«УУЛУМДУ ИЗДЕЙМ»
– 1981-жылы туулган уулум Айбек Кадыровду издейм. Ал Орусияга 1999-жылы кеткен, азыр Кузнецк шаарында жашайт болуш керек. Акыркы жолу 2006-жылы байланышкан элек, ошол боюнча дайыны жок болуп кетти.
Диосидин Кадыров,
тел.: 0550 77-17-09, 0777 07-50-94
«КУРБУМА 10 ЖЫЛДАН БЕРИ ЖОЛУГА ЭЛЕКМИН»
– 1980-жылы Нарын шаарында төрөлгөн Жазгүл Өмүрбаеваны издейм. Жазгүл экөөбүз Нарын шаарындагы №4-Ленин атындагы орто мектепте бир класста окуганбыз. Ага 10 жылдан бери жолуга элекмин. Угушумча, ал азыр Казакстанда жашайт. Ал эми ата-энеси Кантта турушат экен.
Назира Рыспаева,
тел.: 0777 02-49-33
«ГРУППАЛАШЫМА ЖОЛУККУМ КЕЛЕТ»
– 1999-жылы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология жана журналистика факультетинин сырттан окуу бөлүмүнө тапшырып, 2005-жылы аяктаган группалашым Бактыгүл Асаналиеваны издейм. Ага окуубузду аяктагандан бери жолуга элекмин. Ал Ысык-Көлдүн Михайловка айылына турмушка чыккан, бир кызы бар эле. Курбумду тааныгандар болсо, кабарлашып коюуңарды суранам.
Жылдыз,
тел.: 0702 97-23-21
«КУЛПУНАЙДЫ ИЗДЕЙМ»
– Группалашым Кулпунай Батырбекованы издейм. Ал Ош облусунун Ноокат районунун Шанкол айылында туулган. 2005-жылы турмуш жолуна аттанган болчу. Кулпунай, сени группалаш кыздар баарыбыз издеп жатабыз.
Марзия Чалова,
тел.: 0777 77-11-05
«ТЕҢТУШУМ МЕНЕН КАТТАШСАМ ДЕЙМ»
– Мен Баткен облусундагы Тажикстан менен чектеш айылдардын биринде (так эсимде жок) туулган Калык Жапаров аттуу теңтушумду издейм. Калык экөөбүз 1957-58-жылдары Кара-Балта шаарында куруучу болуп чогуу эмгектенгенбиз. Кийин байланышпай калдык. Калыкка жолугуп, ал-жайын билип, катташып тургум келет.
Шаршеналы Мырзагелдиев,
тел.: 0709 71-46-09
«КАЙДАСЫҢ, КУРБУМ?»
– Мен Айзада Капарова аттуу курбумду издейм. Ал Нарындын Ак-Талаасынан болот, 1980-жылы төрөлгөн. Тааныгандар болсо кабарлап коюшуңуздарды өтүнөм.
Елена,
тел.: 0777 34-46-84
Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көрсөтүлүүгө тийиш.
Байланыш телефону:(0312) 47-43-43
Асхат Субанбеков
koom@super.kg