ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (4-ноябрдан 10-ноябрга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Аптада бир топ иштерди аткарууңузга туура келет. Кимдир бирөөлөр жасап жаткан ишиңизге көз артып, туура эмес кеңештерди бериши мүмкүн. Андыктан өз оюңузду ишке ашырууга белсениңиз. Шаршембиде бир аз жалкоолугуңуз кармап, эч нерсеге көңүлүңүз чаппайт. Бейшемби – таарынышкандар менен тил табышууга ылайыктуу күн. Апта соңу үй-бүлөңүздүн курчоосунда өтөт.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Бул аптада ички сезимдериңизди уга билиңиз жана жашооңузга өзгөртүү киргизүүдөн коркпоңуз. Дүйшөмбүдө уккан күтүүсүз кабар сизди таң калтырат. Шаршембиде бирөөлөр менен кер-мур айтышуудан абайлаңыз, душман арттырып алышыңыз толук мүмкүн. Жума, ишемби күндөрү күтүүсүз сапарга чыгышыңыз күтүлүүдө. Жекшемби жагымдуу кабар угуп сүйүнөсүз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Апта сизден чыдамкайлуулукту талап кылат. Чыдап аткарчу жумуштарыңызды бүткөрүп алсаңыз, көп өтпөй ийгиликтерин көрөсүз. Бейшембиде тамак-ашты тандап жебесеңиз, ашказаныңызды оорутуп алышыңыз ыктымал. Ишембиде маанайыңыз суз тартып, жалгыз болууну самайсыз. Эгер жекшемби күнү алдыңыздан көгүчкөндөр чыкса, жакшылыкка жоруп коюңуз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Дүйшөмбү, шаршембиде бетке айтмай мүнөзүңүздөн улам башкаларга жаман көрүнүп, пикир келишпестиктер жаралат. Бейшембиде чечкиндүү болуп, койгон пландарыңызга киришсеңиз, оюңуздагыдай жыйынтыкка ээ болосуз. Ишемби – үй иштерин жасоого ылайыктуу күн. Жекшембиде бирөөлөрдүн ишине кийлигишүүдөн качыңыз.

АРСТАН (23.07-23.08)
Апта башында кесиптештериңиз менен чырлашуудан качыңыз, жаманатты болуп калышыңыз мүмкүн. Шейшемби сиз үчүн оор күн болмокчу. Бейшембиде түзүлгөн мамилелер бекемделет.
Жума күнү акчалай сыйлыкка же гонорарга ээ болуп, капчыгыңыз кампаят. Дем алыш күндөрү жаңы нерсени үйрөнүүгө, тажрыйба топтоого ылайыктуу. Андыктан пайдаланып калыңыз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Колуңуздан келбеген иш болсо аткарам деп куру убада бербеңиз. Болбосо тил угуп же чыгымга дуушар болосуз. Лотереядан бир нерсе утуп алууга мүмкүнчүлүгүңүз бар. Бейшембиде сунушталган иш боюнча дароо чечим чыгаруудан алыс болуңуз. Жыйынтыгы сиз күткөндөй болбойт. Жекшемби – интеллектуалдык иштер менен алектенгендер үчүн эң жакшы күн.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Ашыкча чыгым болбоюн десеңиз, бул аптада чоң буюм сатып алуудан качыңыз. Көп өтпөй туура чечим кабыл алганыңызды билесиз. Атаандаштарыңыз тарабынан бут тосуулар күтүлүүдө. Шаршембиде дарыгердин кабылдамасында болуп, кеңеш аласыз. Жекшембиде жакындарыңыздын бири менен тил табыша албай убара тартасыз.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Аптада энергияңыз ашып-ташып, активдүү иштейсиз. Шейшемби сизди жаңы таанышуулар менен күтүп алат. Шаршембиде абайлап баспасаңыз, бутуңуздан жаракат алып калуу коркунучу туулууда. Ишембиде улуу муундагы туугандарыңыз менен сүйлөшүп ырахат аласыз. Жекшембиде тез аяктаган сүйүү романына туш болосуз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Бул апта жашооңузда интрига жараткан чоң өзгөрүү менен коштолмокчу. Шаршембиде жакындарыңыз ортосунда чыкчу чырдын алдын алыңыз. Антпесе аягы жаман бүтүшү мүмкүн. Бейшембиде оор нерсени көтөрүүдө абайлаңыз, белиңизди оорутуп албаңыз. Апта соңунда жаңы долбоорлор менен иштешүүгө туура келет. Жети өлчөп, бир кесип чечим чыгарыңыз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Бул аптада көбүнчө майда жумуштар менен алек болосуз. Дүйшөмбүдө бирөөлөргө жардам бересиз, бирок аларды желкеңизге мингизип алуудан абайлаңыз. Шейшембиде жаралган балдар маселесинен улам бир аз капа тартасыз. Жума – оор күн. Андыктан бирөөлөр менен араздашуудан качыңыз. Ишембиде орун алган жаңы таанышуулар келечекте сизге ийгилик алып келмекчи.

Суу куяр (21.01-19.02)
Бул апта жумуш издеп жүргөндөргө ийгилик алып келет. Дүйшөмбүдө ден соолугуңузга өзгөчө көңүл буруңуз. Шейшембиде жаңы идиш, буюм сатып алуудан качыңыз. Алар көпкө сизге кызмат кылышпайт. Бейшемби – мурда-кийин баштаган ишти аягына чыгарганга ылайыктуу күн. Апта соңунда күтүүсүз келген конокторду тосуп, бата аласыз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Аптада акча маселесинен улам туугандар арасында чыр чыгат. Дүйшөмбүдө алданып калуу коркунучу бар. Шаршембиде жаракат албайын десеңиз, уруш-талаштан алыс качыңыз. Жетекчилик менен тамашалашуудан сак болуңуз. Ишембиде алдыга жакшы пландарды койсоңуз, сөзсүз аткарылат. Жекшембиде болгон энергияңыз үй жумуштарына жумшалат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 574, 01-ноябрь-07-ноябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан