«КУМТӨР» БОЮНЧА МЕМОРАНДУМ. Даанышман жана таразаланган чечим.

Эгерде парламент депутаттары кыргыз өкмөтү менен канадалык инвесторлор ортосундагы «Кумтөр» долбоорун реструктуризациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына макул болушса, Кыргызстан аны ишке ашырууда эң чоң пайдага ээ болот. Ошондо «Centerra Gold Inc.» компаниясынын акционерлеринин кызыкчылыктары да эске алынмакчы. «Эмне үчүн бул таразаланган чечим көптөгөн тескери ой жорууларды жана түшүнбөстүктөрдү жаратып жатканына мен түшүнбөйм»,- деп «Центерранын» президенти Ян Аткинсон таңыркоодо. Ал өлкөбүзгө парламенттеги кезектеги меморандумду талкуулоого катышуу үчүн учуп келген эле.

– Бирок биз оптимистпиз жана мыйзам чыгаруучулар биздин кызматташуубуз­ду бекемдөөчү жана «Кумтөрдүн» үзгүл­түк­сүз иштөөсүн камсыздоочу туура чечим кабыл алат деп
ишенебиз.
Компаниянын жетекчисинин моюндашынча, өз ара түшүнүшүү боюнча меморандумга кол коюу процесси оор жүрдү. Көз карандысыз эксперттер тартылган консультациялар, талкуулар, диспуттар бул эки тараптын тең кызыкчылыктарын эске алууга болгон эң жогорку аракет болду.
«Центеррага» консенсуска келүү үчүн бир катар чегинүүлөргө барууга туура келди. Жыйынтыгында башкаруучу компания жана кыргыз бийлиги эки тарап 50 пайыздан үлүш­кө отурган биргелешкен ишкана түзүү тууралуу келишишти. Ошондой эле салык жана дивиденд тү­рүндө «Кумтөрдүн» пайдасынын 60 пайыздан ашууну республикалык казынага түшмөкчү. Жаңы биргелешкен ком­паниянын Директорлор кеңешине эки тараптан тең бирдей өкүл кирет, ал эми талаш кырдаалдар дискуссия учурунда чечилет. Кандай гана келишпестиктер болбосун, жеңип чыгууга болот, себеби кыргыз тараптын да, канадалык тараптын да максаты жалпы: кендеги өн­дүрүштүн үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыздоо.
– Кыргызстанда бизнес кылууга болот деп биз чет өлкөлүк инвесторлорго ий­гиликтүү биргелешкен ишкананы үлгү кылып көрсөтөбүз,- деп «Centerra Gold Inc.» компаниясынын президенти Ян Аткинсон журналисттер менен болгон жолугушууда билдирди. – «Кумтөрдү» реструктуризация кылуу боюнча болжолдуу долбоор өлкөнүн кызыкчылыгына жооп берет жана пайда алып келет деген ишенимдебиз.
Бирок паровоздун алдына түшүп алып чуркабай туралы. Мунун негизинде «Кум­төр» боюнча жаңы келишимдер иштелип чыгуучу бул меморандумду алгач Жогорку Кеңештин депутаттары колдошу керек. Андан соң акыркы сөз «Центерранын» акционерлеринде калмакчы. Бардык тарапка тең акыйкат келишим түзүлгөн шартта аны кезексиз чакырылган өз отурумунда бекитишет, андан кийин канадалык соттордун макулдугун алуу калат. Бул суроо оң чечилгенден кийин Кыргызстандын акциясы жараксыз болуп, айлануудан алынат. Андан соң «Centerra Gold Inc.`тин» капитализациясы азаят, бирок ошого карабай эл аралык каржылык консультанттар окуянын ушундай жүрүшүнө макул болушту.
– 2009-жылдагы келишим жокко чыгарылгандан кийин эмне болору тууралуу азыр айткым келбейт. Бирок ушундай болуп калса, «Центерра» өз акционерлеринин кызыкчылыгын коргоого жана өз укуктарын сотто коргоого даяр. Азырынча биз иш учурунда бул долбоордун бардык оң жактарын көрсөтө турган меморандумга келишүү үчүн кыргыз өкмөтү менен активдүү иштешүүнү көздөп жатабыз. Себеби бул эл аралык бизнес чөйрөсүнө Кыргызстан чет өлкөлүк инвесторлорго ачык деген ишенимдүү кайрылуу болмокчу,- дейт Аткинсон мырза.
Компаниянын жетекчиси «Кумтөргө» байланыштуу таркап кеткен бир нече мифтердин бетин ачты. Мисалы, канадалыктар Кыргызстандан куйма алтындарды чыгарып кеткен сыяктуу сандырак сөздөр тууралуу.
– «Centerra Gold Inc.» 2004-жылдан бери бул долбоорго 1 миллиард доллардан ашуун инвестиция салган. Бул салымдар геологиялык чалгындоого жана жабдууларга короду. Ошол убакта 2009-жылга чейин гана казылып алынат деп эсептелген кен чыгуучу жер мыкты аракеттердин аркасында 2026-жылга чейин эксплуатация кылууга мүмкүн болду. Бул чек эмес. Мындан ары да салым кошуу шартында жана үзгүлтүксүз иштөө менен эксплуатациялоонун мөөнөтүн дагы канчалык бир убактарга чейин узартууга болот. Мындан сырткары «Центерра» социалдык божомол компания катары Ысык-Көл облусунун өнүгүүсү үчүн социалдык долбоорлорду уланта бермекчи. Ал эми 2700 кызматкер жана келишим боюнча иштеген миңдеген кызматкерлер үй-бүлөсүн багат жана жумушсуздардын катарын толукташпайт,- деп билдирди Ян Аткинсон.
«Centerra Gold Inc.» компаниясынын президентинин ою боюнча, Кыргызстандагы экологиялык көйгөйлөр да ашырылган. Бул бир гана кишинин эле ою эмес. Жакында эле «AMEC Earth & Environmental UK Ltd» компаниясы өз отчётунда «Кумтөр» эң оор жаратылыш шартында жайгашкан жана мындай татаал шарттарда иштей алган аз компаниялардын бири экендигин билдирди.
– Ошентсе да «Центерра» кендеги өз иш­мердүүлүгүн ийгиликтүү жүргүзүп гана келбестен, жогорку экологиялык стандартты эске алып иштеп келет. Тоодогу кен казуу дайыма айлана-чөйрөгө белгилүү бир таасир көрсөтөт. Ал эми «AMEC» өз докладында «Кумтөрдө» айлана-чөйрөгө же кишинин ден соолугуна терс таасир тийгизбейт деп белгилегени биз үчүн жагымдуу болду. Мындан сырткары биз аудитордук компаниянын Нарынга жакын суулардын сапатына мониторинг кылуу сыяктуу бир канча сунуштарын аткарууга даярбыз,- деп белгиледи Ян Ат­кинсон.

Асия Алиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
TUMAN1
2013-10-31 17:58:36
Шумдук! Кыйратасынар...

0
№ 573, 25-октябрь-31-октябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан