Алтын маселеси:КАНТИП АЛДАМЧЫЛЫКТЫН КУРМАНДЫГЫ БОЛУП КАЛБОО КЕРЕК?

АБИЙИРСИЗ АТААНДАШТАР ЖАНА «АЛТЫН» АЛДАМЧЫЛАРЫ ТУУРАЛУУ ОКУЯ
Аткаминерлер бардык трибуналардан: «Кыргызстан республикага каражатын жумшоого даяр, жергиликтүү калкты туруктуу айлык жана түрдүү бонустар менен камсыздай турган жумуш орундарын түзүүчү инвесторлорду чыдамсыздык менен күтөт»,- деп айтып жаткан убакта, тажрыйба көрсөткөндөй, мамлекеттин өзү өлкөдө көп жылдар бою ишкердикти жүргүзүүнүн үлгүсү болуп саналган компаниялардын коопсуздугуна кээде кепилдик бере албай калат.

Көптөгөн киосктор ишенчээк адамдардын алтынын арзыбаган тыйынга сатып алышат.

«Алтын» гипермаркетинин соода залындагы митинг.

Мисал издеп алыска баруунун кажети жок: өз кардарларына алтын жасалгаларынын кеңири тандоосун сунуштап келген «Алтын» гипермаркети абийирсиз атаандаштык деген маселеге тушугууга аргасыз болду. Борбордук дүкөндүн жумушчу күнү имаратты талкалоо ниети бар атаандаштар тарабынан уюштурулган импровизацияланган митинг менен башталды. Адегенде агрессивдүү маанайдагы топтолгон адамдар сырттан өз нааразычылыгын билдирип, бирок кийинчерээк активисттер түз эле гипермаркетке өтүүнү чечишти. Адамдардын мындай жүрүм-турумуна эмне себеп болду?

ИЧИ ТАРДЫК – ИШИ ОҢУНАН ЧЫКПАГАНДЫН ЖАЗМЫШЫ
Кийин белгилүү болгондой, баарына профессионалдык кызганыч менен абийирсиз атаандаштык айыптуу болуп чыга келген. Өз товарлары жана кызмат көрсөтүүсүнүн жогорку сапаты менен мактана албаган өндүрүшчүлөр башкы атаандаштарынын кадыр-баркына доо келтирүү үчүн каралоону колдонууга аргасыз болгон окуяларга барган сайын көбүрөөк кезигүүгө мүмкүн. Бул сапар да ушундай болду: Бишкектин түрдүү чакан дүкөндөрү менен базарларында ювелирдик кооздуктарды саткандар «Алтынды» абийирсиз атаандаштыкка айыптоо жана ювелирдик кооздуктарга бааны 4 эсеге ашыра көбөйтүү имишине кине коюу максаты менен «Алтындын» жанына чогулушту.
Балким, Бишкектин соода борборлоруна барып калганда сиз бир нече ирет баалуу металлдын алып сатарларына туш болуп, өтө эле демократиялуу баалар менен азгырган «ювелирдик салон» деп аталгандардын жанынан өтсөңүздөр керек. Мындай ишкерлерге алтын жасалгаларын сатуу кыйынчылык туудурбайт. Алар сөйкө, билерик, шакек жана башка желбирөөчтөрдү кубануу менен кабыл алышып, анын ордуна арзыбаган тыйын сунушташат. «Базарда алтын дал ушунча турат, бир сом да кымбат болушу мүмкүн эмес» деген кепке ишенген эл колундагы өз баалуулуктарын алып сатарларга дээрлик бекер карматат. Алар аны кийин эмне кылышат? Алтын менен күмүштү килограммдап сатып алышып, аны эритип, ошол эле сөйкө, шакек жана билерикти жасашып, бирок эми таптакыр жогорку эмес сапатта даярдоо менен өз товарын түрк же орусиялык ювелирдик буюм катары сатышат. Мындай усталарга жасалма белгини коюу эч кандай эмгекти деле талап кылбайт. Аркы-беркини көп байкабаган эл сүйлөөк сатуучуларга көбүнчө ишенип калышат. Өз учурунда алар бирөөнүн алтынынан жаман эмес пайда көрүшүп, сатып алуучунун чөнтөгүн оодарып киришет.
Өндүрүшчүлөрдүн башка категориясы да бар, алар жылдар бою оң имиджин түзүүнүн үстүнөн иштешип, өз коллекцияларын жаратууга эң мыкты адистерди кызыктырышат. Бул адистер жогорку класстагы жабдуу менен иш алып барышып, ошондой эле регулярдуу түрдө өз кардарларын жаман эмес жеңилдиктер, дисконттор жана башка жагымдуу майда-чүйдөлөр менен сүйүнтүп келишет.
Компаниянын ийгиликтүү болушу көп учурда кесиптештеринин ичи тардыгын пайда кылат. Бардык бизнес түрүндө таза атаандаштык мааниге ээ, ал аркылуу сатып алуучуларда ылайыктуу баа менен сапаттуу ювелирдик жасалгаларды тандап алуу мүмкүнчүлүгү жаралат. Бирок «Алтын» Кыргызстандын көп сандуу кең пейил ишкерлеринин бири катары базар соодагерлери тарабынан мыйзамсыз аракеттерге тушукту. Алар «Алтын» дүкөнүнө санкцияланбаган агрессивдүү басып кирүүнү уюштурушуп, кийинчерээк ал митингге айланып, анын артынан дүкөн жабылып, сатуу ишин да токтотту. Бактыга жараша, милиция кызматкерлери кыжыры кайнаган алып сатарларга таасир кыла алышып, аларды гипермаркеттен чыгып кетүүгө мажбур кылышты. Алып сатарлар менен базардагы алтын соодагерлерин эмне менен коркутушту? Бардыгы жөнөкөй: алып сатарларга алардын көптөгөн соода түйүндөрүндө сатылган жасалгаларын экспертизага жөнөтүүнү сунушташты. Акыркылары башында макул болушкандай түр көрсөтүшкөн, бирок белгилүү бир убакыттан кийин алар ачуу кызуусун чектешип, айтканынан кайтышып, ийгиликтүү «кас» дүкөндөн чыгып кетүүгө шашышты.

МИТИНГДЕР МАКСАТКА ЖЕТҮҮНҮН КУРАЛЫ СЫЯКТУУ
Акыркы мезгилде митингдер түрдүү талаш-тартыш жараткан маселени чечүүнүн көнүмүш адатына айланып бара жатат. Болуп жаткан тартип бузууларды жоюу жана ювелирдик жасалгаларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын кармануу менен сатуунун ордуна абийирсиз ишкерлер биздин өлкөдө баарын күч менен чечсе болот жана ал үчүн жазага тартылбайбыз деп ойлошот. Албетте, ийгиликтүү ишкананын ишин токтотуу мыйзамдуу нормаларды карманып, эрежелер боюнча иштөөгө караганда кыйла жеңилирээк.
Тилекке каршы, Кыргызстанда азыркы мыйзамдардын жетиле электиги – өз товарларына жасалма белгилерди жабыштырып, 375-пробадагы жасалганы 585-пробага таандык алтын деп сатышып, жеке максаттарында белгилүү орусиялык бренддерди колдонушуп, сатып алуучуларды алдаган абийирсиз өндүрүшчүлөр менен соодагерлерди жоопкерчиликке тартууга жол бербейт.

ӨТПӨГӨН ТОВАР АРЗАНЫРААК
Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин алдындагы Баалуу металлдар департаментинин адистери «чакан соода борборлору, базарлар менен дүкөнчөлөрдө сатылган продукциянын 50 пайызынан ашууну сапаттуу эмес» деп белгилешет. Өтпөй турган товарды сатып алгандан кийин башка жасалгага алмаштыруу мүмкүн эмес. Ал эми акчаны кайтарып алуу тууралуу кеп да козголбойт. Негативдүү тенденцияны департаменттин ар бир адиси тастыктап бере алат. Жасалганын ар бир экинчиси жашыруун түрдө жасалган же анда көрсөтүлгөн проба чындыкка шайкеш келбейт. Алсак, дагы башка жүздөгөн сомду сапат, бренд жана дизайн үчүн төлөө жеңил эмеспи? Жана жасалга да кийинки күнү карарып кетпейт деген ишенимде болосуз.
Тилекке каршы, сапатсыз жасалгалардын саны күн санап өсүп жатат. Аларды жашыруун цехтерде жасашат, демек, алардын ишенимдүү экендиги тууралуу айтууга арзыбайт. Башка металлдардын аралашмасы кошулган, морт, кайтарууга жана алмаштырууга мүмкүн болбогон товарлар көп санда кыргызстандыктардын колуна барууда. Антпесе алар көп айлар бою колье же алтын чынжырча алуу үчүн акчасын топтоп жүрүшкөн болот. Эгерде мурун адамдар алтындын сапатын түсүнө карап аныкташса, бүгүн бул ата-бабадан калган ыкма жарабай калган. Усталар түс жана жылтыроосун күчөткөн, көлөмүн чоңойткон компоненттерди алтынга кошуп коюшат. Мунун баары товарды арзандатып, ага товардык көрүнүш берүү менен жогорку сапатты туурайт.
– Мен бир канча жылдан бери эл көзүнө чыгуу үчүн алтын сөйкө жана чынжырчадан турган комплект алууну кыялданып келгенмин. Чоң эмес, бирок мага жакшы көрүнгөн алтын дүкөнүнө баш багып, өзүм үчүн жаман эмес вариантты тандап алдым. Ал мага 20 миң сомдон ашыгыраак акчага түштү. Сатуучу «чыныгы түрк баалуулуктарын алып жатасыз жана өкүнбөйсүз» деп мени ишендирген болчу. Керек болсо тиешелүү чапталган кагаздарын көрсөткөн. Пробасы 585 болчу. Бир канча күндөн кийин гана чынжырча баягы жагымдуулугун жоготуп баштаганын байкап калдым. Ал эми чынжырчанын тогоолору тим эле ажырай баштады. Комплект менен сатып алган бөлүмгө кайтып, ошол эле сатуучуга бардым. Бирок ал көзүмө тигиле бети кызарбай туруп «сизге эч кандай сөйкө менен чынжырча саткан эмесмин, мен сизди биринчи жолу көрүп жатам» деди.
Товарды экспертизага алып бардым, ал мага 150 сомго айланды. Эксперт-ювелир сатып алгандарым жасалма экенин жана 375-пробадагы алтындан даярдалганын айтып, дагы бир жолу мени иренжитишти. Эми эмне кыларымды да билбейм. Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо коомчулугуна кайрылайынбы же сатуучулар менен соттошоюнбу?! Биздин сотторду биле туруп, буга көп убакыт жана нерв өлтүрөрүмө бөркүмдөй ишенем, ал эми жыйынтыгы нөл болот,- дейт адилетсиз сатуучуларга алданып калган сатып алуучу Алина Матыева.
– Бүгүнкү күндө алтындын түсүнө таянбоо керек. Азыр модада түстүү алтын. Металлга ак түстү – никель, платина жана палладий, жашылды – жез, ал эми кызылды – кобальт берет. Кызгылтым алтынды жез жана күмүштү аралаштыруу менен алышат. Ал эми кара түс – хром жана кобальттын аралашмасынан жасалат,- деп Ювелирлер ассоциациясынын президенти Чыңгыз Макешев айтып берди.
Колдон алтын сатып алууда абийирдүү сатып алуучу уурдалган товарды алууга тобокел кыларын белгилеп өтөлү. Күрөөкана менен алып сатарларга биринчилерден болуп чөнтөкчүлөр, уурулар, ошондой эле үйлөрүнөн бардык баалуулугун ташып чыккан кумарпоздор барышары жашыруун эмес. Алтындын ири соода гипермаркеттери бул жагынан кыйла ишенимдүү. Кадыр-барктуу дүкөндөргө алтынды сатууда анын кызматкерлери өздөрүнүн кардарларынан байланыштарын кошо талап кылышат. Мында алтындын сатып алуучусу да, ошондой келишимге барууга аргасыз болгон адам да өзүн камсыздандырат. Уурдалган чынжырчадан эритилип жасалгандан иймек же дагы бир кооздук тагынып жүрүү өтө жагымсыз болсо керек деп ойлойм.

БИЛИП АЛЫҢЫЗ
Эгерде баалуулук Орусиянын аймагында даярдалса, анда байыркы баш кийимдүү кыздын элеси түшүрүлгөн белги көрүнүшү керек жана пробанын сандык белгилөөсү менен өндүрүшчүнүн өздүк кагазы болушу шарт. Эгерде бул жасалга Кыргызстанда сатылып жатса, аны КРнын Сактык көзөмөлгө алуу маминспекциясынын белгиси толукташы кажет, ал даярдоочунун пробасын да тастыктайт.

Кээде көз менен жасалманы аныктоо өтө кыйынга турат, бирок экспертиза алдамчылыкты тастыктап чыгат.

ТӨМӨН ПРОБАДАГЫ ЖАСАЛГА – ДЕН СООЛУККА КАРАТА КОРКУНУЧ
Сапаттын дагы бир жалган кепилдиги бул – белгиси. Көпчүлүк аны окшотуп жасоо таптакыр мүмкүн эмес деп ишенишет. Андай эмес! Дал ушул белги менен баарынан мурун тажрыйбасыз сатып алуучуну адаштырууга болот. Бүгүн дээрлик ар бири кооздукка түндүктү тартып, аны Кыргызстандын фабрикасында жасалган деп атай алат же байыркы баш кийим кийген аялды тартып, аны орусиялык жасалгадагы шакек же чынжырча дей алат. Көбүнчө алтын кооздуктарында советтик жылдызды да учуратууга болот. Бул жасалганын жашыруун түрдө жана эмнеден жасалгандыгы түшүнүксүз дегендин ишенимдүү белгиси. Мындайларды өндүрүшчүлөрдүн эч бири мурунтан эле колдонбоого аракет жасашат, анткени жылдызды Орусияда 1994-жылы жоюп салышкан. Мурунку Советтер Союзунун бренддери орусиялык сапаттын элесин жаратат, бирок СССР 20 жыл илгери эле кулаган. Ушунун өзү ойлонууга түртпөйбү? Айрыкча колуңузда белгиси же кассадан берилген кагазы жок болсо, мындан ары кимге арызданасыз? Же дал ушул алдамчы сатуучудан «алтынды» сатып алганыңызды кантип далилдейсиз?
Айтмакчы, белги коюунун бир канча ыкмасы бар: электр учкуну менен, лазердик жана механикалык. Колго жасаган усталар жасалма белгилерди так эмес жана түшүнүксүз сүрөттөрдү будамайлап коюшат. Лазердиктин ордуна көбүнчө жасалма электр учкуну менен да жасашат. Бирок ар бир сатып алуучу алардын бири-биринен айырмаланып тургандыгын көрө алышат. Лазердик проба кичинекей көлөмдө болот жана жасалганын үстүңкү катмары бузулбай коюлат. Электр учкуну менен түшүрүлгөн проба лазердик үлгүгө караганда чоң көлөмдүү болуп, белги жасалгага тереңирээк орнотулат. Электр учкун ыкмасы менен коюлган белгинин четинде күйүктүн белгилери көрүнөт. Лазердик ыкмада мындай кошумча эффекттер болбойт.
Пробаларга кайтып, алардын айырмачылыгы эмнеде экенин карап көрөлү. Мисалы, 585-проба 1000 граммдык ювелирдик эритмеге 999,9 пробадагы 585 грамм аффинаждалган таза алтын, ошондой эле 205 грамм күмүш жана 210 грамм жез туура келерин билдирет. ГОСТ боюнча жез менен күмүштөн башка компоненттерди кошууга жол берилбестигин белгилеп өтүү керек. 375-пробадагы алтындын курамы өтө төмөн. Мында коркунуч жоктой сезилет. Бирок бул пикир ката. ГОСТ боюнча, бул пробадагы алтын жасалгаларында 375 грамм таза алтын, 100 грамм күмүш, 487 грамм жез жана 38 грамм палладий болушу керек. Бирок контрафакттык жасалгалар пробага текшерилбегендиктен, кайсы бир ГОСТ тууралуу да кеп жүрбөйт. Мындай кооздуктарда жогорку пробадагы алтын сыяктуу эле, эч кандай күмүш жана палладий жөнүндө сөз да болушу мүмкүн эмес. Анын үстүнө, бул жасалгаларда көбүнчө коргошун, сымап, хром, мышьяк жана башкалар сыяктуу уулуу металлдардын аралашмасы бар болот. Мындай металлдардын кичинекей эле организмге таасир кылуусу адамга зыян алып келет: бөйрөк менен боордун каналдары иштен чыгат. Мунун айынан адамдын организминде уулуу заттар менен клеткалардын жашоосун камсыздаган продукциялар топтолуп отуруп, жалпы жонунан ден соолуктун начарлоосуна алып келет. Уулуу оор металлдардын бардык коркунуч жаратуусу бул – алардын адамдын организминде түбөлүк калып кетүүсүндө жатат.
Проба ченемдерин сактабаган, кара тактар пайда болуп кеткен, сынып калган, айрыкча жаш балдардын ден соолугунда ооруларды жараткан сапатсыз жасалгаларды сатып алуунун кереги барбы? Контрафакттык жасалгаларды тагынууда териде из калтырып, адамдардын аллергиялык жана ириңдик реакциясын пайда кылат. Эгерде сиз ушундай «белек» тартууласаңыз, ким сизди жакшы сөз менен эскерет? Бүгүн көпчүлүк энергетикалык точкаларда алтын тагып жүрүүгө кеңеш берип жатса, анда биздин окуяда, тескерисинче, сапатсыз кооздуктан ден соолук бир гана начарлай берет. Элестетип көрсөңүз, өмүр үчүн коркунучтуу жасалганы кымбат жана жакын адамыңызга белек кылсаңыз, кандай уят болосуз. Адамдар ювелирдик жасалгаларды бир күнгө сатып алышпайт. Мусулмандык салт боюнча алтын кооздуктарын бешик той, тушоо кесүү, үйлөнүү той же сөйкө салуу сыяктуу майрамдарга тартуулоо калыптанып калган. Ойлонуп көрүңүз эми, алтын белекти берген адамдарга наристенин биринчи кадамдарына жакыны сапатсыз тартуусу менен эстен кеткис из калтырганын билүү кандай болот? Жаш жубайларга карарып кеткен нике шакектерин тагынып жүрүү жагымдуу болобу?

ГРАММДАРДА КАНЧАЛЫК АЛДООГО БОЛОТ?
Сатып алуучунун кийинки алданып калуусу бул – сатып алынган товардын салмагы. Көбүнчө сатып алуучулар юридикалык жактан кабары аз жарандардын ичине кирүүгө жөндөмдүү, сүйлөөк сатуучуга ишенип алышат. Жасалганын туура эмес салмагын көрсөтүшүп, базарлар менен дүкөнчөлөрдө ювелирдик кооздуктарды сатып алууда бир топ алдашат. Белгидеги чыныгы салмак менен болгон орточо айырмачылык 0,2-0,5 граммды түзөт. Бүгүн 375-пробадагы ювелирдик жасалганын 1 грамм баасы 1350 сом турат. 585-пробадагы 1 грамм жасалга 2500 сомго бааланат. Эсептеп көрүңүз, сиз үстүнө канча төлөп жатасыз? Ар бир граммдан 1150 сомго чейин. Тактап айтканда, эгерде 2 граммдык чоң эмес шакек сатып алынса, анда сиз 2300 сом үстүнө төлөгөн болосуз, эгерде 4 граммдык иймек алсаңыз, демек, 4600 сом ашыкча берген болуп чыгасыз. Эгерде 10 граммдык чынжырча сатып алсаңыз, анда жок дегенде 10 миң сом үстүнө төлөөгө даяр болуңуз. Элестетиңиз, сизди кантип алдап жатышат жана акчаңыз калпычылардын чөнтөгүнө кандайча түшүп жатат. Эмнеге коротконуңуз белгисиз болгон ошол эле акчага кадыр-барктуу ювелирдик дүкөндөрдөн канчалаган кооз асем буюмдарын сатып алмаксыз! Алдамчыларды камсыздоого сиздин ашыкча каражатыңыз барбы?
Кантсе да бул алданып калган кардарлардын карманар илинчектеринин бири. Анткени мындай аракеттер Кылмыш кодексине ылайык, «алдамчылык» беренесине туш келишет. Тилекке каршы, мисалга, 0,05 грамм салмак жетишпей калганын тастыктоо өтө оор, бирок баары бир мүмкүнчүлүктөр бар. Ошол эле убакта пробанын махинациялары тууралуу айтууга болбойт. Мыйзамга ылайык, алтын жасалганы сатып алып жаткан адам сатылып жаткан материалдын сапаты менен эмес, сатып алуу фактысы менен макул болуп калат. Демек, 375-пробадагы жасалганы сатып алып, аны кайтаруу менен 585-пробадагы бирине алмаштырууга болбой калат. Себеби дал ушул проба эмес, товар сатылып алынган. Мындай учурда сатуучуну кылмыш жообуна тартуу мүмкүн эмес, ошондой эле товарды өндүрүүчү өлкөнү креатив үчүн кылмыш жообуна тартуу мүмкүн эмес.
Майда-чүйдөсүнө берилбей, текшерүүчү органдар көбүнесе анча-мынча мыйзам бузууларга көз жумуп, ювелирдик түйүндөрдүн лицензиясын узартып берип коюшат. Уруксат алган абийирсиз сатуучулар эски ишин улантышат. «Легалсыз» менен айып пулдар аларды чочулатпайт. Бүгүн текшерүүчү органдар контрафакт үчүн сатуучуну 2ден 6 миң сомго чейин айып пулга жыгууга укуктуу. Ачыгын айтканда, эгерде сатуучулар күн сайын сапатсыз алтындан мындан да көбүрөөк тапканын эске алса, анда бул сумманын маңызы да жок.

ӨЗҮҢ КҮНӨӨЛҮҮСҮҢБҮ?
– Өзүңүздөн башка эч ким өзүңүздү сапатсыз баалуулуктан сактай албайт. Ювелирдик кооздуктарды сатып алууда сиз алдамчылыктын төмөндөгүдөй башкы белгилерине тушугушуңуз мүмкүн: бул белгиде көрсөтүлгөн проба менен жасалгадагы пробанын шайкеш келбегендиги, белги коюудагы катачылыктар, алтындан жасатылган кооздукта пломбанын жоктугу, жасалганын жашыруун тарыхын тастыктаган өздүк кагазынын жоктугу. Андан тышкары этикеткага көбүнчө 1 грамм алтындын баасын жазбай коюшат. Жыйынтыгында абийирсиз сатуучулар документалдык түрдө далилдеген чекти сатып алуучуга бербөөгө далалат жасашат. Анда сатып алынган товар үчүн бардык салыктар төлөнөт жана муктаждык жаралып калса, аны кайтарып же алмаштырып алууга болот. Бул текшерүүчү адамдар, укук коргоо органдары жана сотко сиз көрсөтө ала турган биринчи жана башкы далил. Керектөөчүлөрдүн укугун коргогон уюмдар тууралуу да эстен чыгарбоо керек. Эксперттер оор кырдаалда эмне кылуу зарылдыгын, кайда арыз жазуу жана дегеле жеңишке таянууга үмүттүн бар-жоктугун айтып беришет. Баса белгилейин, керек болсо мэрияда да атайын бөлүм иш алып барат, ал ушундай маселелер менен алектенип, бишкектиктерге консультация берет. Эмне үчүн ошол жакка кайрылууга болбосун?- деп «АиФ» басылмасынын кабарчысына кырдаалга байланыштуу юрист Николай Вавилов комментарий берет.

БИЛҮҮ – МААНИЛҮҮ!
Эске тутуңуз, базар жана дүкөнчөдө эмес, бир гана кадыр-барктуу ювелирдик дүкөндө сизге ювелирдик сооданын эрежелери боюнча асем буюмду татыктуу сатышат. Ювелирдик жасалгада милдеттүү түрдө белгиси болушу керектигин унутпаңыз, ал жип жана коргошун пломбанын (анын болушу милдеттүү!) жардамы менен кооздукка бекитилген жасалга боюнча маалымат камтылуучу расмий документ болуп саналат. Бул кооздуктун өзүн да, ювелирдик белгисин да сатуу учурунда алмаштырып жиберүүгө жол бербейт. Ошондуктан бир гана пломбаланган ювелирдик белгилер өндүрүшчүлөр тарабынан билдирилген сатып алынуучу ювелирдик кооздуктун мүнөздөмөсүнө дал келүүсүнө кепилдик берет. Белги сөзсүз түрдө калың кагаздан жасалат. Бир гана кадыр-барктуу ювелирдик дүкөндөн сиз бекер кызмат көрө аласыз: жасалгаңызды атайын өтө так ювелирдик салмакты көрсөткөн таразада текшерип көрүү, асыл металлдын пробасын ажыратуучу ташка сүрүүнүн жардамы менен жасалгаңыздын көрсөтүлгөн пробага дал келүүсүн тастыктоого (ушул эле ыкма пробанын белгисин орнотуудагы асыл металлдын пробасын ажыратуу палатасында пайдаланылат) болот. Ошондой эле сиз Даймонд-селектор аппаратынын жардамы менен бриллианттын асыл нускасын ырастай аласыз.
Ювелирдик жасалгалар бул – сатып алууда тыкыр кадамды талап кылган товарлардын категориясы. Адилеттүүлүктү издеп сот жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча адистердин артынан чуркап, абийирсиз сатуучулардан акча кайтарып берүүсүн талап кылганга караганда, текшерүүдөн өткөн бренддин, өндүрүшчүнүн же товарды саткан дүкөндүн пайдасына тандоо жасоо зарыл. Көп жылдаган иш тажрыйбасы бар адистештирилген ювелирдик дүкөндөрдө алтын кооздуктарын сатып алууда сиз сапаттуу жасалга тандап алганыңызга ишенесиз. Анын үстүнө ар бир кадыр-барктуу дүкөндө жеңилдиктердин ыңгайлуу топтолуучу системи иштейт. Жайдары сатуучу-консультанттар ар бир сатып алуучуга ювелирдик жасалгалардын кеңири ассортиментин сунушташып, аны кызыктырган бардык суроолорго жооп беришет. Керек болсо, тандай бергич сатып алуучу да кардарга туура жасалган мамиледе өзүн эркелетүү кумарынын алдында алсыз болуп, кайсы бир көркөм жана саркеч асем буюму менен өз жакындарын кубанткысы келет. Мындай учурда алтын – эң жакшы тандоо.

МААЛЫМАТ ҮЧҮН
Кыргыз Республикасынын 1994-жылдын 1-августунан тарта мамлекеттик сактык көзөмөлгө алуу тууралуу жобого ылайык, КРнын аймагында даярдалган же республикага сатуу үчүн алып киргизилген баалуу металлдардан жасалган бардык ювелирдик кооздуктар белгилүү бир чыныгы мыйзамдарга туура келип, ага проба жана мамлекеттик белги чапталышы керек. Кыргызстанда алтын ювелирдик жасалгалар үчүн төмөндөгү пробалар орнотулган: 999, 958, 750, 585, 500 жана 375. 583-пробадагы алтындан зергерлер менен усталардын жасалгаларды даярдоосуна жол берилет. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сактык көзөмөлгө алуунун жалгыз сактоочусу жана колдонуучусу биздин өлкөдө КРнын Каржы министрлигинин алдындагы Баалуу металлдар департаментине караштуу Сактык көзөмөлгө алуу инспекциясы болуп эсептелет.

Иван Донис

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 573, 25-октябрь-31-октябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан