ӨЛКӨДӨ 123 КЫРГЫЗ-КОРЕЙ ИШКАНАСЫ БАР...

  • «ИИМдин академиясынын мурдагы жетекчиси АЛМАЗБЕК БАЗАРБАЕВ «шалаакылык» беренеси менен айыпталып, 100 миң сом айып пул төлөйт жана 3 жыл мамлекеттик кызматты ээлөө укугунан ажырайт. Ал эми анын орун басары РАХМАТУЛЛО АМИРАЕВ 11 жылга күчөтүлгөн режимде камалат» деген өкүмүн Свердлов райондук соту чыгарды. Эске салсак, полковник Амираев былтыр 100 миң сом пара алып жаткан жеринен УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан кармалган.
  • ДАНИЛ ИБРАЕВ экономика министринин орун басары болуп дайындалды.
  • Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги 23-ФЕВРАЛЬ, 1-МАЙ, 5-МАЙ, 7-НОЯБРЬ күндөгү майрамдык эс алуу күндөрүн жокко чыгарууну сунуштап жатат. Бул күндөрдү 1-5-январдагы эс алууга жылдырууну демилгелөөдө.
  • 9 ай ичинде Кыргызстанда 202 КЫРСЫК катталган. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов билдирди.
  • Экономика министринин орун басары Адылбек Касымалиев Кыргызстанда 123 КЫРГЫЗ-КОРЕЙ ИШКАНАСЫ иштээрин маалымдады.
  • Жалал-Абад облустук прокуратурасы Июнь окуясында Сузак районундагы «САНПА» ЗАВОДУНУН жанында массалык киши өлтүрүү боюнча өмүр бою эркинен ажыратылгандарды мыйзамсыз бошотуп жиберген 3 сотко карата кылмыш ишин козгоду.
  • Келерки жылдан тартып ИИМде иштеген кызматкерлердин айлыгы 1000 СОМГО жогорулай турганын министр Абдылда Суранчиев кабарлады.

Эльвира Караева,
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 574, 01-ноябрь-07-ноябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан