«СУУ СЫЙЛАГАН ЗОР БОЛОР, СУУ КОРДОГОН КОР БОЛОР»

«Жамгыр менен жер көгөрөт, бата менен эл көгөрөт» деген накыл кеп бар эмеспи. Анын сыңарындай айдоо аянттары суу жок болсо чөлгө айланары анык. Бирок «Кумтөр» компаниясы менен Агробизнести камсыздоо жана өнүктүрүү боюнча кыргыз долбоору (КАЕD) биргелешип «Ысык-Көл аймагында мындай коркунучка жол жок» дешүүдө. Дегеним, Жети-Өгүз районуна караштуу Ичке-Булуң жана Ак-Дөбө айылдарында суу жетпегендиктен улам иштетилбей калган 1200 гектар айдоо аянты эми суу менен камсыздалды.

ДУГЛАС ГРИЕР, «Кумтөр» компаниясынын туруктуу өнүгүү бөлүмүнүн башчысы:
– Биз мурда мындай инфраструктураны калыбына келтирүү боюнча иш-чараларды жасап көрө элек болчубуз. Андыктан КАЕD’дин тажрыйбалуу адистери менен иш алып баруу биз үчүн бир топ ыңгайлуу болду. Биздин компания тарабынан бөлүнгөн 200 миң АКШ доллары Жети-Өгүз районуна караштуу Липенка айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан «Самат-Көл» дамбасын, ирригациялык каналдарды, Ак-Дөбө айылына жакын жайгашкан жердеги күнү-түнү жөндөө бассейнин (КЖБ) толук бойдон калыбына келтирүү иштерине жумшалды. Андан тышкары КАЕD да болжол менен 170 миң АКШ доллар кошумча акча бөлүп берген. 

УБАЙДУЛЛА АБДУЛЛАЕВ, КАЕD’дин адиси:
– Бүгүн биздин «Кумтөр» компаниясы менен биргеликте ишке ашырган долбоордун жыйынтыгына күбө болуп отурасыздар. «Самат-Көл» дамбасы 720 гектар, ал эми КЖБ 467 гектар айдоо аянтын суу менен камсыздай алат. Мурда бул жерлерге суу жетпегендиктен түшүмдүүлүк өтө аз же жокко эсе болчу. Анткени дыйкандар пайда ала албаган жерлерди жөн гана таштап салышкан. Эми андай маселе жаралбайт. Сугарылбай өскөн эгин менен суу ичип чоңойгон эгиндин түшүмдүүлүгүнүн айырмасы айтпаса да белгилүү. Бул долбоор Ысык-Көлдүн дыйкандарына зор пайда алып келет деп терең ишенем.


 

АЙША АЛЫБАЕВА, Ак-Дөбө айылынын тургуну, пенсионер:
– Суу кордогон кор болор, суу сыйлаган зор болор. Сууну сыйлап, суу сактагычыбызды тазалап берген балдарыбызга Кудай өмүр берсин. Канча жылдан бери ылайга толуп жатчу эле, эми жакшы болду. Демөөрчүлөргө чоң рахмат!

Калыбына келтирилген жерлердин лентасын кесүүгө уюштуруучулар, жергиликтүү эл жана өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Эмил Каптагаев катышты.

Салтанат Мукасова
Влад Ушаков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
BORN.kg
2013-11-10 01:29:40
Суу кордогон кор болоор
Туура жазгылачы!
0
№ 574, 01-ноябрь-07-ноябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан