«Ла-ла-лей» аттуу ырына Добр учурда клип тартып жатат. Кызыгы, анда аты чыккан ырчылардын баары бийлешет экен. Баары окшош кыймыл-аракет жасашпайт, негизи эле турмушта кандай бийлейт, ошонусу менен ырчынын клибине көрк кошушат. Султан Садыралиев, Курал Чокоев, Нурлан Насип, Ильяз Андаш, Ильяз Абдыразаков, Съездбек Искеналиев, Замир Арыкбаев, Анжелика, Айгерим Расул кызы, Бегиш, Айпери Кубик кызы, «тамашоучулар», айтор, жылдыздын баары ошол клипте бийлешет. Кыскасы, кумирлериңиз «кандай бийлейт экен» деп кызыгып жүрсөңүз, Добрдун клибин күтүңүз, аз калды.