Росинбанктан БЕЛЕКТЕР МЕЗГИЛИ

Банктык жаңылыктар – өлкөдөгү иштин чыныгы абалынын мыкты көрсөткүчү. Эгер бул секторго олуттуу инвесторлор келсе, демек, алар өлкөнүн өнүгүшүндөгү реалдуу мүмкүнчүлүктөрдү көрүп жатышат. Акыркы убакта биздин банк системасына кошулган оюнчулардын саны арбып баратат. Жарым жыл мурун күрдөлдүү иштеп жаткан банктарга күчтүү атаандаш – «Россия Инвестициялык Банкы» ААКсы рынокко кирип келди. Орусиялыктардын максаты – бизде локалдык каржылык түзүмдү куруу эмес, рынокто лидерлик позицияга ээ болуу!
«Росинбанк» ААКсынын жүйөлүү профессионалдык амбициялары тууралуу операциондук ишмердүүлүк жана чекене сатуу боюнча «Росинбанктын» Башкармалыгынын төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу Алмаз Бекназартегин айтып берди.
– Биздин банк үч түркүктө кармалып турат: ар бир кардарга өнөктөш катары мамиледе болуу; өлкө ичиндеги жана эл аралык олуттуу инвестициялык долбоорлорду колдоо; орусиялык алдыңкы тажрыйбалардын шарттарына ыңгайлашуу. Булардын ар бири тууралуу кенен айтууга болот,- деп эсептейт Алмаз Бекназартегин.

КАРДАР – БИЗДИН БАШКЫ ӨНӨКТӨШ
Банктарга карата мамиле акыркы учурда өзгөргөн. Банк бизнес чөйрөсүнө багытталган институттан ар бир адамдын күнүмдүк жашоосуна зарыл болгон структурага айланды. Банктардагы тейлөө маданияты жакшы жолго коюлуп, кардарлардын жаш курак шкаласы да кеңейип баратат: жаштар да, пенсионерлер да банктык кызматтардан активдүү пайдаланып жатышат. Төлөм карталары, банкоматтар жана терминалдар – күнүмдүк жашоодогу атрибуттар. Банк – бул эң биринчи кезекте өнөктөш, ишенимдүү кардарга муктаж, ошондой эле кардар да банкка кызыкдар. Мындай түшүнүк эки тарапка тең оң натыйжа берүүчү кош тараптуу конструктивдүү кызматташтыкты жаратат.
– Биз ар бир кардарды баалайбыз жана ал бизге кымбат, бул жөн эле айтылган сөз эмес. Ошондуктан бардык өнөктөштөргө ишеним арткандары үчүн ыраазычылык билдирүү максатында «Росинбанктан» белектер мезгили» аттуу акцияны өткөрүүдөбүз. Бул сыяктуу иш-чаралар банкта буга чейин өткөн эмес. Банкка келген ар бир аманатчы «Росинбанк» ААКсынан фирмалык белекке ээ болот. Биз кардарларга аманаттын ар кандай артыкчылыктары бар бир канча түрүн сунуштайбыз. Бул акциянын алкагында акча салуунун «Классикалык» түрүнүн пайыздык ченин жогорулаттык.

ИПОТЕКА ЖЕТКИЛИКТҮҮ БОЛУШ КЕРЕК
Банктын негизги акционери – «Инвестициялык соода бизнес-холдинг» ААКсы Орусияда көптөн бери олуттуу социалдык маселелерди чечүүгө катышып келаткан мамлекеттин өнөктөшү катары кабыл алынат. Ал Кыргызстанда да бул багытта «Росинбанк» ААКсы аркылуу жигердүү иштей баштады: ипотеканы жеткиликтүү кылуу, пайыздык чендер жана мөөнөтү акылга сыярлык болуусу керек.
– Сунуштар рынокко жана өлкөнүн экономикасынын абалына шайкеш болуш керек деп эсептейбиз. Азыр фундаменталдык көрсөткүчтөрдүн терең талдоосу жүрүүдө, мүмкүн болуучу коркунучтар бааланууда жана анын ичинде ипотекалык программанын бир канча маанилүү жагдайлары тиешелүү мамлекеттик органдар менен макулдашылууда. Биздин сунуштар аяктоо алдында турат жана жакынкы аралыкта аны талкууга коёбуз.

ӨТКӨН УБАКТЫН КАЛДЫКТАРЫНАН АРЫЛЫП, МЫКТЫСЫН КАЛТЫРАБЫЗ
Азырынча өзүнүн кыска ишмердүүлүгүндө «Росинбанк» ААКсы чыгарылган карталардын көлөмү боюнча дүйнөлүк лидер «China UnionPay» төлөм системасынын толук укуктуу өнөктөшү болуу менен Кыргызстанда абдан олуттуу долбоорун ишке ашырды. Бул система боюнча биздин банк аркылуу эсептер жүргүзүлүп жатат, жакында «China UnionPay» пластикалык карталары чыгарылат.
– Орусиялык акционерлер сатып алган «Залкар Банк» жакшы абалда эместигин жашырбайм. Азыр биздин акционерлер жакшы шарттарды түзүп жатышат. Биз өткөндөн калгандардан арылып, мыкты тажрыйбаларын калтырабыз. Орусиядан такай келип турган кеңешчилер биздин кызматкерлер менен бирдикте, жергиликтүү рыноктун талаптарын эске алып, алдыңкы тажрыйбаларды ыңгайлаштыруу үстүндө иштөөдө. Банк абдан өзгөрүп жатканын сезүүдөбүз жана орусиялык акционерлер Орусия капиталы бар кыргызстандык банктын ийгиликтерине ишенишет,- деп кебин жыйынтыктады Алмаз Бекназартегин.

«КЛАССИКАЛЫК» АМАНАТЫ
Аманаттын өзгөчөлүгү катары жогорку пайыздык сыйлык жана ай сайын пайыздык кирешени алуу мүмкүнчүлүгүнүн болушу эсептелет.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 573, 25-октябрь-31-октябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан