БЫЧАКТАЛГАН АГА-ИНИ АМАН КАЛЫШТЫ

Адамдын өмүрү дүнүйөнүн баасынан да төмөн түшүп баратканын ушул окуядан баамдоого болот. Арзыбаган акчанын айынан бир эмес, эки адам денесинен жаракат алыптыр.

2013-жылдын 13-октябрында Чүй облусунун Сокулук райондук ооруканасына денесинен жаракат алган эки жаран жеткирилген. Ооруканага аталган окуя боюнча барышкан Москва РИИБинин ыкчам иликтөө тобуна жабырлануучулардын бири, 1987-жылы туулган Харки Мевазов окуяны төмөнкүчө баяндап берген.
Айтымында, 13-октябрь күнү саат 20:00 чамасында Махмуд аттуу адам жабырлануучунун агасы экөөнө бычак менен кол салган. Махмуд Мевазовдордун үйүнө келип, эшикти ачкан Харки менен араздашып кетет да, Харкини бычак менен сайып салат. Окуянын үстүнөн чыгып калган Харкинин агасы, 1982-жылы туулган Ахмед Мевазов инисине болушуп баштаганда аны да бычак менен сайганга жетишкен. Андан соң кылмыш болгон жерден изин жашырып качып кеткен. Бир күн өткөндө кылмышка шектүү адам катары 1982-жылы туулган Кара-Балта шаарынын тургуну Махмуд Мейшанло колго түшүп, кылмышын толугу менен мойнуна алган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө төмөндөгүлөр аныкталганын Чүй ОИИБинин басма сөз кызматынын кызматкери АЙБЕК АРЗИМАТОВ баяндап берди.

– 13-октябрь күнү ооруканага бычактан алган жарааты менен кишилер түшкөн. Бул маалыматтын негизинде жабырлануучулардан болгон окуянын кабарын алып, эртеси эле кылмышка шектүү катары Махмуд Мейшанло колго түшүрүлдү. Мейшанлонун берген көрсөтмөсүнө ылайык, жабырлануучулардын бири Ахмед анын классташы экен. 2013-жылдын жаз айларында Махмуд Ахмедден 6000 сомдун баасындагы ун жана бадыраңдын уругун карызга алган. 13-октябрь күнү алар Александровка айылынын базарынан жолугуп калышат. Ошол жерден Ахмед карызын доолап, эгер бербесе башкача жол менен өндүрөрүн айтат. Ошого өчөшүп калган Мейшанло ошол эле күнү кечинде бет кап кийип, колуна бычак алып, Мевазовдордун үйүнө каракчылык кылуу максатында барган. Натыйжада ага-иниге бычак сайып, изин жашырып кеткен.
Ооруканага жеткирилген Мевазовдорго медициналык жардам көрсөтүлүп, абалдары жакшы. Ал эми кылмышка шектүү Махмуд Мейшанло Кылмыш жана жаза кодексинин 28, 97-беренелери менен (адам өлтүрүүгө аракет жасоо) айыпталууда. Ошондой эле бирөөнүн мүлкүн алуу максатында денеге залал келтиргендиги үчүн 168-берене (каракчылык) боюнча да айып тагылып, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат. Махмуд Мейшанло окуя болгон күнү мас абалда болгонун айтып жатат. Аталган кылмыш иши боюнча соттук-медициналык, соттук-биологиялык экспертизалар дайындалган.
Кылмышка шектүү адам өзү жабырлануучуга карыз болуп туруп кайра анын үйүнө каракчылык кылууга барганы таң калтырат. Айтор, адамдардын ортосундагы араздашуу арзыбаган акча маселесинен келип чыгып, адам өмүрү тыйынга татыбай калган заман келгени өкүндүрөт.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
netsa
2013-11-04 12:04:16
Максат Эралиевдей дамкратын кучтуу болсо,сен да эртен эле эркиндикте тайрандайсын! Биздин адилеттуу соттордун комогу менен уйронгон адатынарды баштайсынар кайра эле!
+1
kamo
2013-11-04 13:26:35
Аты жондору башкача экенго ,улуттары башка немелерго Мейшанло ,Мейвазов деп.
0
Jesika
2013-11-04 15:40:08
kamo, ошондой го
0
Jamalym
2013-11-04 15:59:32
kamo, уйгур же дунган окшойт.
0
Aikokul85
2013-11-04 18:51:33
башка улут болсо анда биздин сотторго жакшы акчаны коркпой алат.
+1
gutler
2013-11-04 20:11:54
дунгандар
+1
rentgenolog
2013-11-18 14:28:18
Сволочьтор!
0
№ 574, 01-ноябрь-07-ноябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан