«Менин ушундай сапатым бар, эч качан алдын ала өзүмдүн тагдырымды, карьерамды, жумуштук ордумду пландаштырбайм. Кудайдын буюрган бир жумушу тургандыр, анткени менин калемимди эч ким тартып ала албайт да. Журналистмин, кандай гана ММК болбосун, радиобу, гезитпи же телеканалбы, айтор, өзүмдүн нанымды таап жегенге кудуретим жетет»,- деп буга чейин бизге интервью берген Султан Каназаров «Азаттык» радиосунун Бишкектеги кеңсесинин жетекчиси болуп дайындалды. Ал мурун «Азаттык» радиосунда, «Репортёр» гезитинде кабарчы болуп иштеген белгилүү журналист. «Азаттык+» жаштар берүүсүнүн биринчи алып баруучусу да дал ушул Султан мырза болгон. Ошондой эле өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаеванын, андан кийин өкмөт башчы Өмүрбек Бабановдун пресс-катчысы болуп иштеди. Буга чейинки «Азаттыктын» директору Султан Жумагулов 3 жылдык келишиминин мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу кызматынан кетти.
Эльвира Караева,
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg