«Кеңеш» тобу:«ТААРЫНГАН КОНОКТОРДУ ҮЙГӨ ЧАКЫРДЫК»

Жан шерик ырчылар Мүзүр Мамбетов менен Гүлмира Шарипова 28-октябрь күнү борбордогу тойканалардын биринде кызы Ансарийдин тушоосун кесип, жаңы бүткөн ак өргөөсүнө той беришти. Биз да «Кеңеш» тобу катары таанымал бул ырчылардын кош тоюна күбө болуп кайттык.


Мүзүр мырзанын апасы ак тилегин айтып, батасын берип тойду ачты. Кечени башкаруу милдети Чыңгыз Мырзаевге тапшырылыптыр.

Мүзүрдүн кулагы кызарып кеткенин Султан Садыралиев да байкап койду. Сыягы, тойдогулар аны кызуу сөз кылып жатышкан өңдөнөт.

Жалпы тамадалардын атынан сүйлөгөн Борончу байкебиздин каалоо-тилеги жарым саатка созулуп кетти. Залда отургандардын бирөө чыдабай, батыраак бүтсүн дедиби, Чыңгыз аркылуу акча кыстарта койду.

Оо, Нурзатка балдар менен тегеренип ойногон куп эле жарашып калат экен.

Назира, Мүзүр, Акбар жана Нурзат бийлегендерге «Гангнам стайлды» мындай бийлеш керек» деп мастер-класс көрсөтүштү.

Кезекте вальс парады. Султан аяшы Кундуз (Акбар Сүйүнбаевдин аялы) менен, «Окуучу кыз» ыры аркылуу таанылган Ирлан Таалайбеков жубайы менен отургандарга романтикалуу атмосфера түзүп беришти.

Тойдо отургандардын жарымын эле ырчы-чоорчулар түзүштү. Анан, албетте, «танцпол» да алардыкы болду. Бий аянтчасында Фарида Карбосова өзгөчөлөндү көрүнөт, баарын бийге тартып жүрдү. Же кымыздын таасири күчтүү болдубу...

Актриса Назира Бердигулова Нурмат Садыровдун ал жагына бир өтүп, бул жагына бир өтүп бийлеп, айласын кетирди.

Оо, баягы сүйүүнүн кереметин ырдап бүтпөгөн Мирбек Иманбеков токтолуп калганбы, айтор, өтө «скромно» отурду. Бийлегени ушул болду...

Күндүн каарманы, эми гана тай-тайлап кадам таштап жаткан Ансарий эч нерсе менен иши жок. Бир гана самындын көбүкчөсүн кармоо менен алек.

Конокко келген кичинекейлер үчүн Балдар театры чакырылган экен. Балдардын үстүнөн так секирип «массаж» жасаган күчүктүн номери өзгөчө болду.

Тойдун кульминациясы. Тойдун кичинекей коноктору жарышка түшүп, Ансарийдин тушоосун кесишти.

ТОЙДОН КИЙИНКИ МАЕК

– Саламатсыздарбы, тойду кандай өткөрүп алдыңыздар?
Мүзүр: – Рахмат, баары ойдогудай өттү. Келгендердин баары жакшы өттү деп айтып жатышат.
Гүлмира: – Биз 300 кишиге ылайыктап чакырган элек, бирок конокторубуз 400дөй болуп кетти. Орун жетпей, бир аз чыйпылыктап калдым. Роза Шакирова менен Азизага орун жетпей, таарынып кетип калышыптыр. Эми таарынган конокторду үйгө чакырып жатам, анткени алардын да биздин үй-бүлө үчүн орду бар.

– Костюмуңуздарды окшош кийипсиздер, атайын тиктирдиңиздерби?
Гүлмира: – Мүзүрдүн костюм-шымын Алматыга барганда, 2 ай мурун эле алып койгом, өзүмдүкүн Бишкектеги соода борборлорунун биринен эле сатып алдым. Карасам жалгыз көйнөк илинип туруптур, мени эле күтүп тургандай.

– Тойго канча убакыт даярдык көрдүңүздөр?
Мүзүр: – Бир айдан ашык даярдандык. Уулубуз Медер 7 жашта, кызыбыз Ансарий 1,5 жашта. Ансарий 1ге чыкканда тушоо тоюн берели десек, убакыт тартыш болуп калды. Жакшылыктын эрте-кечи жок эмеспи, кеч болсо да ырым кылып тушоо той бердик.

– Ырчылар аябай көп келгенин байкадык...
Гүлмира: – 400 коноктун 100дөйү ырчылар болду окшойт. Ооба, тоюбузга күбө болгон ырчылар бизди дайыма жакшылыктарына чакырып жүргөн сахналаш кесиптештерибиз. Келип бергендерине ыраазыбыз.

Лунара Бекиева
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Той берген кыйын экен" дейт "Кеңеш" тобу
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (39)
gulnur2013
2013-11-05 13:43:08
Омуру узуун кыргызымдын керегине жараган кыздардан болуп чонойе берсин!ал эми Музур мн Гульмирага дагы чыгармачылык ийгилик,жетишкендик каалаймын!
0
O.nuri
2013-11-05 14:43:09
гулмира эже красавица го тим эле ачылып баратат барган сайын!балдарыныздын сый урматын коргуло.Эки дуйно кем болбой бактылуу жашагыла!
0
kg_777
2013-11-05 16:51:20
жакшы, молодцы!!!!!! мирбектин скромный болгону чатак экен)))
0
Fute22
2013-11-05 21:45:48
Тойлор боло берсин ар дайым!!!!
0
teezar
2013-11-06 01:00:35
Жакшы
0
Bagysh
2013-11-06 01:57:07
Кенеш тобу алга азаматсынар
0
nurel50
2013-11-06 10:47:56
Taarynganga tash baka :-)))
0
gulnaz21
2013-11-06 13:37:01
menda aitylgan sozdorgo kowulam...sonun boluptur...mirbek azamatsyz oto kop dele yrjandagan bolboit toktoo jurgon en jakwy...
0
IRA
2013-11-06 21:00:08
Баары жакты азаматтар, алла баарыбызга ушундай той откоргонду насип этсин. Музур апасынын интервюсун коруп апасына тиш салып берер. аялын жаркыратып энесин кемшийтип койуптур. Бул менин жеке ойум.
0
meky85
2013-11-06 21:40:40
Кенеш тобуна ийгилик тойунар тойго улансын
0
Daryika
2013-11-07 10:30:03
тойду кылыпсынар азамат.уйду ондодунар эми ыр стилинерди да ондогула оокшошырдай бербей))))
0
TolonturCN
2013-11-08 18:34:59
Булар бир бирине жарашыктуу бир жуп түгөйлөр.
0
Mechta.kg
2013-11-09 12:17:25
Онор эмес акча кетсе керек менин 1жылдык маянам
0
perfecto
2013-11-10 20:32:01
abdan jakwı toy boluptur! Kuttuktaym
0
RahiLa
2013-11-10 21:20:21
Той сонун болуптур
0
№ 574, 01-ноябрь-07-ноябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан