Профессор Назаралиевдин Майк Тайсонду алкоголдук нокауттан чыгаруу сунушун белгилүү мушкерлер, бокс боюнча Дүйнө чемпиону, орусиялык Костя Цзю жана кыргыз мушкери Алмазбек Раимкулов колдошту. Алар Майк Тайсонду доктор Назаралиевдин медициналык борборуна чакырууга кошулушту.
Августта америкалык алдыңкы басылмалар дүйнөлүк атактуу жана миллиондордун кумири болгон Майк Тайсондун алкоголдук көз карандылыкка туш болгону тууралуу маалыматты жазып чыгышкан. Майк Тайсондун Фейсбуктагы баракчасына жазган билдирүүсү маалыматтын булагы катары саналууда. Анда ал өзүнүн оорулуу экенин моюнга алып, абалын өлүмдүн кырында тургандай мүнөздөгөн. Спортчу өзүнүн гана күчтүү эрки менен жеке аракечтигине каршы туруп, ушундай чыдамкайлык менен акырына чейин бул тууралуу ооз ачпады. Бирок анын социалдык тармактардагы жазгандарынан спортчуга квалификациялык жардам керектиги, канчалык эрте болсо, ошончолук жакшы болору көрүнүп турду.
Профессор Назаралиев Майк Тайсондун 90-жылдардын башынан берки алгачкы беттештеринен тарта профессионалдык карьерасына байкоо салып турган. Жаңылыктардан «Темир Майктын» оорусу тууралуу белгилүү болгондо, ошол эле күнү Назаралиев ага кат жазган. Анда спортчунун аракечтикке каршы өз алдынча күрөшүү чечимине урмат менен карап, ошону менен катар эле Кыргызстанга дарыланууга келүүнү сунуштаган. Чакыруу Америкада мушкердик беттештерди уюштуруучу «Iron Mike Production» промоутердик компаниясына тапшырылган. Июль айында компания негиздүү ребрединг өткөрдү. Жыйынтыгында жолун жолдогон кадрдык орун алмашууну ал учурда бөтөлкөнүн түбүнө түшүп кеткен легендарлуу мушкер жетектеди.
«Iron Mike Production» компаниясынын менеджерлери катты алышканын тастыкташты. Бирок күзгү сезондогу бир катар маанилүү беттештер жана «Fox Sports» каналында Тайсон тууралуу документалдуу фильмдин бет ачары атактуунун сөзсүз түрдө аталган иш-чараларга катышуусун талап кылды. Майк Тайсондун Кыргызстанга келиши жана аны аракечтиктен айыктыруу азыркыга чейин суроо боюнча турат. Кырдаал менен тааныш болгон спортчулар, баңгиликке каршы коомдук ишмердүүлүктөр боюнча профессор Назаралиевге жакын адамдар, айрыкча дүйнөлүк аты бар мушкер Костя Цзю жана жеңил салмакта HBO версиясы боюнча Дүйнө чемпиондугуна талапкер болгон Алмазбек Раимкулов кыргыз наркологунун демилгесин колдоп чыгышты.
Мушкерлер америкалык кесиптешин дарыланууну артка жылдырбоого, ошондой эле дүйнө боюнча аракечтик жана баңгизатына көз карандылыктан жабыр тарткан миллиондогон адамдарга үлгү көрсөтүүгө чакырышты. Костя Цзю жана Алмазбек Раимкулов профессор Назаралиевдин абройлуу спортчунун бутуна турушуна чын жүрөгүнөн жардам бергиси келгенин өзгөчө белгилешти.