Аман Саспаев, жазуучу:«КЫТАЙДАН ЧЫГАРМА ЖАЗАМ ДЕП КӨЧҮП КЕЛГЕМ»

Көпчүлүктүн эсинде «Сарала ит»,«Тоо чабалекейи» деген чыгармалары менен сакталып келе жаткан жазуучу Аман Саспаев учурда 84 жашта. Жазуучу башынан өткөн оор күндөрүн, кубанычын төкпөй-чачпай баяндап берди.

«СЫДЫКБЕКОВ ЭКӨӨБҮЗ АТАЛАШ ТУУГАНБЫЗ»
– Мен Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Кең-Суу айылында 1929-жылы туулгам. Туулган күнүм так эмес, паспортумда 15-октябрь деп жазылган. Энем «орок бүтүп калган кезде төрөлгөнсүң» деп айтар эле. Жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков экөөбүз аталаш тууганбыз. Энем «13-14 бала төрөдүм, көбү чарчап калды» деп калчу. Эжем экөөбүз гана аман-эсен чоңойгонбуз.
Чоң аталарыбыз байдын тукумунан болушкан, кийин атам каза болуп калган экен. Жесир калган энем эжем экөөбүздү жетелеп алып төркүнүнө барат. Кыйынчылыктын баары ошол жерден башталды. Апамды байдын келини, бай-манаптын тукуму деп бизди колхозго жумушка албай койду. Кыйынчылыктан улам энем Имаш Мергенбаев деген кишиге турмушка чыкты. Ошол кезде Кытайга ооп кеткен туугандарыбыз бар эле. Алар «Кытайга келгиле, жок дегенде курсагыңар тоёт» деп калышты. Апам эки чыны талканды баштыкка салып, үй-бүлөбүз менен Кытайга жөө бет алдык. Кытайга барчу жолду билбейбиз, айтор, кете бердик. «Талкан же көйнөк берсеңер, жолду көрсөтүп берем» дегендер четтен табылды. Алар талкандарды алып, биз уктап калганда качып кетишчү.
Акыры Кытайдагы Кулжа шаарына бардык. Алгач курсагыбыз тоюп, туугандарыбыз менен чогуу жашап калдык. Бирок төрт киши аларга салмагыбызды салып отура албадык. Ал жактан кытай үй-бүлөсүнө жалданып иштеп, өгөй атам алардын чөбүн чабат, малын багат. Энем болсо кирин жууйт, нанын жасайт. Балалыгым ошентип өттү.

«ЖАЗУУЧУЛУКТУ ТАНДАП АЛЫП БИР ТОП КЫЙНАЛДЫМ»
– 7-8 жашымда аз да болсо тамга таанып, гезит көрсөм баса калып кызыгып окучумун. 4-класска кирип, окуумду уйгурча уланттым. Эжем турмушка чыгып, Кулжа шаарында жашап калды. Окусун деген үмүт менен ата-энем мени да Кулжага жөнөтүштү. Тез эле казак, уйгур тилдерин жакшы өздөштүрүп алдым. Гимназияны бүткөндө 30 баланын ичинен кайра ошол окуу жайга мени мугалим кылып алып калышты. Ал кезде азыркыдай атайын адистер жок. Кээде физикадан, казак адабиятынан, биологиядан сабак берем.
Кийин уйгурча, казакча гезиттерге кабар жазчу болдум. Эң алгач «Тагамдын үйүндө бир күн» деген аталышта уйгур тилинде прозам жарык көргөн. 1954-жылы Кытай академиясы майда улуттардын лексикасын чогултабыз деп калышты. Ага мүчө кылып мени киргизип коюшуптур. Бир күнү иштерим менен Үрүмчү шаарына барсам, казак, монгол, уйгурлардын басмаканасы бар экен. Ошондо менде бир ой пайда болду. «Кытайларга казак тилин үйрөтүп эмне кылам, андан көрө басмаканага келип кыргыз балдарына китеп чыгарайын» деген ойго келдим.
Ал кезде кыргыз тилинде эч бир китеп жок эле. Үрүмчүгө басмаканага келип, кыргызча бөлүм ачтык. Жетекчиликке кирип жүрүп «Тоо гүлү» деген адабий журнал чыгарууга макулдашып, материалдарды жыйнап бүткөнүбүздө улуттук кадрлар арасында «Стилди түзөө» деген саясий компаниянын иши башталды. Ал кытайдын улуттук саясатына байланышкан кыймыл. Саясаттан канчалык оолак жүрсөм да, ошол компанияга кокусунан кабылып, туура эмес көз караштагы адам болуп чыга келдим. Басмаканадагы иштерим калып, мени жер астындагы жумуштарга салышты, ар кандай оор иштерди иштетишти. 1960-жылы басмаканадагы кыргыз сектору жабылып, бизди Кызыл-Суу кыргыз автономиялуу облусуна көчүрүштү. Анан Кытайда жазуучу боло албастыгыма көзүм жетти да, өз мекениме кетсем деген тилегим күч алды. 1962-жылы октябрь айында жергиликтүү өкмөт мекениме кетүүгө уруксат берди. Ата-энем ошол жерде каза болуп, эжем бала-чакасы менен калган. Мен 30 жаштан ашканда кытай кызына баш кошуп, бир уулдуу болдук. Кыргызстанга үй-бүлөм менен келдим.
Согушта каза болгон аталаш агамдын үйү бош турган экен, аны оңдоп-түзөп кирип алдык. Анда дагы аңгеме жазуумду таштаган жокмун. «Шейшеп», «Кара май» деген кыска аңгемелер ошол кезде чыккан. Аларды Кең-Суудан жазып, Түгөлбай агама почта аркылуу салып жиберем. Ал китептерге бастырып коёт. Анан акырындап оозго алына баштадым.
1965-жылы «Гүлкайыр» деген алгачкы китебим жарыкка чыкты. 1966-жылы СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болдум. Анан Ысык-Көл облусундагы жаш жазуучуларга кеңешчи болуп иштедим. «Сарала ит» деген чыгарманы жазгандан кийин эле мени «антисоветтик адам» деп Аалы Токомбаев баш болгон бир топ жазуучулар айыптап киришти. 5 жылга чейин эч кандай чыгармам жарык көрбөй калды. Кайсы гезитке барсам эле «Саспаев, сиз тууралуу бизге кагаз келген» деп ырларымды алышпайт.
«Сарала ит» деген аңгеме кыргыз жазуучуларын экиге бөлүп таштады. Чыңгыз Айтматов, Түгөлбай Сыдыкбековдор «Сарала итти» жактап, Аалы Токомбаев жана башкалар антисоветтик деп чыгышты. Жалил Садыков болсо «ирандык жазуучунун чыгармасын көчүрүп алган окшойт» деди. Кийин Москва шаарынан «Рыжая собака» деп орус тилине которулуп, китептерге чыгып кетти. Ошондо гана кыргыз жазуучулары «Сарала ит» аңгемеси тууралуу унчукпай калышты.
Биз Кытайдан келерибиз менен аталаш агам өз үйүнө көчүрүп алган. Мен эртеден кечке кагаз жазам. Агам аны жактырбайт. Көрсө, ал мени өзүнө койчу кылайын деп алып келген экен. «Тууган» деген чыгармамдын жаралышына ошол агам түрткү болгон.
Эс алайын деп пенсияга чыгып алдым. Тез эле боштуктан тажап, үйдө жата албадым. Чыгармаларды машинкага басып, почта аркылуу Түгөлбай агама жиберип турдум. 1995-жылы Ысык-Көл мамлекеттик университетине чакырып, «кытай тилинен мугалим болуп бериңиз» деп суранышты. Мен макул болуп, ошол убактан бери кытай кафедрасында иштеп келе жатам. 20дан ашык китебим бар. Кээ бир аңгемелерим ар кайсы тилге которулду.
Азыр баары эле жазуучу болуп кетти. Өкүнүчтүүсү, китеп окуп отуруп «бул жакшы экен» деп астын чийип койчу нерсе таппайсың. Алдыма оор кесипти тандап, жазуучулуктун азабын көп тарттым. Азыр балдарым чыгарма жазам десе, мен каршы болмокмун.

«АМАНДЫ ЭЭРЧИП КАЧЫП КЕЛГЕМ»
Жазуучуну колдогон өмүрлүк жубайы ТАМАРА апаны кепке тарттым.

– Апа, кыргызга келин болуу оор болгон жокпу?
– Менин атам – кытай, энем – украин кызы. 17 жашымда Аман экөөбүз таанышып калдык. Аман кытайча суудай сүйлөп жатса эле мен аны кытай экен деп ойлоптурмун. Өзү өң-келбети келишкен, узун бойлуу жигит болчу. Билинбей эле мамилебиз жакындап, сүйүүгө айланды. 19 жашымда баш коштук. Бала аркасынан бала басты болуп, үйдө отуруп калдым.

– Жолдошуңуздун кесиби жакчу беле сизге?
– Жолдошумдун жазуучу экенин билгеним менен, анын жумушуна көп түшүнө берчү эмесмин. Чыгарма жазып жатса китебин алып качып кетип же калемин түртүп салып мойнуна асылып ойной берчүмүн. Абышкам болсо китептен башын алчу эмес.

– Ата-энеңиз кыргызга турмушка чыгам дегениңизге каршы болгон жокпу?
– Биз Кыргызстанга кетебиз дегенде ата-энем абдан каршы болушту. «Чек арага чейин эле барып, Аманды узатып жиберип кайра келем» деп энемди алдап кеткем. Анан кыргыз келининин кызматын аткарып баштадым. Бул жакта баары кыргызча сүйлөшөт. Бирөө мени карап бир нерсе десе, «мени жамандап жатат го» деп ыза болуп ыйлачумун. Кийин кайын сиңдимден кыргыз тилин үйрөнүп, 2 жылдын ичинде суудай сүйлөп калдым. Азыр 7 уул, 22 небере, 2 чөбөрөнүн ата-энесибиз. Бактылуубуз.

Айзат Анарбекова
karakol@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
mahabat.
2013-10-28 17:54:54
Тамара апабыз кыргызга эле окшош экен.
0
mahabat.
2013-10-28 17:58:25
сонун маек болуптур.озумду кытайга барып келгендей эле элестеттим.агайдын эмгеги зор экен.аалы токомбаевды сыйлабайм.ичи таардыгынан коптогон жазуучуларыбызга жалаа жаап сургунго айдаткан
+1
№ 573, 25-октябрь-31-октябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан