Көптүн ичинен суурулуп чыккан Сагыныч аттуу ырчы бар. Ал «Кетпейм сага жолукмайынча» деп эле бирөө менен жолугууну издеп келет. Урматтуу окурман, анда ал жигитти үнүнөн гана эмес, жүзүнөн да тааный жүрүңүз.
САГЫНЫЧ НУРЛАНБЕК УУЛУ
Туулган жылы, күнү – 1991-жыл, 20-ноябрь
Туулган жери – Ош облусу, Кара-Кулжа району, Карл-Маркс айылы
Бою – 172 сантиметр
Салмагы – 61 килограмм
Хоббиси – футбол ойноо
Билими – Каржы жана бизнес укуктары боюнча эл аралык башкаруу академиясынын укук коргоо факультетин аяктаган
– Саламатсыңбы, Сагыныч? Атың өзгөчө экен...
– Саламатчылык. Чындыгында, кызыктуу ысым. Мага бул атты атамдын агасы «бизди сагындырбай жаныбызда жүрсүн» деп ыйгарган экен. Азырынча сагынып, артымдан издеп келип калгандар боло элек (күлүп). Кудайга шүгүр, сагындырбай эле тез-тез жолугуп турам.
– Балалыгыңды көп эстейсиңби?
– Ооба, бейкапар жүргөн күндөр балалыкта эле болот тура. Аябай шок бала элем. Классташ кыздарымды көп ыйлаттым. Эсимде, бир жолу балдар менен «эшек» деген оюн ойноп жатканбыз. Бизден бир аз алыста кыздар ойноп жүрүшкөн. Бир маалда ушунчалык кыздар менен ойногубуз келип, «жүргүлө, бирге ойнойбуз» десек болушпайт. Жиним келип, чуркап барып бир кыздын үстүнө минип алдым. Мени көрүп бардык балдар менин кылыгымды кайталашып, кыздар менен кырылышып эле жатып калдык. Ушул окуядан кийин кыздардын апаларынан коркуп жүргөнбүз.
– Үй-бүлөдө жалгыз уулмун дедиң, ошон үчүн тентек болгонсуң го...
– Жалгыз уулмун, ошондон улам го, жеткен өзүмчүлмүн. Жаштайымдан бөлүшөр эч ким жок болгондуктан ушундай болсом керек. Бирок бул мүнөздүн да пайдасы бар. Мага баарын даярдап алдыма коёр ага-эжелерим жок, эч кимге таянбай, тырышчаак болуп чоңойдум. Бардык нерсеге өзүмдүн гана мээнетим менен жетишүүм керек деп ойлойм.
– Жакын адамдарыңдан кимге таянасың?
– Апама. Апам жеке ишкер, эрке, кыялы татаал аял. Кээде мага эркелеп «ооруп калдым, жумушка барбайм» деп калат, анда көңүлүнө карап коём. Кээде канча жыл өмүрүн жалгыз мен үчүн өткөргөнүн ойлоп аяп кетем. Мен башкалардай апамды кызганып, «турмушка чыкпа» дегендерден эмесмин. Көп жолу «турмушка чык, сүйүктүү жар бол» дедим. Такыр көнбөй койду. Көңүлүнө эч ким туура келбеди окшойт.
– Эми кыздар темасына өтсөк, сага жар боло турган кыз кандай талаптарга жооп бериш керек?
– Ушул убакка чейин кыздар менен мамиле куруп эле жүргөм. Бирок чыгармачылыгымды туура түшүнүп, музыка – менин жашоомдун маңызы экенине ынанган кызды жолуктура албадым. Ошондуктан эң негизгиси, менин чыгармачыл жан дүйнөмдү түшүнгөн, эрке мүнөз кызга жолуксам арманым жок эле.
– Эркелетип койсоң төбөңө чыгып кетсечи?
– Чыкса чыга берсин. Жубайымды өмүр бою ардактап, эркелетип караганга даярмын.
– Чыгармачылыкка кантип келип калдың?
– Баналдуу нерсени айтып жатам, бирок кичинекейимден ырдаганды жакшы көрөм. Өжөрлүгүм болбосо азыр сахнада ырдамак эмесмин. Учурунда «кафеде ырдайм» десем туугандарым каршы чыгып, үйгө камап, айылга алпарып таштаган күндөр болгон. Болбой шаарга качып келип, «ырдабасам болбойт» деп туруп алдым. Мени менен талашуу пайдасыз экенин түшүнгөн туугандарым «билгениңди кыл» дешти. Азыр болсо теледен көрүп калышса «бекер эле жолуңду тоскон экенбиз» деп калышат.
– «Кетпейм сага жолукмайынча» деген ырды жаңыча ырдап чыгышыңа эмне түрткү болду?
– Кичинекейимден апам ушул ырды кыңылдап эле ырдап жүрчү. Өзүмө да аябай жагат. Апама белек болсун дедимби же кандай болду өзүм да түшүнбөй калдым. Шарт эле ырдайм деп чечип, ырдап калдым. Ушул ырдын артынан көптөн күткөн «Супер-Инфо» гезитинин «Супер ремейк» наамына талапкерлердин бири болдум. Кубанып турган чагым.
– Жалгыз эмгектенген кыйын болсо керек, таянар продюсериң болбосо...
– Кошулам, учурунда продюсер менен да иштешип көргөм. Бирок негедир мамилебиз келишпеген. Жалгыз иштөөгө ниет кылдым. Эгерде өз жумушун мыкты билген продюсерден сунуш түшсө, ар дайым иштешүүгө даярмын.
– Маегиңе рахмат!
Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg