«КУМТӨР» ҮЧҮН ЖООП БЕРЧҮ МЕЗГИЛ БЫШЫП ЖЕТТИБИ?

«Кумтөр» маалымат казанын кайнатууну улантууда. Бул сапар кен боюнча Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келген документтерге кол койгон адамдарга кылмыш иштери дүңүнөн козголуп баштады.

АБИЛДАЕВ, АКМАТАЛИЕВ, ОСМОНОВ...
Башкы прокуратуранын жетекчилиги менен түзүлгөн ведомстволор аралык тергөө тобу тарабынан мурдагы каржы министри Болот Абилдаев менен экология жана өзгөчө кырдаалдар боюнча экс-министр Темирбек Акматалиев 25-октябрь күнү кармалышты. Бирок ошол эле күнү кечинде эч жакка чыгып кетпөө тил каты менен экөө тең үй камагына чыгарылды. Аларга карата «2003-жылы «Кумтөр» долбоорун реструктуризациялоо учурунда коррупциялык иштерге катышкан» деген айыптар коюлууда.
28-октябрда башкы прокурор Аида Салянова Жогорку Кеңештин депутаты Курманбек Осмоновго карата кылмыш ишин козгогонун билдирди. Ага да «Кумтөр» ишинин алкагында «коррупция» беренеси боюнча күнөө тагылууда. Эскерте кетсек, 2002-2004-жылдар аралыгында Осмонов биринчи вице-премьер жана адилет министри болуп турган. «Кыргызалтын» ААКсынын мурдагы
башчысы Дастан Сарыгуловдун айтымында, Курманбек Осмоновдун 2003-жылдагы «Кумтөр» долбоору боюнча макулдашууга түздөн-түз тиешеси бар. «Курманбек Осмонов адилет министри катары макулдашуунун Жогорку Кеңеш аркылуу өтүүсү милдеттүү эмес, ага өкмөттүн токтому эле жетиштүү деп жазып берген»,- дейт Сарыгулов.
30-октябрь күнү Курманбек Осмонов депутаттардын алдына чыгып: «Мен эч жакка качып кетпейм. Учурда ооруп жатканыма байланыштуу бейтапканадамын»,- деди. Башкы прокурордун айтымында, 2003-жылдын 31-декабрында «Кумтөр» долбоору боюнча макулдашууга адилет министри жана биринчи вице-премьер Курманбек Осмонов, каржы министри Болот Абилдаев, тышкы иштер министринин орун басары Талант Кошчубеков, айыл чарба жана суу чарба министри Александр Костюк, социалдык коргоо министри Роза Акназарова, саламаттыкты сактоо министри Миталип Мамытов, транспорт жана коммуникация министри Кубанычбек Жумалиев, ички иштер министри Бакирдин Субанбеков, экология жана өзгөчө кырдаалдар министри Темирбек Акматалиев, тышкы соода жана өнөр жай министри Садриддин Жиенбеков, мамлекеттик мүлктү башкаруу жана түз инвестицияларды кызыктыруу боюнча мамкомитеттин төрагасынын орун басары Анатолий Макаров, «Кыргызалтын» ААКсынын президенти Камчыбек Кудайбергенов кол койгон. Тизмедеги акыркы экөө каза болушкан. Айтмакчы, «Кыргызалтындын» экс-башчысы каза болгондон бир күн мурун
11 миллион долларды башка жакка которгон документке кол койгонун Аида Салянова билдирди.
30-октябрь күнү тышкы соода жана өнөр жай боюнча экс-министр Садриддин Жиенбековго да сыртынан айып тагылды. Учурда ал Кыргызстанда эмес. Башкы прокурор «Кумтөр» долбоору боюнча 10 кылмыш иши козголгонун айтты.

 

КЕЗЕК РАВШАН ЖЭЭНБЕКОВДОБУ?
30-октябрда президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков Жети-Өгүз районуна барып, анын жашоочуларын «Кумтөр» ишканасына каршы митингге чыгууга үндөгөнүн билдирди. «Элибиз ишенчээк келет. Кыргызстандын колунда «Кумтөрдөгү» 67 пайыздык үлүштүн ордуна 16 пайыз калып жаткан учурда Равшан Жээнбеков мамлекеттик мүлк министри болуп турган. Ооба, реструктуризация боюнча документке анын орун басары кол койгон. Бирок башчынын жактыруусу жок эч ким кол койбойт»,- деди мамлекет башчы.
Башкы прокурор Аида Салянова да депутат Жээнбековдун 2003-жылдагы «Кумтөр» долбоору боюнча макулдашууга түздөн-түз тиешеси бар экенин айтты. «Чечим кабыл алынып жатканда ал кездеги жетекчилик сизди аяп коюптур. Сизди угуп отуруп, бизди үйрөтүүгө эч кандай моралдык укугуңуз жок деп эсептейм»,- деди башкы прокурор.

САРУУ КАЧАН ТЫНЧЫЙТ?
Өткөн ишемби күнү мамлекет башчы «Кумтөрдүн» тегерегинде өтүп жаткан митингдердеги адамды барымтага алуу өңдүү мыйзамсыз көрүнүштөрдү катуу сынга алгандан көп өтпөй Саруу айылынын жергиликтүү тургундары УКМКнын кызматкерлерин сабап салышты. Эгерде Ысык-Көлдөгү быйылкы кенге байланыштуу митингдердин өнүгүшүн жакшылап талдап көрсөк, мунун артында чоң бир уюштургуч турганы карапайым калкка деле билинип калды. Атайын формачан атчандардын демонстративдүү чыгуусун эле алалы. «Кумтөр» үчүн күйгөн айыл-кыштактын катардагы тургуну митинг үчүн окшош кийинип чыгууну элес да кылбайт. Керек болсо митингдер губернаторду барымтага алууга чейин жетүүдө. Мындан улам ой жаралат, элдин артында көмүскөдө турган уюштуруучу түрдүү чагымчылдыктарга баруу менен бийликти катаал чара көрүүгө тымызын түртүп, максатына жете албай жатат.

Эльвира Караева,
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Beka90
2013-11-04 10:34:31
Откондо бир адам олтургучтуу кармоо учурунда атып олтурулгон эле! Ошол канкор адамдын аты фамилиясын озунун туулуп оскон айылынын кочосуно коюлуптур! Ошол канкор (маняк) адам депутат, бизнесмендерди атып олтуруп соопко калгандыгы учун аты фамилясы очпосун деп коюлду да турабы? Озу ушуга окшогон адам Кыргызстанга керек экен, Кыргызстанды жеп туготкон адамдарды атып олтуруп жургон!
+1
N.Bakazova
2013-11-07 02:06:27
Mamlekettin kyzykchylygyn kozdomuw bolgon chondor kumtor kazanyna kairadan ot salyp, jalynyn arbytyp, biri birinin aiybyn achyp bawtawkan eken.
0
№ 574, 01-ноябрь-07-ноябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан