28-октябрь күнү Түркиянын Эскишехир шаарында кайталангыс талант, түбөлүктүү сыймыгыбыз Чыңгыз Айтматовдун айкелинин ачылышы болду. «Түрк дүйнөсү» биримдигинин демилгесинин алдында айкел менен бирге Айтматов атындагы билим үйү жана кыргыздын боз үйү дагы келгендердин көңүлүн бурду. Бул аземге кыргыз элинин атынан Жогорку Кеңештин депутаттары, төбөсү көрүнгөн атуулдарыбыз барып келишти.