ЭМИ КӨК-ТАШТЫКТАР ӨЗБЕКСТАНДАН ЖАРЫК АЛЫШПАЙТ

22-сентябрда Аксы районунун Кербен шаарындагы Унгар-Тоонун чокусунда жайгашкан ретрансляциялоо станциясына өзбекстандык чек арачылар тик учак менен конушуп, өздөрүнүн желегин орнотуп, 1 апта бою аны кайтарып жатышкан. Бул окуядан улам Кербенде митинг өтүп, «Аксыны коргоо кыймылы» түзүлүп, 7-октябрда өлкө башчылыгына маселени чечүү талабын коюшкан. 21-23-октябрда КРнын Коргоо, коопсуздук жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министри Токон Мамытов Жалал-Абад облусундагы Өзбекстан менен чектешкен эң көйгөйлүү, талаш-тартыш көп чыккан айыл-кыштактарга барып, эл менен жолугушуп келди

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЧЕК АРАСЫНДА ТАКТАЛА ЭЛЕК 61 ЖЕР ТИЛКЕ БАР
Кыргызстандын Казакстан жана Кытай менен чек аралары такталып бүткөн. Алдыда Өзбекстан жана Тажикстан менен болгон талаштуу жерлерди аныктоо милдети турат. Акыркы беш жылдан бери бир сантиметр тилке да тактала элек.
Кыргыз-өзбек чек арасында жалпы 61 так эмес жер тилкеси бар. Анын 31и, башкача айтканда, 714 миң 770 метр узундуктагы аралык Жалал-Абад облусуна туура келет. Анын ичинде 28и Аксы, Ала-Бука райондорунда. Мына ошол көйгөйлүү айылдардын сап башында турган Ала-Бука районунун Көк-Таш, Гава, Гава-Сай айылдарындагы, Касан-Сай (Орто-Токой) суу сактагычындагы, Чаткалдын Каныш-Кыя, Аксынын Кербен шаарындагы Дейрес, Торук айылдарындагы абал менен таанышып, карапайым калк менен жолугушкан вице-премьер Токон Мамытов элдин социалдык, чек ара маселелери боюнча армандарына кулак төшөдү.

СУГАТТАН КАЛГАН СУУНУ КЫРГЫЗ АЙЫЛДАРЫ ИЧЕТ
Ала-Бука районундагы Өрүктү айылдык округунун аймагына кирген 1000 гектар жерди Өзбекстан 1939-жылы суу сактагыч куруу максатында сурап алып, СССРдин каржысына 1944-жылы бүтүргөн. Ошол учурдагы «Ленин» колхозунун элин көчүрүп, анын ордуна өзбек тарап айылдыктарга башка жер бермек болот. Бирок ал убада толук аткарылбай, тескерисинче, алар алган жер үчүн Кыргызстанга компенсация да, ижара акысын да төлөшө элек. Бүгүнкү күндө картада Кыргызстандын аймагында турган суу сактагычты Өзбекстандын чек арачылары куралчан кайтарып турушат. Суу сактагычтын тегерегиндеги Өрүктү, Биринчи Май айыл округдарында жашаган тургундардын башкы маселеси – таза суу жана сугат суу. Анткени Касан-Сай суу сактагычынан чыккан суу Өзбекстандын эгин талааларын аралап, артканы Ала-Буканын Ортокбел массивине, Биринчи Май айылдарына барат. Талаалардан чыккан агынды сууну айыл тургундары ичкенге да, сугатка да, мал-жандыктарын сугарганга да пайдаланышат. Ортокбел массивинин тургуну Нурумбет Балтабаевдин айтымында, Касан-Сайдан агып чыккан суу үч күн турса да тунбайт.
«Касан-Сай суу сактагычында иштеген кызматкерлер – Өзбекстандын жарандары. Алар Кыргызстандын мыйзамдарына баш ийишпейт. 2010-жылы Июнь окуясында Өзбекстанга кетип калышкан. Бирок ошол учурдагы бийликтин буйругу менен аларды кайра көчүрүп келишкен»,- дейт Нурумбет Балтабаев. Айыл жаштары өзбекстандыктарды өз өлкөсүнө кууп чыгуудан кайра тартпачу өңдө. Алардын арасында аксакалдар түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, сабырдуулукка чакырып жаткандарын айтышты. Токон Мамытов бул маселени өкмөткө, президентке жеткирүү жоопкерчилигин алды. «Мен бул маселени көтөрөм, Кыргызстандын аймагында Өзбекстандын атуулдары кандайча мыйзамсыз жашап жаткандыктарын териштирем»,- деди ал.

КӨК-ТАШТЫКТАР ЭЛЕКТР МАМЫЛАРЫН ӨЗДӨРҮ ОРНОТУШКАН
Ала-Бука районунда Кыргызстандын жарандарын да, айрым учурда чек арачыларын да Өзбекстандын аймагына кармап алып кирип кете берген өзгөчө кооптуу Көк-Таш деген айыл бар. 2012-жылдын 17-июль күнү Булак-Башы айылы менен Көк-Таш айылын байланыштырган жолдун курулуш иштери башталганда Өзбекстан чек арачылары тоскоолдук жаратышкан. Булак-Башы чек ара бекетинде кыргыз, өзбек чек арачыларынын ортосунда чыр чыгып, бир кыргыз жоокери каза таап, дагы бир жаран жаракат алган.
Көк-Таштыктар чек арадан башка социалдык көйгөйлөрү да көп экендигин айтышты. Айыл аксакалы Акматалы Молдоев: «Мурда электр жарыгын Өзбекстан аркылуу алчубуз, алар улам-улам өчүрө бергендиктен, айыл эли акча жыйнап өзүбүз электр мамыларын алып, орнотуп бүттүк. Азырынча тургундар «Бозумчак» кенин иштетүүчү компаниядан жарык алып жатабыз»,- деди. Аксакал жарык мезгили менен өчүрүлүп турганына карабай, ар бир түтүндүн 20 миңдин тегерегинде карызы бар экендигин айтып, муну тескөөгө алууну вице-премьерден суранды.
Көк-Таштын айыл өкмөт башчысы Адылбек Алымов бийлик өкүлдөрү өзбек тарап менен тийиштүү деңгээлде, тең ата сүйлөшө албагандыктан Көк-Ташта абал оор экендигин айтты. Ал Чек ара жана күч структуралар жетекчиси Токон Мамытовго 1991-жылы эки мамлекеттин жетекчилери кол койгон чек ара документи менен маселени чечсек деп сунуштады. Мамытов чек ара боюнча сүйлөшүүлөр, такташуулар Улуу Ата Мекендик согуш жылдарынан кийин бир нече ирет көтөрүлгөнүн, 1991-жылкы документти акыркы деп айтууга болбой турганын эскертти.

АКСЫЛЫКТАР: «УНГАР-ТООНУ БЕРБЕЙБИЗ!»
Иш сапардын эң маанилүү чекити Аксынын борборунда болду. Сөз алган улгайган аксакалдар Унгар-Тоо боюнча «Сексен жылдан бери ушул жерде жашайбыз, бул тоого биз бала кезден мал бакчубуз. Бул биздин аймак» дешсе, жаштары «Унгар-Тоо үчүн өлүмгө да барабыз! Жерибизди эч кимге бербейбиз, өзүбүз болсо да коргоп алабыз!» деген жалындуу сөздөрүн айтышты. «Аксыны коргоо кыймылынын» мүчөлөрү, айылдык кеңештин депутаттары баары бир ооздон бул маселе сөзсүз түрдө кыргыздардын пайдасына чечилишин талап кылышты. Алар: «Эгер Унгар-Тоо Өзбекстанга өткөрүлүп кетсе, Кыргызстанда митингдин болгону болгон»,- дешти. Унгар-Тоого байланыштуу өзбек тарап менен Оштогу жолугушууда эмне бүтүмгө келгендиктерин, эми эмне болорун сураган элди вице-премьердин жообу канааттандырган жок. Анткени Токон Мамытов «Бул – мамлекеттик сыр»,- деп маселени ачык айта албасын билдирди. Элдин көйгөйүн угуп, «өкмөткө жеткирем, айтып барам» убадаларын моюнуна алган Токон Мамытовдон эл менен кошо биз да жыйынтык күтөбүз.

Мамлекеттик чек ара кызматында эмне иштер жүргүзүлүп жатканын аталган кызматтын жетекчиси Курманакун Матенов төмөнкүчө баяндаган эле. Эскерте кетсек, маек Матенов кызматынан четтетилгенге чейин алынган.

«ЧЕК АРАЧЫЛАРГА АТТАРДЫ, ВЕЛОСИПЕДДЕРДИ АЛЫП ЖАТАБЫЗ»
– Эл аралык күчтөрдүн Ооганстандан чыгарылышында Кыргызстан үчүн ал жактан үч коркунуч бар, алар: терроризм, экстремизм жана баңгитрафиги. Кыргыз-тажик чек арасын бойлото бийик жерлеринде байкоо жайларын орнотуп, аларда туруктуу чек ара кезметтерин жайгаштырып, үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүү тутумун түзүп жатабыз. Бул иш-аракеттер менен биз мамлекеттик чек аранын болжолу 500 чакырымдык тилкесин байкоого алабыз. Андан сырткары чек ара кезметтеринин кызматын жеңилдетүү жана мобилдүүлүгүн арттыруу максатында кызматтык аттар менен велосипеддерди сатып алуудабыз.


«БЮДЖЕТТИН ЭСЕБИНЕН 6 ТОЗОТ КУРДУК»
– Азыркыга чейин чек ара тозотторубуз кароосуз калган бала бакчаларда жана башка талапка жооп бербеген имараттарда жайгашкан. Бүгүнкү күндө республикалык бюджеттин эсебинен 6 жаңы чек ара тозотторун тургузуп жатабыз.
Келишимдик кызмат өтөөчү аскер кызматкерлери менен чек арачылардын катарын толуктоо чоң көйгөй жаратып, азыркы убакта 500дөн ашык кызмат оруну бош калууда.

«КОРРУПЦИЯ МЕНЕН КҮРӨШҮҮДӨ ЖЫЙЫНТЫК БАР»
– Жакында эле мамлекеттик чек аранын «Ош-аэропорт» көзөмөл-өткөрүү жайында коррупциялык көрүнүштөргө шарт түзгөн жагдайлар орун алгандыгы аныкталган. Иликтөөнүн
жыйынтыгында 5 аскер кызматкери Мамлекеттик чек ара кызматынын катарынан кетирилип, жетекчилер алмашылды. Өзүбүздүн күчүбүз менен «Ак-Жол» жана «Чалдыбар» көзөмөл-өткөрүү жайларындагы ар бир кабинаны көзөмөлдөө үчүн видеокамераларды орноттук. Кудай буюрса, мындай видеокөзөмөлдү бардык көзөмөл өткөрүү жайларына орнотобуз.

«АСКЕР КЫЗМАТКЕРЛЕРИН КӨБӨЙТҮҮДӨБҮЗ»
– Жетекчилик аппаратынын санын кыскартып, анын эсебинен чек ара тозотторунун аскер кызматкерлеринин санын көбөйтүүнү чечтик. Ушул кыскарган штаттардын 50сүн чек ара тозотторуна берип, жер-жерлерде чек ара ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн штаттарын ачып, ага жергиликтүү жарандардын ичинен татыктууларын тандап, кызматка дайындайбыз.

Маек Курманакун Матенов кызматтан четтетиле электе алынган. Курманакун Матенов 26-октябрда өлкө башчысынын буйругу менен ээлеген кызматынан убактылуу четтетилди. Ага 166-берене (алдамчылык) боюнча айып тагылууда. Ал 2011-жылдын 10-мартынан 2013-жылдын 13-февралына чейин өзүнө мыйзамсыз түрдө пенсия кошуп алып, мамлекетке 409 миң 383 сом зыян келтирген деп айыпталып жатат.

Гүлмайрам Сабырбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (16)
sezim1111
2013-11-04 12:00:21
sanchos, мопед эмес велосипед да жок калды окшойт алып берели деген адамды иштен четтетип салышыптыргоо. Эл кучу жетишинче сактап албаса чондорубуздун колунан эч нерсе келбей калдыгоо. Дагы айрым суроолорго мамлекеттик сыр дегенин кара мунун...
0
Gulzina_91
2013-11-04 12:04:29
Суу маселесин караса аябай жакшы болот эле. Майдын эли суудан кыйналышат кобунчо
+1
asil-08
2013-11-04 12:28:01
чек араларды бекемдеп бирден бтр дагы чон чон мотоциклдер бар го ошолордон коюп койсо болот го озбектердин оздоруно окшоп анан бизден да кичине кетенчиктеп калышат бастырып кирбестен
0
Baha909090
2013-11-04 14:12:02
"мамлекеттик сыр" имиш. ушулар куйдуро турган болду да мени. айта турган арманым коп буларга. бирок кантип?! Айла жоктон куйуп жашайм жана жазамда. Колумдан келсего, буларды....
+1
tyncha1991
2013-11-04 15:28:18
Айтып айтып калабызда бул создор жон еле айтылып жатат абага муну айтып куйгон байагы еле бей бечера елибиз еледа колдорунан еч нерсе келбеди жанагы жаны салдык деп атышатко булар ишениш болбойт
0
maksat.satiev
2013-11-04 17:29:51
Озбектер светти ар куну очуруп жинге тийди го.
0
zamir_kgz
2013-11-04 20:39:48
Квадроцикл жакшы менимче, менда /Эр жигит эл четинде, жоо бетинде/ болом куда кааласа. АТА МЕКЕН!!! КЫРГЫЗСТАН!!! ыбызды коргоого кашык кан калгыча душмандар менен салгылашууга АНТ бергенбиз!
0
zamir_kgz
2013-11-04 20:44:25
Взятка берип Мекенге кызмат отоодон качкандар эртенки келечек муундардын бетине кантип карайсынар, дагы ушиерский де кызмат отогонбуз дешет тим эле, силерге окунуч!
0
elissbek
2013-11-04 21:06:28
Эй эл журт Матеновду эмнеге жумуштан алды дебейсинерби? Ал деген Кызматка келгенден баштап текшеруу жургузо баштаган да личныый составды. Жанагы ичи чыккан КОМАНДИРлерди турникке тартынтып коруп,тартына албаганын жумуштан ала баштаган да. Ошентип алардын саны 80,90 барып калып жатпайбы,,ТАРТЫНА АЛБАГАНДАР,,.Ошол 80,90унун крышалы бар дегендей. Ошентип иштей баштаган кишини алып салышты да,жалган жалаа таап.
+2
LED
2013-11-05 14:15:42
elissbek сага кошулам
0
ilgez
2013-11-05 17:08:40
азыр эптеп эл жерди сатып акча тапкандар, тарыхта каласынар, анан келечек муун наалат айтат.
Квадрациклдар чек арачыларга ынгайлуу, аттан да велосипедтен да.
0
nurmat.kg
2013-11-06 18:19:15
квадрацикл ар бир чек ара тозоттордо бирден экиден бар, свет маселесине келсек кок-таш айлында свет кунуно 2 саат кана куйот калган учурда оук болот жашоо шарты орчундуу мен муну айтканымдын себеби мен 2жыл 4 ай иштегем.
0
aksy.kg
2013-11-06 22:07:56
мени ойлонткону эле унгар тоо болуп атат.
0
admin_media
2013-11-07 09:44:41
aman80-11,
Башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөрдү жазууга жол берилбейт!
30 күн БАНга!
0
nurel50
2013-11-08 21:16:37
Matenov kop ishterdi kylat bolchu
0
№ 574, 01-ноябрь-07-ноябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан