Тилсиз жоо адамдардын кенебестигинен көп катталууда. Октябрь айынын аягында Чүй облусунда удаа 2 өрт кырсыгы катталган. Москва районундагы Сретенка айылында 26-октябрь күнү турак үйдөн өрт чыгып, үй ээси жабыр тарткан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 20 чарчы метр аянттагы бөлмөдө эмерек, терезе, эшиктер жана үйдүн чатыры күйүп кеткен. Өрттөн 42 жаштагы Р.Искендеров жабыр тартып, анын денесинин 97 пайызы күйүп, ооруканага жеткирилген.
Ошондой эле Аламүдүн районундагы Достук айылындагы үйлөрдүн биринде да өрт кырсыгы катталып, андагы турак үй толугу менен күйүп кеткен. Үйдүн күйгөн калдыктарынын арасынан дачанын ээси, 1959-жылы туулган Р.Евгениянын жансыз денеси табылган. Учурда эки кырсыктын келип чыгуу себептери жана келтирилген чыгымдар такталууда.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg