Арстанбек Абдылдаев:«КЫРГЫЗ БАШЧЫСЫ КЫРГЫЗ ЖОЛУН БИЛБЕСЕ, БӨЛӨК ЭЛДЕЙ ЭСЕПТЕСЕ, ЭЭЛИК КЫЛЫП УЗАЙ АЛБАЙТ»

Кыргыздын аксакалында о дүйнөнүн сүрү бар, кыргыздын байбичесинде келечектин кеби бар, кыргыздын кыздарында кырк периштенин үлгүсү бар, кыргыздын жигитинде Теңирдин нуру бар, кыргыздын макалында алтын доордун аркагы бар.
Кыз баланын орду. Ата-эненин айтканын аткаруу, сыйынуу, аялдык орундукка, бала тарбиялоого, күйөө тутунууга, тамак жасоого, турмушка, ысык-суукка, ыйманга, жүрүм-турумга даяр болуш парз. Эки дүйнөнүн илимин өздөштүрүү зарыл.
Уул баланын орду. Мээнеткеч, тырышчаак, сезимтал, ишмер, изденгич, намыскөй, өз милдетин так аткара билген, улуулардан кеңеш уккан, учур чак тутунган, дээр жетегинде болгону жемиштүү ийгилик алып келет. Жашоого жан дүйнөсү даяр болуусу керек.
Уул-кыздын ата-энеге мамиле жасоосу. Кызмат көрсөтүү, сыйлоо, эмгегин баалоо, батасын алуу, турмуштан тажрыйба алуу, аалам, табият, адам тууралуу илим алуу, эки дүйнөнүн этикасын окуу –  милдет. Ата-эне экинчи кайрылгыс болуп капа болсо, баланын жашоосу татаалдашат. Теңир атадан кийин эле ата-эне орду турат.
Энелик мээрим деген эмне? Энелик мээрим – чексиз касиет, улуу эмгек, бийлик, чыгармачылык, зор ишмердикти талап кылуучу кызмат. Эне мээрими теңдешсиз, ачууну жоёт. Өз ордун билбеген эне эркиндигинен, энергиясынан, куттуу орундан ажырайт.
Эркектин мүнөзү кандай болуш керек? Эркек – коргоочу сырткы тон. Эркек – курч, кайтпас, өжөр, тайбас, эрктүү адам. Ал түрдүү коркунучтан, ысык-сууктан, ар кандай коопсуздуктан сактоочу милдет аткарат. Эркек аял менен тең таймашканы менен, аялда амалкөйлүк басымдуулук кылат. Эркектин табигый жаралгандагы сыны: копол, тез чечимге келүүчү, сезгич, эпчил, тырышчаак, намысчыл, шыктуу, ар кандай оор ишке жөндөмдүү, аялды камсыздандыруу түбөлүктүү мойнунда болот. Эркектин көп туура эмес жолун, копол мүнөзүн, жаман жүрүм-турумун, туура эмес ой-кыялын, багытсыз башкаруусун кылдаттык менен, сездирбей, туура нукка тарбиялоо эзелтен эле аялдын милдети болгон жана Теңир буйруган.
Эркекте каардуу, сүрдүү, айтканынан кайтпаган, кайып пирдей касиет болуш керек. Аялдар кичине эле кейип коюшса, эркектер кек сактап керсейип калышат. Эркектерди мактаганда «мозгилерин» майлаганга барабар, желкелей берсең, желип жоюлат, жок болот. Жан дүйнөсү жарды эркекти мактай берсе, жоокер болот, баарына жетишет. Таякеңби, балаңбы, эркек мактоого, колдоого муктаж. Маймылдай эркекти мактаса мугалим болот.
Аял – ички өзөк, эркек – сырткы тон. Ай – ал. Ал – Ай. Аялды кыргыз эли айга теңеп келген. «Бейиш эненин таманында», «энеден кийин төркүн жок», «кыздын кырк чачы улуу» деп төргө отургузуп сый көрсөткөн. Теңир колдосун дегени – тең болсун дегени. Аял-эркеги, улуу-кичүүсү, уул-кызы болуп эле бир үйдө, бир дасторкондо тең отурушат.
Ислам дининдеги эркек аялын пас сезип, эркектер отурганда үстүнө киргизишпейт, асты алтыдан катын алат. Ислам динине терең берилип кеткен кыргыздар Манас атамды намаз окуган дешет. Манас атам намаз окуган эмес, намаз окуп чектөөгө кирген болсо, кырк чоросун, кылкылдаган кер мурут жигиттерин намазга жыкмак. Манас атам кайсы кылымда жашаган, ислам дини кыргыз элине качан келген, талдап көргүлө. Кыргыздар, Манас атам аткан таңга, чыккан күнгө карап сүкүткө отурган (ичинен изденген).
Ак таңдын касиети өтө ыйык. Улуу дүйнөгө, Теңирге ак дилден тилек айтылса, ошол инсандын ыйманына карай тилеги орундалат. Ак таңда, ар күнү пенделердин маңдай тери, көрөр күндөрү, тагдырлары таразаланат. Ак таңдын касиети ушул, ал ийилип, сыйынган инсандарга сырын ачат. Күн чыкканда Теңир ар инсандын бешенесинен сылап, сыйынганына, сырдашканына, ыйманына карай касиет-ырыскы, бак-дөөлөт, оомат берет. Көкүрөгүндө көрөңгө болбосо, оору, кырсык буйруйт. Күндү кыргыз Теңирдин бир үлгүсү деп тааныйт. Күн ойго, тоого, сууга, ташка, кедейге, байга тегиз, бирдей тиет, энергия берет. Күндөн адам касиет, Айдан аян алат. Күн – Адам ата, Ай – Обо эне. Ай чыкканда, толгондо кыргыз тилек айтып, бата менен жаратат.
«Уюткулуу журт чыныгы сөздөр, чыныгы иштер, чыныгы күчтөр менен гана сакталат» деп кайыптан айтылгандай, кыргыз эли сөз кадырлаган, сөзгө турган, сөз баккан. Мен да сөздүн болушун сүйлөйүн.
Мен Ат-Башы жергесинде карапайым үй-бүлөдө туулгам. 4 жашымдан тарта таежемдин колунда чоңойдум. Таежем турмуштун көп сыноолорун башынан өткөргөн, кайраттуу, чечкиндүү аял эле. Мен кичине капа болуп, курсагым ач болсо эле сыркоолоп калчумун. Көзүмө Манас ата көрүнүп, ишарат берчү. Ыйык күчтөр бала кезимден эле мээнеткеч, сезимтал, уюштургуч касиеттерди берди. Кышкысын уй фермада уй саашып, жайкысын кой кайтарып, ат жалында шамал менен тең жарышып өстүм. Ата уулдук парзымды аткарып, аскерде 120 жоокери бар взводдо командирдин жардамчысы болуп кызмат өтөдүм. Ар улуттун өзгөчөлүгүн, ой жүгүртүүсүн, ордун билдим. Жоктон бар кылып, ишкана курадым, миңдеген кишилер менен иштештим, маяна бердим. Жетим-жесирлерге, багар-көрөрү жокторго жардам кылдым. Атама, кайнатама үй курдум. Айылыма мечит салдым, атамды ажыга алып барып келдим.
1997-жылдан баштап жогорку күчтөр көп кубулуштарды, кабарларды берип баштады. Кайып, пирлер менен иштешкенди, мамиле кылганды билбей, ишаратын, тилин түшүнбөй көп кырсыктадым. Уурдалдым, камалдым, ок жедим, айтор, улуу күчтөр көп сыноодон өткөрдү, жашырып жүрдүм, кийин моюн сундум. 2010-жылы менден Кудай-арбайлар ант алды: «Мен улуу адамзаттын тагдырын мойнума алып жатып, өмүрүмдүн аягына чейин ааламдан программа алмашып, амал алып турам. Мен улуу тоодон чыккан кыргызды ойготуучу, адамзатты куткаруучу, Көктөн буйрулган, чыныгы инсанмын».
Урматтуу кыргыз журтум, доор алмашат, теңдик заман орнойт, ылгоо жүрөт. Акыр заман бүтүп, жаңы заманга өтүү мезгили башталды. Өткөөл мезгилде ар бир адамдын, улуттун, мамлекеттин кызмат орду бар. Кыргыз элинин орду: Адам атанын өзү кыргыз. Башка улуттар Адам ата, Обо энеден жаралдык дегени менен, бирин-бири таксыр, пенде, инсан, человек деп аташат. Кыргыз эли «адам болчу» дейт, бирин-бири «адам» деп бизде гана айтат. Атаң – Кудайың, ата ыраазы – Кудай ыраазы. Атасы турганда баласын ата дедирмек турсун, атасынын көзүнчө эркелеткен эмес. Атасы турганда сакал коюп, атасынан мурун карыган эмес. «Атам өлсө өлсүн, атамды көргөн өлбөсүн» деп, атасынын курдаштарынын астынан кыя өтпөй, урматтаган. Адамдын ыйыктыгын, атанын ордун кыргыз билген.
Манас десе кээ бири жомокту, баатырды, тарыхты элестетет. Манас атамдын чечилиши 3 кырлуу.
1. Манас – кудурети күчтүү Теңирден кийинки сырдуу, кудурет-кереметке ээ, аалам-жерди байланыштырып туруучу Теңирдин жардамчысы. Жарым Кудай (полубог). Манас – Асман. Ошон үчүн Кытайда, Индияда, Тибетте, Непалда жана башка жерлерде дарыяларга, көлдөргө, тоолорго Манас деген ат коюлган.
2. Манас – жогорку даражадагы акыл-эс, сезим, туюм, илим, маданият, Күн баш (высший разум).
3. Нур денелүү киши баласы болуп түшүрүлгөн, кыргыздын баатыры, сактоочусу, колдоочусу – Теңири.
Улуу кыргыз менталитети, улуу кыргыз көктөгү жашоону жерде туруп тескеп турат. Улуу кыргыз көкүрөгү, жүрөгү менен жашоону теңдеп турат. Улуу кыргыз касиети менен улуттарды сактап, оң-солду кошуп, кабыштыра кармап турат. Улуу кыргыз түбөлүктүү! Аалам-жердин түркүгү. Манас атамды сүрөттөгөндөй, «Асман менен жериңдин тирөөчүнөн бүткөндөй, айың менен күнүңдүн бир өзүнөн бүткөндөй, төшү түктүү, кара жер жердигинен түткөндөй» дегени туура. Манас десе кыргызды билет, кыргыз десе Манастын элин дүйнө билет. Улуу кыргыз – караңгы сырларды, жөлөмө күчтөрдү дос кылган, Кызыр тектүү эл. Кыргыз караңгы сырларды иштетет, таш менен учуктайт. Наристенин жүрөгү түшсө, таш менен көтөрөт, жыйынтыгын көрүп жүрөсүздөр, бата менен, назар менен жаратып алышат. Улуу кыргыз – техникага, утурумдук жашоого токтолбогон, тоо башындагы тунук касиетке сүйөнгөн, сөзү ак, көзү от, ырымы ыйык эл.

Көкө Теңир Манастын элине «теңдик доорун курасыңар, улуттарга башчы болосуңар» деп милдет, кызмат буйруду, токтом чыгарды, мөөр басты.
1. Улуу кыргыз – өзөгү өрт ажалды качырган калыс, каршыны бириктирген тегиз, улуттарды жетектөөчү, жөрөлгөчү.
2. Улуу кыргыз адамзатты улутка бөлбөйт, эгер бөлсө, өзү утулат, соттолот.
3. Улуу кыргыз бөлүнсө, күнөөгө батат. Улуттарды бириктирсе, солк этпес ордо түзсө, жер-ааламдын огу болот.
4. Улуу кыргыз улуу мыйзамды жаратпаса, адамзатты ортоңку жолго салбаса, тыптыйпыл болуп жоюлат.
5. Улуу кыргыз өзүн-өзү тааныбаса, улуттарды ээрчип адашса, ар улуттун улагасында калат.
6. Улуу кыргыз жаңы заманды жетектейт, дүйнө элине баш ийбейт, улуу ойлорду айтып уютат.
7. Улуу кыргыз улуулугуна шек келтирсе, чанса, от, суу, таш, шамал, мазар ээлери, ата-бабалардын арбайы урат, өлбөй туруп тозок тартат.
8. Улуу кыргыз табиятты сыйынып жетектейт, ааламды сыйкырлап башкарат, адамзатты аруулантып бириктирет.
9. Улуу кыргыз уютку боло билбесе, ууланып өчөт, өзөгү соолуп, сасык сазга айланат. Уютку болуп, Орто кеңеш түзсө, ойлонуп койсо эле эл аткарат. «Адамзаттын акыреттик ээси болот» деп кайыптан буйрук болду.

Келиңиздер, Теңирдин буйругу менен Орто кеңешке биригип, эл тагдырын чечели.
Мамлекет, бийлик элдики. Ишканаңды бирөөгө башкартып, карабай, сурабай койсоң, уурдайт, банкрот кылат. Бийликтегилерден жерибизди, элибизди, келечегибизди сурайлы. Жаман деп уулубузду жемелегенде эмне пайда? Улуу балаң ишканаңды иштете албаса, кичүү балаңа тапшыр. Горбачёвдун 15 союздук республиканы таратканы, 2 ажобуздун кыргыз элине жасаган жоругу, бүгүнкү бийликтегилердин кылыгы бекеринен эмес. Башатта ушундай түзүлгөн, бул күндү көрбөсө кыргыз ойгонбойт эле.
Мен Көктүн буйругу менен президенттикке талапкерлигимди койгондо кайыптан айтылды эле, Атамбаев болуш керек экен. Кыргыздын көкүрөгү ачыла элек. Жаманды көрсөткөнү – жакшынын баркын бил дегени. Адам биринчи кор болот, козголот, ойгонот. Бийлик жаш кадрларды өстүргөн жок, баягы эле акаевчи, бакиевчилер дейбиз, бул дагы Көктүн буйругу. Жаңы доордо эски кадрлар жетектеп кете албайт. Коомду өзгөрткөн Көктөн буйрулган. Ленинде кайсы тажрыйба бар эле? Жаңы заманда кыргыз элинен кесиби жок, кемчилиги жок эр жигиттер чыгат, Арстан Алай жол көрсөтөт, кыргыз мамлекети биринчи бутка турат. Дүйнөгө үлгү болот, чагылат. Манастын эли тирүү, уйкудасыңар, ойготуп, жүрөгүңөрдү соктуруп коюу – менин милдетим. Биринчи кыргызды өзүнө таанытуу керек, андан соң бардык улуттар баш ийишет.
Улуттардын баарынын көкүрөгү окшош, айырмасы: салты, дини, саясаты бөлөк. Аалам байланышына кыргыз улуту гана шайкеш келгендиктен, бардык улуттар кыргызга биригет. Түндүк – кыргыз, уук – улуттар, кереге – табият. Кыргыз өзүн таанып, журтуна отуруп, түндүгүн көтөргөндө улуттар уук болуп биригет, табият тынчыйт. Көкө Теңир дүйнө элин термете баштады, кырсыктаттырып, тегиздеп кыргызга бириктирет. Табият, жаратылыш – жер адамын аргасыз кыргыз элине багындыруучу көсөө, жазалоочу, жан дүйнөнү ойготуучу сабоо.
Азыркы бийлик пир туткан Путин, мамлекет башчылары улуу күчтөр ар тараптан кысканда багытын сурап кыргыз элине кайрылат. Батышта кыйроо көп болот. Дүйнө эли теңдик доорунда бир элге, бир адамга биригип бирдей мүнөз, бир идея тутунуп, тегиз жашоо болот. Улуу күчтөр материалдык дүйнө үчүн иштеген бийликтин мыйзамын чектеп, байдын кутун учурду. Бийликтегилердин энергиясын алып, акылын уурдап, бири менен бирин тиштештирип, абийирлерин ачып койду, булар алыс узабайт.
Кошой атам коргон куруп элин сактаса, хан Манас атам эли-жери үчүн канжыгага башын байласа, азыркы бийлик карапайым элинен коркуп, бийлигин сактайм деп коргон тосту, аскер курады, ат таптады, ит бакты. Учурдагы эл башчысы, бийлик, чек араны коргобойлубу? Кыргыз-кытай чек арасынан кездемеге кошулуп сансыз кытай келсе, Кытай менен чек аралаш Ак-Сай, Арпа жергесинде ары жагынан ит өтүп, бери жагынан ат өтүп жатат. Казак эли өз тарабын тосту, кенедей өзбек, тажик чек арасын тактап, ал жерге карачкы (чучело) орнотуп койбойлубу? Атабыздан калган бийлик жок го, кыргыздын башын ачыктан башка улутка байлабагыла. Кыргыз эли эзели төбөсүн көрсөтүп, эч кимге тизелеген эмес. «Кор болуп тизелеп жашагыча, тикеден туруп өлгөн жакшы» деген. Күндүн көзүн көрбөгөн күндүз чырак күйгүзөт, ата салтын билбеген кул экенин билгизет.
Касиети менен фашисттин 220 дивизиясын кайрыган Чолпонбайдай Манастын эли, ойгонгула, кыргыз жаңы заманды куруп, улуттарды жетектемек турсун, мамлекетибиз башка улутка жем болуп кетүү коркунучунда турат. Кыргыз кор болгон сайын козголот, түгөнгөн сайын түтөйт, түтөгөн сайын күчөйт, азайган сайын кулпурат. Үзүлгөндү улаган, чачылганды жыйнаган, кытай, калмакты бийлеген хандын тукумдары, кайдасыңар? Теңчиликти сүйгөн Теңирдин эли, силерди асманда ата-бабалардын арбайы, тегиңер, жерде элиңер, эгизиңер (ар улут) күтүп жатат. Келгиле, жөнөкөй жашообузду татаалдаштырган эски системден өтүп, теңдик заманды куралы. Жаңы доорду касиеттүү карапайым эл менен көкүрөгү бузулбаган жаштар курат. Жаштар – жаңы доордун даяр кадрлары. Жаңы доорду куруу азыркы бийликтегилердин колунан келбейт, себеби башка мамлекеттерге көз каранды, эскиче ой жүгүртөт. Кыргыздан Манас чыгат, элдик бийлик орнойт, элдик сот түзүлүп, эл макулдугун берсе, кыргыз элин карызга батыргандарды атып, элдин эсебинен ичип-жегендерди кулакка тартып, үй-мүлкүңөрдү алып, эсептен, керектен чыгарат.
Бийликтегилер, каалайсыңарбы, каалабайсыңарбы, эски систем кулайт. Жаштардын өлүмүнө, элдердин арак ичип кетүүсүнө эски систем күнөөлүү, себеби чөйрөгө караса, калп, ушак, келечектен эч нерсе көрө албай энергиялуу эркек арактан бузулуп, сезимдүүлөр өз өмүрүн кыюуда. Кыргызда качан кылмышкер, сойку болду эле? Урматтуу ата-апалар, илгери кийимиңер жамаачы, тамак-аш өп-чап, чөнтөгүңөрдө пул жок, бирок көкүрөгүңөрдө ыйман, ынсап, чындык, кут, ой бар эле. Бүгүн жашоо жакшы, кийимдин түрү, чөнтөгүңөрдө пул бар, бирок көкүрөгүңөрдө кут, ой, чындык, ыйман жок. Бул жашоо жалган экенинен мурунтан кабардарсыңар. Адам кызмат-милдетин аткарбаганда ар себеп менен Теңирден ажал (жан алгыч) келет, пенде менен беттешүүгө. Тил-ооздон калтырып, көзгө көрүнүп, сурак баштайт.
Куттуу пендем, угуп тур! Эмнелерге жетиштиң? Мен, кызматчы, жаныңды алып, жан досуңду, түгөнбөс жашоолорго жиберүүгө, көкүрөктүн көрөңгөсүн текшерүүгө, адамдык касиетиңди тактоого, сөөгүңдү тазалап, табиятка бекитүүгө даяр болсо, жан дүйнө менен биргелешип бийик жашоого кетүүгө. Жан дүйнө сандыгын ачып бер, эмнең даяр, эмнең кем, кел, сынашалы!
Ажалдан суроо:
1. Адам экениңди мага кантип баяндайсың? Эмне деп жооп бересиң? Табият көмүр кычкыл газын соруп алып, кычкылтек бөлүп чыгарса, көлөкө түшүрүп, көрк берип, буудай, жер-жемиши менен адамды, мал жандыкты багып жатса, кырксаң курулуш материалы, эч болбосо отун болуп берет. Кой өзүнүн мыйзамы менен жашап жатат, эчкидей болуп талга чыккан жок. Терисин ичик, тебетей, чарык кылып, жүнүнөн кийим-кече токуп кийип, боз үйдү жабуулаганбыз. Сүтүнөн айран, сүзмө, курут кылып сактап, күлазык кылып жан сактаганбыз. Адамдык сыпаттан адаштык.
2. Рухтардын кереметин билдиңби?
3. Канча адамга кеңеш берип оңдодуң?
4. Парзыңды аткардыңбы, элиңди касиет менен башкардыңбы? Мындан башка 20 суроосу бар, айтып отурса сөз көп.
Ата-апалар, пайгамбар жашындагы саясатчылар жана башка бай-акелер, эртең Кудай-арбайлардын астында эмне деп жооп бересиңер? «Улуу журтту адаштырдым» деппи? Же «элдин эсебинен жеп-ичтим» деппи? Же «бирөөлөрдү жалган жерден каматтым» деппи? Өткөөл мезгилде калыстык менен кызматыңарды кылгыла, «пенденин оозунда, периштенин кулагында» дегендей, Кудай-арбай баарынан кабардар. Ант берген кыргыз чоролору, атуулдар, «эр жигит эл четинде, жоо бетинде» дегендей, илгери кылыч, найзасын алып эли-жерин сактоого чыкчу эле. Азыр ачык душман жок, былык саясат бар. Урматтуу журналисттер, өткөөл мезгилде силердин дагы милдет, кызматыңар бар, ал – элдин көкүрөгүнө көрөңгө түшүрүү. Кыргызды өзүнө таанытууга салымыңарды кошкула. Бийликтегилер чукушуп, бөлүшүп отурганда эркектин үстүн аттаба, энергия көтөрүп жүрөт дегендей, касиеттүү карапайым эл ойгонуп алды. Кыргыз эли өз жолун тапкыча тынбайт, каны кайнап бук болуп бунт чыгара берет, өтө этият болуп, эпчилдик менен эбин таап, улуу жолуна салуу керек.
Гезиттин түйшүгү көп, чыгымы бар, гезиттин ээлери илимди бекерге, арзанга чыгарбайт. Мындан ары пул төлөп макала чыгарганга менин да көкүрөгүм жол бербеди, байлар каржылап элден бата алабы же гезит ээлери жолун табабы, учур чак көрсөтөт. «Илимди теледен чыгарсаңыз» деген ойду карапайым эл айтууда. Телевидение мамлекеттики, бийликтегилерди бир беткей макташ керек. Мактана турган деле маселелери жок. Телеге мени чыгарбайт, кыргыздын улуулугун айттыргандан көрө кытайдын киносун көрсөтөт, себеби кыргыз ойгонбош керек.
Менчик теленин ээлери, жаңы замандын куруучулары менен эски бийлик ортосунда диалог уюштургула. 31-октябрда чогулалы, учур чак менен иш баштап, ачыктан теңдик заманды орнотууга кадам таштайлы. Арбайлардын укугу бар, кыргызчылыкты мыйзамдаштырууга, арбайлардын укугу бар, кыргыздарды топтоп, мамлекетти түптөөгө. Ойчул элсиңер, ой кошкула, уюштургула. Өкмөт курамы, медицина, саясат, билим берүү, маданият, улуу жол менен өнүгүү түзүлүштөрү кайыптан жазылуу. Келечекке кайдигер карабагыла. Бир жанын ит деле багат. Эл башчыбыз айткандай, мамлекетибиз жоголуп кетүү коркунучунда турат.
Алты жолу айлантып макала жазып ачылыш кылдым, чогултуп сактап окусаңар, көкүрөгүңөргө көрөңгө түшөт. Акылдуусунуп мага, макалаларыма сын койбогула. Акылдуу болсоңор бир макала эмес, бир макал ойлоп тапмаксыңар. Эскиче төңкөрүш кылган менен, пайда жок, кеңешип, чечишип, мамлекетти нөлдөн баштап куруу керек. Тополоңду тойго айланталы. Жаңы доордо адамдын психологиясы жашоодо аябай жооптуу орунду ээлейт. Адамдын акыл-эси айбанча өнүгүп же менчикке иштеп калганда сөзсүз химия жүрүп, жашоо орлошот, кыйрайт. 2013-жылдан ары жашоого өтөм, жашайм деген ар бир инсан эски психологиясын тез жоюп, ички жан дүйнөсүндө бурулуш жасоо керек. 2013-жылдан баштап жерге, карапайым элге аалам-жылдыздардан амал кирди, ойгонот, козголот, иретке келет. Адамзат оор материалдык өткөөлдөн өттү, эми психологиялык бурулуштан өтөт. Ак кар жоюлуп, көк жамгыр көп болот. Адамдын муздак акылы өчүп, кызыл каны жоюлуп, көк канга өтөт. «Көк кан» деген түшүнүк жан кумарын, инь-янь мыйзамын жерип, жетилип, адам жаратуучулукка айланат. Адамдын ар биринин көкүрөк көзү ачылып, чындыкты көрүп ойгонот, жан дүйнөсү козголот. Өзүн таанып, өзүн жаратып, ишеним көрсөтүп, иштин баарын өзүнөн баштайт. Адамзат өзүнүн укугун, утушун, милдетин, кызматын сезип, ордун табат. Жаштарда улуу идеялар ойгонот, ал эми карыларда үмүт оту жанып, периште конот. Адамдын ичинде чочугандай ойгонуу болуп, биригет. Жаңы доордо сыр болбойт, абийирлери ачылып, ачуу чындык орнойт.

Байланыш телефону: 0550 788-188
Гүлжан Усупова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (20)
Danijarov
2013-10-28 18:06:39
Сектант динибузук
0
admin_media
2013-10-28 18:14:49
Danijarov,
Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
Билдирүүңүз өчүрүлдү!
0
Kg.lady
2013-10-28 20:25:46
Берилип окуп жатып,аягына жеткиче зээригип кеттим.Аягы апам айтып берген жомокко окшоп кеттиго шоо,то))
0
kyrgyzman
2013-10-29 16:05:48
"Мотуев - 2"
0
kyrgyzman
2013-10-29 16:07:49
Коко тениринизден президенке кой деген буйрук келип, адашып Атамбаевге берип койгон бекен
0
kaRa-4aPan
2013-10-29 22:46:45
Андан коро погоданы айтпайбы.
0
zilish_kg
2013-11-01 13:27:14
kaRa-4aPan, )))))))))))
0
Wave.
2013-10-30 13:46:41
Чынын айтсам, кээ бирки создору чындыгында чучукка жете тургандай. Бирок арасында бизге туура келбеген нерселер да коп. Негизи бул байке оз туюумун шашылып, терен ойлонбой айтып алат окшойт.

Жанагы "зима не будет" деген созу, кыргызды бир дунк этирди го...
0
azamat.k
2013-10-30 14:56:02
Бул браттын созуно тушунуш кыйын экен,баш айлантпа бир нерселерди жазып,айта бергени жакбайт.Озу эмне деп айтканын озу тушунот бекен ия.Зима не будет вото то,во то то хи хи хи ужас Арстанбек.
0
Beka_89_kg
2013-10-31 02:54:40
зеригип кеттим окуп буткучо мааниси жок эле бир нерсе
0
Omnia
2013-10-31 22:57:32
Бирда созуно тушунгон жокмун


0
eliza89
2013-11-01 01:36:17
Ушу Арстанбек Абдылдаев жонундо макала жазылса эле,дагы эмне жонундо айтат болду экен деп окуйм да:)).
Атасы менен кайнатасына уй куруп бергенин айтпай эле койсо болмок экен.
0
sher89
2013-11-02 11:15:16
Баардык создору баягы башка диндин созу алайда курманжан датка кочосундо зулфия эженин созу зулфияны периште деп аташат аллахты тенир энергия дээрим иштейт жана ошол айылда каргаша деген таш бар ошодон кабар тушуп турат имиш аны кабар таш деп алган. мен сизге айтаар элем ал динден чыгыныз ташка сууга сыйынгандарды (ширк) АЛЛАХ кечирбейт
0
zzz---zzz
2013-11-02 19:36:55
Алладан башка алла жок. Каяктагы отко.сууга,күнгө,айга деген тушунукту коюңуз шаманист болбой. ал заман өтүп кетти. Жана өзүн пайгамбар сезгенди алла мойнудагы күрөө тамырын кестирип коет. Мухаммед С.А.В саламдан башка пайгамбар жок деп моор басылган. Эң акыркы пайгамбар Мухаммед С.А.В Лаа илааха иллаллох, Мухаммадур Расулуллох.Алладан башка сыйынууга татыктуу зат жок жана Мухаммед анын элчиси жана кулу.
0
Aitunuk
2013-11-02 20:36:20
Ушундай адам эл башкарып, президент болом дегенине таң болосуң. Шайлоо алдында элдин добушун алуу үчүн Ат-Башыдагы Кара-Суу айылына мечит курдуруп, толук бүтөрүнө бир аз калган эле, өтпөй калып ак уруп кетип, ал ошол бойдон калган. Эми мусулманчылыкты танып, теңирчиликке түшүнүп-түшүнбөй үндөп жүргөнүнө жол болсун.
0
Aike0909
2014-03-23 02:46:00
мотуев экоон эл алдына чыгарда оюнарды топтоп маанилуу суйлогонду уйронгулочу кооз суйлогунор келет бирок окшошпой уят кылат
0
№ 573, 25-октябрь-31-октябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан