4-ноябрда Коргоо кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өтөт. Президенттин катышуусунда өтчү бул жыйында Башкы прокуратуранын, Экономика министрлигинин жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антикоррупциялык кызматынын жетекчилеринин маалыматы угулат.
Антикоррупциялык кызмат түптөлгөндөн тартып жалпы 500 кылмыш иши козголгон. Алардын ичинен резонанс жараткандары деп мурдагы социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабировго, анын жардамчысына ири өлчөмдө пара алуу боюнча кылмыш иши козголгонун жана жоопко тартылганын, ЖКнын депутаты Нариман Түлеевге, «Альфа Телекомдун» башкы директору Алмаз Абековго козголгон иштерди айтууга болот.
Бул аптадагы «Кумтөрдүн» тегерегинде козголгон кылмыш иштери да коррупцияга каршы күрөштүн чоң толкуну уланып жаткандыгын көрсөтүүдө. Коррупциялык иш-аракеттердин кесепетинен өлкө бюджетине 2 миллиард 475 миллион сом зыян келтирилгени аныкталса, казынага 102 миллион 300 миң сому кайтарылган. Буга чейинки бийликтер деле «коррупция менен күрөшүү керек» деп кыйкырып, конкреттүү чара көрүүгө келгенде саясий эрки жетчү эмес. Учурда эл сөздөн ишке өтө баштаган жыйынтыктарды көрө баштады.
Эльвира Караева,
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg