«ЖАШТАР БАНКЫ» ЭЛГЕ ЗОР ПАЙДА КЕЛТИРҮҮДӨ

Бул жолку сапарыбыз учурда калктын көңүл чордонунда болуп жаткан Ысык-Көл аймагында иш алып барган Борбор Азиядагы Евразия Фонду (БАЕФ) тарабынан түзүлгөн «Жаштар банкына» багытталды. Аталган фонд жана «Жаштар банкы» «Кумтөр» каржылаган көптөгөн долбоорлордун алгачкы жеңүүчүлөрүн аныктады. Сөз ишке ашып жаткан долбоорлор жана «Жаштар банкы» жөнүндө болмокчу.

«ЖАШТАР БАНКЫ» БУЛ – ИДЕЯЛАР БАНКЫ
ВИТАЛИЙ КАТАРГИН, БАЕФтин коомчулук менен байланышуу боюнча адиси:
– Биздин фонд 2005-жылы Кыргызстан, Тажикстан, Казакстан өлкөлөрүнүн аймагында ачылган. Коомдук фонд болгондуктан, негизги багытыбыз жергиликтүү уюмдарга көмөк көрсөтүү болуп эсептелет. Ал үчүн атайын бир нече программалар иштелип чыккан. Алардын бири – жаштардын демилгелерин колдоо. Дал ушул багыттын негизинде 2012-жылы «Кумтөр» компаниясынын каржылоосу менен Ысык-Көл аймагында «Жаштар банкы» деген аталышта долбоор негизделди. «Жаштар банкы» бул – акча чогултуучу жай эмес, идея чогултуучу жай, жаштар комитети деп койсок да болот.
Учурда Ысык-Көл аймагы боюнча мындай комитеттен алтоо ачылып, комитеттин мүчөлөрү дайындалган. Шартка ылайык комитетке мүчө болуп катталуу үчүн талапкерлердин жашы 14төн жогору болуп 28ден ашпашы керек, ошондой эле ошол аймактын тургуну болуусу тийиш. Анткени алар өздөрү жашаган айыл же шаар элинин муктаждыгын жакындан билишет. Мүчөлөр дайындалган соң муктаждыктарын так көрсөткөн жана жалпы суммасы 1000 доллардан ашпаган долбоорлорду кабыл алып, алардын ичинен эң керектүү дегендерди аныктап беришти. Долбоорлор саясий жана коммерциялык өңүттө болбошу керек. Элге социалдык жактан көмөк боло турган долбоорлор гана кабыл алынды.
Бүгүн Балыкчы шаарында мына ошол долбоорлордун биринчи этабынын алгачкы жеңүүчүлөрү «Кумтөр» компаниясынын каржылоосунун негизинде БАЕФ тарабынан ишке ашырылып отурат. Эртең, бүрсүгүнү Ысык-Көл облусун бүт кыдырып, жеңүүчү деп табылган долбоорлорду толук каржылап чыгууну көздөп турабыз.

БАЛЫКЧЫ ШААРЫ
Уюштуруучулар менен таанышкан соң алар менен чогуу долбоордун жеңүүчүлөрүнө бет алдык. Алгач Балыкчы шаардык спорт мектебине зарыл болгон жабдыктарды алып барышты. Аталган мектептин бий боюнча машыктыруучусу, «Кватро» бий тобунун жетекчиси МАРИЯ КУЛИШ ыраазычылыгын биз менен бөлүшө кетти:


– Кандай гана шаардык иш-чара болбосун биз сөзсүз катышабыз. Көнүгүүлөрдү жасоодо спорт залда төшөлүүчү мат (жумшак килем) жок болгондуктан, балдар денелерин кокустатып алган учурлар кездешчү. Бүгүн бул муктаждыгыбыз жоюлуп отурат. Бул үчүн «Жаштар банкына», БАЕФке жана долбоорду каржылап жаткан алтын кен казуучу компанияга ыраазычылык билдиргим келет.

Мындан тышкары Балыкчы боюнча дагы беш долбоордун ишке ашырылгандыгына күбө боло алдык. Алар:

  • «Жарнама үчүн щиттер» долбоорунун алкагында төрт щит колдонууга берилди;
  • «Таштанды үчүн урналар» долбоору боюнча жыйырма урна орнотулду;
  • «Kg smile» КВН командасына форма жана баннерлер даярдалып, тапшырылды;
  • «Жумуш издеген жаштардын клубу» керектүү эмеректер менен камсыздалды;
  • «Жаш таланттарды колдоо» боюнча долбоорго жаңы костюмдар берилди.

БӨКӨНБАЕВ АЙЫЛЫ
Андан соң Бөкөнбаев айылына жол тарттык. Айыл өкмөттүн имаратынын ичинде эл чогулуп, бизди күтүп жатышыптыр. Алар «2013-окуу жылга даярдык» долбоорунун алкагында жаңы мектеп формаларын алчулар болуп чыкты. «Мен мал доктур болуп иштейм. Кесибиме байланыштуу ар бир үйгө кирип-чыгып малдарын дарылоого туура келет. Айрым аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын көрүп ичим ачышып калчу. Анткени көбүнүн окуу куралдары, мектепке кийгенге формасы жок. Долбоордун алкагында 2500 долларга бааланган формалар алынып келди» деди долбоордун автору Арстанбек Кабыл уулу.

Жаңы формага ээ болгон балдардын кубанычында чек жок.

Андан тышкары:

  • «Тоң районунун тургундары үчүн маалымат борбору» – бекер интернет, компьютер жабдыктары коюлду;
  • «Сергек жашоо үчүн жеткинчектер арасында спортту өнүктүрүү» – Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектептин окуучуларына спорттук форма тапшырылды;
  • «Мол түшүм алуу үчүн арыктарды оңдоп-түзөө» – Бөкөнбаев айылынын үч көчөсүндө арыктарды калыбына келтирүү иштери жүргүзүлдү;
  • «Пандус» – Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн кире беришине ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн пандус орнотулду;
  • «Кагаз – таштанды эмес» – макулатура чогултуу үчүн урналар орнотулду;
  • «Жумушсуздук – жаштарга шылтоо эмес» – жаштарды кол өнөрчүлүккө, кайыш менен иштөөгө үйрөтүү иштери бекер өткөзүлдү.

ТАМГА АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
Тамга айылына барганда алгач «Атам, апам жана мен – спорттук үй-бүлө» долбоорунун негизинде мектептин спорт залына спорттук шаймандар жеткизилди. Айылдын орто мектебинин директору ТАМАРА САМИЕВА өз сөзүндө «Буга чейин балдарга дене тарбия сабагы мугалимдин жөндөмү менен гана өткөрүлүп келген. Заманбап сабак өтүү үчүн керектүү шарт талап кылынып, ушул долбоор жазылды» деп айтып өттү.

Долбоордун авторлору Алия менен Айдана спорт шаймандарына көз чаптырышууда.

Жеңүүчү болгон калган 11 долбоор:

  • «Балдардын ойноо аянтчасы» – балдар үчүн оюн аттракциондору орнотулду;
  • «Сергек денеде, сергек ой жүгүртүү» – «Кызгалдак» бий тобуна 10 даана мат тапшырылды;
  • «Маалымат тактасы» – көчөлөргө маалымат текчелери орнотулду;
  • «Көпүрөлөрдү оңдоо» – Тамга айылындагы көпүрөлөрдү оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү;
  • «Көл жээкке таштанды салуучу жана кийинип-чечинүүчү жайларды орнотуу» – таштанды салуучу челектер жана кийинип-чечинүүчү жайлар орнотулду;
  • «Биздин жээк – таза жээк» – жээктер камыштан, чөптөрдөн тазаланып, дааратканалар орнотулду;
  • «Таза көл – таза коом» – Тосор айылынын көл жээктерине таштанды салуучу челектер жана кийинип-чечинүүчү жайлар орнотулду;
  • «Көпүрөлөрдү оңдоо» – Тосор айылынын көпүрөлөрү оңдолуп, калыбына келтирилди;
  • «Кичи футбол аянтчасы» – футбол аянтчасына майда таш түшүрүлдү;
  • «Катуу сүйлөгүч орнотуу» – катуу сүйлөгүч (громкоговоритель) орнотулду;
  • «Футбол-Тамга» – Жасалма газон төшөө иштери жүргүзүлдү.

КЫЗЫЛ-СУУЛУКТАРДЫН ОЛЖОСУ
Жети-Өгүз райондук борборлоштурулган китепканалар тармагына киргенде ал жердеги китеп сүйүүчүлөрдүн көптүгү жагымдуу таң калтырды. Өз сөзүндө китепкана жетекчиси МАКСАТКҮЛ ОКЕНОВА буларды айтып өттү:

Китепканага жалпысынан 130 жаңы китеп тапшырылды.

– Бүгүнкү күндө биздин китепканада 37 миң даана китеп бар, анын көпчүлүгү эскирип калды. Бизге жаңы китептер керек болгондуктан, окурмандарыбыз китепкананын кызматкери Гүлназ Апылова менен биргелешип бул долбоорду жазышкан. Долбоор «Илимсиз ийгилик жок, билимсиз бийиктик жок» деп аталат. Бүгүн жаңы китептер келерин угуп сүйүнүп турабыз.

Мындан тышкары ишке ашырылган долбоорлор:

  • «Тазалоочу жабдык» – балдар үйүнө кир жуугуч машина, суу жылыткыч орнотулду;
  • «Бильярд спортун өнүктүрүү» – бильярд столу сатылып алынды;
  • «Кардарларды тейлөө» – борбордук архивге кардарларды тейлөө үчүн бөлмө ачылды;
  • «Спорт шаймандары» – В.И.Ленин атындагы орто мектепке спорттук шаймандар берилди;
  • «Улуттук кийимдер» – маданий иш-чараларга катышуу үчүн жаштарга улуттук кийимдер тигилди.

КАРАКОЛ ШААРЫ
Караколдун да жаштары долбоор жазышып, бир топ олжолуу болуп отурушат. Алардын аттарын гана атап өтүү жетиштүү болор.

  • «Көпүрө куруу боюнча долбоор» – көпүрө куруу, оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн;
  • «Сулуулук дүйнөнү сактап калат» – 10 адам чач кыркуу, визаж жасоо боюнча бекер билим алышты;
  • «Биримдик жана достук үчүн спорт» – сергек жашоону жайылтуу үчүн 6 команда арасында футбол боюнча спартакиада өттү;
  • «Биз таза шаар үчүн! Биз экобаштыктар үчүн!» – желим бөтөлкөлөрдү жана кагаздарды чүпүрөк, экобаштыктарга алмаштыруу жана желимдин зыяны туурасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Желимдер сатылып, акчасы «Ирада» балдар үйүнө жардам катары тапшырылды;
  • «Таза көчө – таза шаар» – көчө боюна орнотулган отургучтар калыбына келтирилди.

ТҮП РАЙОНУ

Түп районундагы «Жаштар банкы» ишке ашырган долбоорлор төмөнкүлөр:

  • «Айылдын ичин жарык менен камсыздандыруу» – Түп айылынын борбору, борбордук сейил бак жарык менен камсыздандырылды;
  • «Спорт аянтчасын жарык менен камсыздандыруу» – В.Кайкин атындагы орто мектептин спорттук аянтчасы жарык менен камсыз болду;
  • «Айылдын ичин тазалоо» – борбордук аянтчага таштанды салуучу челектер орнотулду;
  • «Спорт жабдуулары менен камсыздоо» – Түп айылынын эки мектебине спорттук жабдуулар берилди;
  • «Оюнчук менен камсыз кылуу» – Түп айылынын эки бала бакчасы жаңы оюнчуктарга ээ болушту;
  • «Түп спорт чеберлерине бир өңчөй форма» – спорттук формалар берилди;
  • «Балдар ойноочу аянтча» – балдар ойноочу аянтча курулду;
  • «Күрөш, бокс залдарынын терезелерин пластиктен жасоо» – спорт залга пластик терезелер орнотулду;
  • «Велоспортту өнүктүрүү» – Түп айылында велосипедчилердин клубу түзүлдү.
  • «Жаштар банкы» чынында эл-жер, жаштар үчүн эбегейсиз пайда алып келип жатканына күбө болдук. Мындай иштер башка аймактарда да өткөрүлсө, демөөрчүлөр табылса экен деп келдик.

Салтанат Мукасова
Влад Ушаков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 574, 01-ноябрь-07-ноябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан