Данияр Эрматовдун мындан үч жыл мурун жазылган «Токто, жаным» аттуу ыры кайрадан хит болууда. Дегеним, 1 жыл мурун казак ырчысы Кайсар Кукишов аталган ырды казакча которуп ырдаган. Кайсардын чакыруусу менен Данияр, продюсери Канат Кадыржан Тараз шаарына барып ырчыга жолугушкан. Таанышуунун аягы достук менен аяктап, эки ырчы «Токто, жанымды» дуэт кылып өз эне тилдеринде ырдап чыгышты. Эки тилде ырдалган бул ыр баштапкыдан популярдуу боло алабы, аны super.kg порталынан угуп, баалап көрүңүз.