ЭСКИ ДҮКӨН ЭМИ МААЛЫМАТ БОРБОРУ

Үстүбүздөгү жылдын 23-октябрь күнү Ысык-Көл облусуна караштуу Балыкчы шаарында жайгашкан эски дүкөндүн имараты «Кумтөр» кен казуучу ишканасынын каржылоосу менен оңдоп-түзөлдү. Ал имаратта 1 эмес, 3 борбор жаңы кеңселүү болуп, иш алпарууга киришишти. Алар: Туристтердин маалымат борбору (ТМБ), «Кумтөр» компаниясынын маалыматтык бюросу жана «Балыкчы-Финанс» насыя компаниясы.

«ТУРИСТТЕР КӨП КЕЛСЕ БИЗГЕ ПАЙДА»
ГҮЛЗАТ НАРЫНБЕК КЫЗЫ, Балыкчы шаарындагы Туристтердин маалымат борборунун координатору:
– Биздин борбор 2011-жылдын август айында коомдук АVEP фонду тарабынан ачылган. Максатыбыз – көлгө келген туристтерге толук кандуу маалымат берүү. Мисалы, туристтерде жаралган «Кайда барып эс алууга болот жана ага кандай барууга болот? Аба ырайы кандай? Кайсы жерде мейманкана бар жана алардын баалары кандай?» жана башка ушул сыяктуу толгон суроолорго жооп беребиз. Мурда биздин борбор Балыкчыга кирип келе жаткандагы экологиялык посттун имаратында иш алып барчу. Бирок ал жер туристтерге ыңгайсыздыктарды жаратчу. Бүгүн шаардын борбордук бөлүгүндөгү жаңы кеңсеге кирип отурабыз. Бул биринчиден, туристтердин бизди таап келишине ыңгайлуу. Экинчиден, имаратыбыз заманбап талаптарга ылайык. Андан тышкары кеңсебиз кеңейгендигине байланыштуу жергиликтүү тургундардын колу менен жасалган сувенирлер да сатыкка коюлмакчы. Максатыбыз – туристтерди көбөйтүү. Канчалык көп турист келсе, ошончолук бизге пайда экенин элибиз жакшы билет. Биздин башка турфирмалардан айырмабыз – кызматыбыз акысыз көрсөтүлөт.

«ЖУМУШ ОРУНДАРЫ ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ БЕРЕБИЗ»
– Мурда биздин маалымат борборубуз Балыкчынын ашуу базасында иш алып барчу. Ал жерге баруучу элге шаардын бир учунан экинчи учуна жетүү бир топ ыңгайсыздык жаратчу. Эми бул имаратка көчүп келгенден кийин калкка биздин ишмердүүлүк боюнча маалымат жеткиликтүү болот деп ишенебиз,- деп билдирди өз сөзүндө «Кумтөр» компаниясынын туруктуу өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Дуглас Гриер. Андан тышкары ал борбордо облустун жашоочулары жана компаниянын адистери үчүн ар кандай окуулар, тренингдер өткөрүлүп турарын да айтып өттү.

МАРИТА СЫДЫКОВА, «Кумтөр»маалыматтык бюросунун коомчулук менен байланышуу боюнча адиси:
– Биздин бюродон Балыкчы шаарынын тургундары «Кумтөр» компаниясынын ишмердүүлүгү жөнүндө толук жана так маалымат ала алышат.

  • Айлана-чөйрөнү коргоого канча каражат бөлүнүп жатканын;
  • Аймактар боюнча жүрүп жаткан долбоорлор туурасында;
  • Бюджетке жана Ысык-Көл облусун өнүктүрүүгө чегерүүлөр;
  • Кен ишканасында алтын казып алуу жөнүндө маалымат жана башкалар туурасында суроолорго жооп беребиз

Андан тышкары компаниянын жетекчилерине суроо, сунуштар менен кайрылууну каалагандар кат жөнөтө алышат. Кайрымдуулук көрсөтүүгө документтерди берүү эрежелери менен тааныштырабыз. Кадр саясаты, жумуш орундары боюнча бардык маалыматты беребиз.

«10-12 ПАЙЫЗДЫК НАСЫЯЛАР БЕРИЛЕТ»
МУРАТБЕК ШАМУРЗАЕВ, «Балыкчы-Финанс» насыя компаниясынын директору:
– Биз 2012-жылы «Кумтөр» компаниясы тарабынан грант – 15 миллион сом алып ачылган элек. Быйыл дагы
16 миллион сом беришти. Насыя элге 10-12 пайыздык үстөк менен мал чарбасы, дыйканчылык жана кызмат көрсөтүү деген үч тармакта берилет. Насыяны эң алгач аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө бергенге аракет кылабыз. Кардарларыбыздын саны өтө эле көп болуп жатат. Аларды атайын бир журналга тизмелеп койгонбуз, кезеги менен берип жатабыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 574, 01-ноябрь-07-ноябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан