26 ЖАШТАГЫ ЖИГИТ СУУГА АККАН 4 ЖАШТАГЫ КЫЗДЫ КУТКАРЫП КАЛДЫ

«Бир жигиттин атагы көп жигитке даңк берет» деген кыргызда жакшы кеп бар. Күтүлбөгөн окуялар, кырсыктарга ар бир адам кабылышы мүмкүн. Бирок мындай учурларда бардыгы эле бейтааныш бирөөгө жардам берүүгө кудурети жетпейт же жөн гана жардам бергиси келбейт. Ага да эрк жана тездик менен чыгарган чечим керек. Бүгүн сиздерди ошондой эрктүү жигит менен тааныштырабыз.

КҮТҮЛБӨГӨН ОКУЯ
Үстүбүздөгү жылдын 28-октябрь күнү болжол менен күндүзгү саат 12лер чамасында Ош-Бишкек жолунун боюндагы Таш-Көмүр шаарына кире бериш жерде бийиктиги 25-30 метр болгон чоң көпүрөнүн үстүнөн 27 жаштагы келин колуна 4 жашар кызын көтөргөн бойдон Нарын дарыясына боюн таштап жиберген. Окуяга күбө болгондордун айтымында, келинди куткарып калууга мүмкүн эле. Тилекке каршы, келин жардамдан баш тартып, «мага жолобогула, жашагым келбейт» деп кыйкырып, сууга ыргытылган баллонду түртүп, колун сунгандарга көнбөй койгон. Натыйжада анын жансыз денеси 3,5 чакырым аралыкка агып барган жеринен ӨКМнын кызматкерлери тарабынан чыгарылды.
Ал эми колундагы кызын Ош-Бишкек жолунда бара жатып, окуяга күбө болгон жүргүнчүлөр Айбек Матисаков (Ноокен районунун Сакалды айылынын тургуну) жана Ызатбек Узенбаев (Бишкек шаарынын тургуну) суудан баатырлык менен куткарып чыгарышкан. Ал Таш-Көмүр шаарынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Көп өтпөй каза тапкан келиндин өздүгү такталып, ал Таш-Көмүр шаарынын Аксы көчөсүнүн тургуну, Кызыл-Жар шаарчасындагы психиатриялык ооруканада каттоодо турган, 1986-жылы туулган Мира Мырзабоязова Станбековна аттуу келин болуп чыкты. Ал эми кызы 2009-жылы туулган Айгерим Сапарбекова экендиги маалым болду.

«КЫЗДЫ БАШЫНДА ӨЛДҮ ДЕП ОЙЛОГОНБУЗ»
«Баатырдын атын алыстан ук, жанына келсең бир киши» дейт эмеспи кыргызда. Суунун муздактыгына карабай, өз өмүрүн тобокелге салып, жаш кызды куткарып калгандардын бири 26 жаштагы ЫЗАТБЕК УЗЕНБАЕВ менен жолугуп, жогорудагы окуя тууралуу өз оозунан уктук.
– Өзүм Таш-Көмүр шаарында чоңойгом. Азыркы тапта Бишкекте жашайм. Досумдун тоюна барып, ал жактан Бишкекти көздөй кетейин деп жол тосуп тургам. Аңгыча көпүрө тарапта турган кишилер кыйкырып ызы-чуу түшүп калышты. Чуркап барсам «көпүрөдөн бир келин кызы менен сууга секирип кетти» дешти. 20дай киши суунун жээгинде «түшкүлө, жардам бергиле» деп агып бара жаткандарды карап турушкан экен.
Апасы бир аз алдыда, аркасында кызы агып бара жатты. Кыздын күрмөсү эле көрүнүп, башы суунун астында болгондуктан, карап тургандар «өлүп калды окшойт» деп ойлогонбуз. Мен дароо эле кийимдеримди чече салып сууга секирдим. Кызга сүзүп барсам тирүү экен. Анан аны жээкке алып чыгууга аракет кыла баштадым. Бирок суу аябай муздак болгондуктан, жээкке жакын калганда колу-бутум тырыша баштады. Кудай жалгап, ошол маалда бир жигит баллон менен жаныма сүзүп келип калды. Кызды баллондун үстүнө жаткырып жээкке алып чыктык да, ошол жерде чогулуп тургандарга бердик. Алар дароо эле кыздын кийимин алмаштырышып, ооруканага алып кетишти. Биз жээкке чыккан соң бир киши келинди көздөй баллон менен сүзүп кетти. 400-500 метрдей агып барышкандан кийин эмне болгонун билбей калдым.
Суунун муздактыгынан аябай тоңуп калгам. Окуя болгон жерге жакын бир ашканада иштеген эжелер ысык чай беришип, ал жерден кийимдеримди которуп, көптөн кийин өзүмө келдим, анан Бишкекке келе бергем. Кечээ мен суудан алып чыккан кыздын таятасы телефон чалып, ыраазычылыгын билдирди.

«ЖЭЭНИМ ООРУКЧАН ЭЛЕ...»
Маркум келин эмне себептен мындай кадамга баргандыгын билүү үчүн маркумдун таякеси МИРЛАН ТУРДУКУЛОВ менен байланыштык:
– Мира менин жээним болот. Кыргызчылык жайы бар эле. Көзүнө ар нерселер көрүнүп, кимдир бирөөлөр менен сүйлөшүп, кээде оолугуп кетчү оорусу көбүнчө жаз мезгилинде кармачу. «Турмушка чыкса анысы калып кетет» дешкен эле, андай болгон жок.
Мира турмушка чыгып бир аз жашаган соң кош бойлуу кезинде ажырашып, ата-энесинин колуна келип алган. Кызын төрөгөн соң иштебей, үйдө отурчу. Ошол күнү кызын ээрчитип сиңдисинин үйүнө «конокко барып келем» деп атасына айтып жакшынакай эле үйдөн чыккан экен. Ата-энеси деле эч нерсе ойдо жок үйүндө калган. Чыгып кеткен боюнча сиңдисинин үйүнө деле барбай, көпүрөдөн боюн таштап жибериптир. Ал жерден көрүп калгандар биринчи жардам беришип, кызын аман сактап калышыптыр. Ал жигиттерге ыраазычылык билдиребиз. Айгеримдин абалы учурда жакшы. Күлкүсү чыгып, ойноп жүрөт.
Азыр коомчулукта кайдигер мамиле кылып, адам өлүп жатса да көрмөксөнгө салып өтүп кеткендер көп. Бирок Ызатбекке окшогон кыргыздын азамат уулдарынан уучубуз кур эместиги сүйүнтөт. Анын жогорудагы жасаган эрдиги башкаларга да үлгү болуп, жаштардын намысын, аң-сезимин ойготот чыгар…

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Нарын дарыясына аккан наристе аман калды
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (26)
meerimka86
2013-11-04 17:49:06
Акчалай сыйлап,грамота бериш керек бул жигитке
0
Gulnazi
2013-11-04 17:54:22
ызат биздин мектепте окууган аябай жкшы бала еле. ызат коп жаша
+1
gutler
2013-11-04 20:03:07
Азамат жигит экенсин. "Тусу ийгиден тунулбо"-дейт кыргызда.
0
erkele
2013-11-05 08:44:23
Мага Ызат жакты социальный сетьттерде бар болсо логинин берип койгулачы эл журт
0
rah
2013-11-05 22:08:08
азаматсын чыныгы эркек деп сени айтат
0
panda0911
2013-11-06 13:18:13
мужик с большой буквой "М"
0
Chiko.kg
2013-11-06 20:45:01
молдес соз жок эржурок экенсин
0
jonokoi_myrza
2013-11-07 20:59:39
азаматсын брат
0
Bazul
2013-11-08 12:24:09
Оз жанын тобоокелге салып биронун жанын куткарыш ар кимдин эле колунан келе бербейт.Андыктан Ызатбекке мактоо да аздык кылат.коп жашаныз Кудайым тилегинизди берсин.
0
Sheva
2013-11-08 22:12:05
Азамат десек да аздык кылат
0
Tequila_aiya85
2013-11-08 22:14:34
Sheva, кошулам .
0
kukolka
2013-11-08 23:22:46
Сыйлык бериш керек мындай азаматтарга.
0
gylbaira
2013-11-09 03:25:14
Акчалай сыйлык болбосо деле кудайдан кайтсын жакшылыктар!
0
WwWwWwW
2013-11-09 11:23:20
Мына Изнасиловать этти уурдады өлтүрдү дей бересинер. Ушундай эр-азаматтарды көбүрөөк жазсанар
0
zamir_kgz
2013-11-16 02:42:26
Ушул мост (кандуу) мен эс тарткандан бери. Ушундай (кыргызчылыгы) бар адамдарды коп угам Ташкомур тараптан. Айтарым ар кандай бакшы соройлорго бара бербеш керек. Мечитке барып илимдуу молдолор менен баарлашып турсаныздар жердештер?
0
zamir_kgz
2013-11-16 02:44:57
Кыргыздын эр журок мырза жигиттерине кудай дагыда куч кубат ыйман бере берсин. Оомийн.
0
№ 574, 01-ноябрь-07-ноябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан