Үстүбүздөгү жылдын 27-октябрында Чүй облусунун Ысык-Ата районунун аймагында, Бишкек-Торугарт жолунун 47-чакырымында жол кырсыгы катталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Субару Форестер үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу унааны башкара албай калып, көпүрөнүн жээгиндеги бетон тосмону сүзүп алган. Натыйжада автоунаанын ичиндеги 3 адам каза таап, 1 адам Кант шаардык ооруканасына жеткирилди.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg