышкары атанын мээрими, мактоосу балага жакшы таасир калтырат. Ал үчүн балаңыздагы кымындай өзгөрүү болсо да байкап, мамилени чыңдоону эч качан унутпаңыз.
УБАКЫТТЫ ЧОГУУ ӨТКӨРҮҢҮЗ!
Көпчүлүк учурда аталар кыздарынын жоопкерчилигин апасына (жубайына) жүктөшөт. Бирок бул туура эмес. Ар дайым кыз баланын энесинин жанында болуусу эркектерди таанууга мүмкүнчүлүк түзбөйт. Ал эми кыз бала мындай нерсени алгач атасынан алат. Атасы ар дайым керек учурунда жардам бергендиги, аталык тарбиясы менен кыздын өзүнө болгон ишенимин жогорулатат. Ошол себептен атасын жакшы көргөн, аны менен чогуу убакыт өткөргөн кыз балада өзүнө ишенүүчүлүк, күчтүүлүк жана өжөрдүк сезими пайда болот.
ӨЗ КААЛООҢУЗДУ ТАЛАП КЫЛБАҢЫЗ!
Кээ бир аталар балдарына өздөрү каалаган жана берген суроолорго жооп алуу талабын коюшат. Бирок сиздин мындай мамилеңиз баланы коркунуч, тынчсыздануу абалына алып келиши мүмкүн. Албетте, анын сабактарды өздөштүрүүсү сиз каалагандай болбосо да, ал уул-кызыңыз экендигин эч качан эстен чыгарбаңыз.
ЖАКШЫ МАМИЛЕ КЫЛЫҢЫЗ!
Балага болгон жакшы мамиле жана аталык мээрим алардын ортосундагы жылуу мамиленин бузулушунан сактайт. Эгерде балаңыз экзаменде ийгиликке жетише албаса, анда аны урушуу же опузалоонун ордуна көңүл чөккөндүгүн түшүнүү менен жардам берүүгө аракет кылыңыз. «Балким, сен өзүңдү жакшы сезбей жаткан чыгарсың» дегендей сөздөрдү айтып, анын абалын туура түшүнүңүз. Мындан кийин ал сизге жашырбай, коркпостон баарын айтып бере алат. Ага мүмкүнчүлүк түзүп берүү бир гана сиздин колуңузда.
КЫЗЫҢЫЗДЫН СЫРТКЫ КЕЛБЕТИН СЫНООДОН АЛЫС БОЛУҢУЗ!
Кыз бала үчүн сырткы келбет биринчи орунда турат. Айрыкча кыздар бойго жетүү курагына жакындай баштаганда дене турпатында өзгөрүүлөр пайда болуп, айрымдары толо башташат. Анан бул курактагы кыздар түркүн кийим кийүүгө кызыгышат. Мындай учурларда кызыңызга «сага бул кийим жарашпайт» же «аябай толуп кеттиң» деген сыяктуу сын-пикирлерди айтуудан алыс болгонуңуз оң. Мындай сөздөр бойго жетүү курагына келип калган кызды басынтышы мүмкүн.
ЭРКЕК БАЛАҢЫЗ МЕНЕН ЖЫНЫСТЫК МАСЕЛЕЛЕР ТУУРАЛУУ СҮЙЛӨШҮҮДӨН ТАРТЫНБАҢЫЗ!
Балдар кичинекейинен эле жыныстык темаларга кызыгышат. Аны атасынан сурашат. Албетте, берилген суроого кыска жана туура жооп берүүңүз шарт. Бирок 7 жаштан жогору жаштагылар жыныстык темаларга байланыштуу суроолорду берүүдөн тартынышат. Ошол себептен бул темада аталар туура түшүнүк бере алса, балага да жакшы болот. Себеби атасынан жооп ала албаса, башка нерселерден, интернет жана башкалардан алышат. Андай учурда балаңыз туура эмес түшүнүккө кабылышы мүмкүн.
БАШКАЛАРГА САЛЫШТЫРБАҢЫЗ!
Эсиңизде болсун, балаңызды эч качан анын достору же туугандарыңыздын тартиптүү балдары менен салыштырбаңыз. Сиздин мындай мамилеңиз балаңыздын көңүл чөгүүсүнө, басынуусуна жол ачат. Ошондуктан балаңыздын колунан келбей жаткан жөнөкөй нерселерди туура түшүнүп, ага жардам берүүгө аракет кылыңыз. «Сенин колуңдан эч нерсе келбейт» деп басынтуунун же урушуунун кереги жок. Анын да жасай ала турган колунан келчү иштери бар. Болгону сиздин балаңызга болгон камкордугуңуз абдан зарыл. Мисалы, «сен сүрөттү эжеңдей тарта албайт экенсиң» дегендин ордуна «эң мыкты боёйт экенсиң» деген мактоо балага дем берет жана аны шыктандырат.
«МЕН СЕНИН ЖАШЫҢДА...» ДЕБЕҢИЗ!
Эч качан «мен сендей чагымда сабактарымды убагында бүтүрчүмүн, улуулардын сөзүн ар дайым укчумун, аларга жаман мамиле кылчу эмесмин» дебеңиз. Мындай салыштырууларыңыз балаңызга терс таасир калтырат. Балаңыз өзүн жаман абалда сезип, сизге каяша айта баштайт. Андыктан балаңыз башка бир чөйрөдө жашап жаткандыгын, эч качан эскиге салыштыруу мүмкүн эместигин унутпаңыз. Албетте, ал сиздин учурдагыдай боло албайт.
УУЛ-КЫЗЫҢЫЗДЫ БАШКАЛАРГА ДА МАКТАҢЫЗ!
Эгерде балаңызды мактагыңыз келсе, анын жакшы мамиле, жүрүш-турушу сизди ыраазы кылган болсо, аны башкаларга айтып мактансаңыз болот. Башка адамдардын жанында атасынан уккан мактоо баланы кубанычка бөлөйт.
УУЛУҢУЗ МЕНЕН АКТИВДҮҮ ИШ АЛЫП БАРЫҢЫЗ!
Ар дайым уулуңуз менен чогуу болгонго аракет кылыңыз. Аны эч качан өзүңүздөн оолак кармап, бөлбөңүз. Тескерисинче, балык кармоо же футбол ойноого чогуу барганыңыз оң. Ал гана эмес, үй тиричилигинде да оңдоо иштерин чогуу жасаңыз. Бул балаңыздын сиздин жаныңызда өзүн эркин жана ыңгайлуу сезүүсүнө жол ачат.
ОРОЙ СҮЙЛӨБӨҢҮЗ!
Балаңызга ар дайым сабырдуу, оор басырыктуу, түшүнүктүү, туруктуу мамиле жасаңыз. Мындай мамиле балага жагып, сизге да жакшы мамиле жасоого үйрөнөт. Катуу сүйлөө, буйрук берүү, оор сындоолор, урушуу менен сиз балаңызга эч кандай пайда бере албайсыз. Тескерисинче, анын сизден көңүлү калып, ортодогу мамиле ата-баланыкындай эмес, чоочун адамдардын мамилеси пайда болот. Ал гана эмес, сиздин орой мамилеңизден улам калп айтууга үйрөнөт. Андан тышкары балаңыз сизден жаман тарбия алып чыгуу коркунучу алдында турат.
Суроолорго «ParadiseSun» психологиялык борборунун психологу Гуля Акбутина жооп берди.
Дамира Арстанова
kenesh@super.kg