Тандоо мезгили келди! Салтка айлангандай, жылдын соңунда «Супер-Инфо» гезити ар тармакта жигердүү ийгилик жараткан инсандардын эмгегин баалап, наам тапшырат. Жылдын жыйынтыгын чыгарган СУПЕР КОНЦЕРТ 13-14-ДЕКАБРДА Токтогул Сатылганов атындагы УЛУТТУК ФИЛАРМОНИЯДА өтмөкчү. Концертти «Супер сулуу» сынагы коштоп, жеңүүчүлөр калыстар тобунун добушу менен аныкталат. Шарт боюнча гезитке жарыяланган талапкерлердин тизмеси 1-ноябрда SUPER.KG порталыбызга жүктөлүп, 29-ноябрга чейин добуш берүү жүргүзүлөт. Арасынан эң көп добуш алган алдыңкы үчилтик Супер концертте элге өнөрүн тартуулап, мыктысы аныкталат. Андыктан, күйөрмандар,
super.kg порталына кирип, добуш бериңиз!
«ЖЫЛДЫН СУПЕР РЕМЕЙКИ»
1. «Кетпейм сага жолукмайынча», Сагыныч
2. «Карындашым», Бек Исраилов
3. «Чабалекей», Нурлан Насип
4. «Атаман», Нурлан Насип, Аваз Акимов
5. «Классташым», Чолпонай
6. «Ойлорум сага», Малика Дина
«ЖЫЛДЫН СУПЕР ЫРЫ»
1. «Сүйөм сени, унутпа», Омар
2. «Мен сенден кетейинчи», Гүлжигит Сатыбеков
3. «Мен сүйгөн менен пайда жок», Нурмат Садыров
4. «Менин да сүйүүм ушундай», Нурлан Насип
5. «Кат жазчы мага», Алтынай Нарбаева
6. «Жүрөгүм», Данияр Эрматов
7. «Карындашым», Мирлан Баеков
«ЖЫЛДЫН СУПЕР ЫРЧЫ АЙЫМЫ»
«ЖЫЛДЫН СУПЕР ЫРЧЫ МЫРЗАСЫ»
«ЖЫЛДЫН СУПЕР САУНДТРЕГИ»
1. «Садагам», Каныкей («Салам, Нью-Йорк!» тасмасына)
2. «Кыздарга ишенбе», Ильяз Андаш («Карт бойдок»)
3. «Два огня», Чолпонай («До+фа»)
4. «Жашырасың», Съездбек Искеналиев («Карт бойдок»)
5. «Сүйөм дечи», Элиза Орозова («Сүйөм дечи»)
«ЖЫЛДЫН СУПЕР ДЕБЮТУ»
«ЖЫЛДЫН СУПЕР ТАСМАСЫ»
Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айына чейин экранга чыккан тасмалар бул наамга көрсөтүлдү. «Жылдын супер актёру» жана «Жылдын супер актрисасы» «Жылдын супер тасмасы» боюнча тандоо жыйынтыгынын негизинде аныкталат
«ЖЫЛДЫН СУПЕР КЛИБИ»
«ЖЫЛДЫН СУПЕР СПОРТЧУСУ»
«ЖЫЛДЫН ТВ ПЕРСОНАСЫ»
«ЖЫЛДЫН СУПЕР ЫРЧЫ МЫРЗАСЫ» НААМЫНА ТАЛАПКЕРЛЕР
Нурлан Насип:
– Быйыл да «Жылдын супер ырчы мырзасы» наамына талапкер болгонума кубанып жатам. Негизи эле ушул жылы былтыркыга караганда көбүрөөк эмгектендим. Жылдын эсебинен учурда 3 клип, 6-7 ыр жаздырдык, Бишкекте отчёттук концертимди бердим. Жаңы ырларымдын баарын эл жылуу кабыл алып, хитке айланууда. Буюрса, Супер концертке атайын жаңы форма тиктирип, кызуу даярдык көрүп жатам.
Добр:
– «Супер-Инфонун» тандоосу жыл аягында болот деп дайыма аракет кылып иштейбиз, силер бизге чоң стимул бересиңер, рахмат демекмин. Бул нерсе спорттогу мелдеш сыяктуу эле, өзүңө жаккан жумушту кылып, ийгиликтүү болсо жыйынтыгында сыйлык аласың. «Башкысы жеңиш эмес, катышуу» деп коюшат эмеспи. Анын сыңары катышып койгонум деле мен үчүн чоң жетишкендик. Менин келечекте «Жылдын рэп ырчысы» наамы болсо деген тилегим бар.
Нурмат Садыров:
– Мурун ырчы болуп көп тааныла электе жылдыздардын наам алып жаткандарын көрүп суктанчумун, ушундай ийгиликтерди мен да жаратсам деп. Учурда продюсерсиз өзүм чуркап иштеп, эмгегимдин акыбети кайтып, наамдарга көрсөтүлүп жатканым мен үчүн сыймык. Былтыр «Жылдын супер дебюту» наамына көрсөтүлгөн элем, быйыл болсо минтип бир эмес, эки наамга талапкер болуудамын. Бул мен үчүн чоң жоопкерчилик.
Дайыр Исмадияров:
– Ыр жаздырып, клип тарттыруу мага жаккан нерсе, андан «кайф» алам. Ушинтип иштеп, жыл жыйынтыгын чыгарарда бир наамга татысам, албетте, мен үчүн жагымдуу. Эл эмгегимди баалады дегендик. Кыргызстанды кыдырганда элдин жеке концертиме келгенин көрүп, демек, эл менин ырларымды угуп жатыптыр деп жагымдуу абалга туш болгом.
Гүлжигит Сатыбеков:
– Биринчиден, мен талапкер болом деп күткөн эмесмин. 2008-жылы «Коштошуу», 2012-жылы «Лейлектик кыз» деген ырларым Кыргызстанда чоң популярдуулукка жетти. Демек, менин да эмгегим бааланып жатыптыр, мындан ары да токтоп калбастан иштей беришим керек экен деп калдым.
Аваз Акимов:
– Чынында быйыл мен абдан аракет кылып иштедим, Биринчи жолу чоң каражатка клип тарттырдым. Башында “Жылдын супер ырчы мырзасы” наамына көрсөтүлүп жатасың” деп айтышканда бир аз чочулагам. Анткени бул нерсе мен үчүн күтүүсүз жаңылык болду, кошумча чоң жоопкерчилик да бар. Менин атаандаштарымдын баары досторум экен, баары татыктуу десем болот. Андыктан баарына жана өзүмө ийгилик каалайм.
Данияр Эрматов:
– Биринчиден, мен үчүн “Жылдын супер ырчы мырза” наамга көрсөтүлгөнүмдүн өзү чоң ийгилик. Андыктан аябай сүйүндүм. Буга чейин билинбей эле иштей бериптирмин, эми гана чын эле ийгилик жаратып жатканымды түшүнүп жатпаймынбы (күлүп). Быйыл “Супер ырчы мырза” наамга көрсөтүлгөндөрдүн баары менин досторум экен. Бири-бирибизди куттуктап бүтпөй жатабыз. Ошон үчүн арабыздан ким алса деле капа болбойм, башкысы “Жылдын супер концертине” катышсам кубанычта болом.
Сүйүн Кулматова,
Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg