«Баркод» түнкү клубунун ди-джейи жана «Тумар» радиосунун үн режиссёру Жаныбек Айдаралиевдин өлүмүнө себепкер деп айыпталып соттолгон Максат Эралиев темир тор артында эмес. Тактап айтканда, алгач 14 жылга камалган ал учурда эркиндикте экен. Болгону жатак-абагында. Демек, ал Кыргызстандын аймагында кең-кесири жүрө алат.
АЙЫПТАЛУУЧУ 4 АЙДАН КИЙИН КАРМАЛГАН
Кыргызстандын Жогорку Сотунун токтомуна ылайык, «Баркод» түнкү клубунун ди-джейи жана «Тумар» радиосунун үн режиссёру Жаныбек Айдаралиевдин өлүмүнө себепкер деп айыпталып соттолгон Максат Эралиев жатак-абакта. Бул тууралуу Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынан билдиришти.
Эске салсак, 23 жаштагы Жаныбек Айдаралиев 2011-жылдын 16-октябрында Бишкектеги «Мото» соода борборунун жанында сабалган. Таксистти коргойм деп катуу сабалган Жаныбек комага түшүп, 9-ноябрда каза тапкан. Бул кылмышка Ысык-Көл облусунун тургуну Максат Эралиев шектелип, ага издөө жарыяланган. Бул эрен 4 ай бою дайынсыз болуп качып жүрүп, 2012-жылдын 26-январында гана укук коргоо кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөн.
«ГУМАНДУУ» СОТТОРГО ДАҢК!
Биринчи Май райондук сотунун 2012-жылдын 24-майындагы өкүмү менен Максат Эралиев Кылмыш-жаза кодексинин 350-беренеси (документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды кол менен жасоо, даярдоо, сатып өткөрүү же пайдалануу), 104-беренеси (ден соолукка атайылап оор залал келтирүү, жабырлануучунун өлүмүнө алып келгенде) жана 346-беренеси (мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) боюнча күнөөлүү деп табылып, 14 жылга эркинен ажыратылган. Ошол эле жылдын 5-сентябрында Бишкек шаардык соту тарабынан Биринчи Май райондук сотунун өкүмү өзгөртүлүп, Эралиевди 4 жылга эркинен ажыратуу боюнча өкүм чыгарган.
Ал эми 2013-жылдын 19-мартында Жогорку Соттун соттук коллегиясы Эралиевдин мөөнөтүн 3 жылга чейин кыскарткан жана «кылмыш жообуна тартуу мөөнөтү эскиргендигине байланыштуу» дегенге шылтап Чолпон-Атадагы №44-жатак-абагына жаза мөөнөтүн өтөөгө чечим чыгарган.
АНДАН СОҢ...
Жатак-абакта мөөнөтүн өтөгөн адам ачык эле жүрөрү, болгону бир айда бир жолу кайда жана эмне кылып жүргөндүгү тууралуу абактын администрациясына маалымат берип турары белгилүү. Мындан сырткары абактын жетекчилиги уруксат берсе, Кыргызстандын аймагында ээн-эркин жүрө алат. Жазасын өтөп жүргөн Максат Эралиев №44-жатак-абагынын администрациясына арыз менен кайрылып, башы ооруп жатканын билдирген. Ал Чолпон-Атадагы, андан соң Бишкектеги ооруканалардын бирине текшерилүү үчүн жөнөтүлгөн. Азырынча анын ден соолугу боюнча диагноз чыга элек.
Маркумдун жубайы Айжан Кулибаева (ди-джей Алина Баженова катары таанымал) күйөөсүн сабаган адам кармалбай жүргөн убакта: «Азырынча эч кандай жыйынтык жок. «Мына кармайбыз, эртең кармайбыз» деп эле жүрүшөт. Аны жогорудан бирөө калкалап жатат. Атасы прокурор, апасы сот болуп иштеп, майлуу-сүттүү орундарда отурган тааныштары бар экен. Алар тергөө ишин үзгүлтүккө учуратууга бүт аракетин жасашууда»,- деп билдирген эле.
Бул боюнча Жогорку Соттун маалымат кызматы соттолуучуга карата өкүм маркумдун туугандарынын өтүнүчү боюнча жеңилдетилди деп билдирди.
Ошентип, таксистти сабап, ага болуша кеткен 23 жаштагы жигитти да сабап, өмүрдүн кыйылышына алып келген адамды соттор бир жарым жылда абактан чыгарып коюшту.
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg