«Жылдын дебюту-2013» наамына ат салышкан талапкерлердин бири Асел Кадырбекова бул жолу өзүн ар тараптуу ачып берди. Ырчынын жашоосундагы түрдүү кызыктар менен сиздерди тааныштырабыз.
«АПАМ БИЗГЕ ЭНЕ ДА, АТА ДА БОЛДУ»
– Биз үй-бүлөдө үч бир тууганбыз, мен эң улуусумун, эки иним бар. Ата-энебиз ажырашып кеткендиктен, апам бизге ата ордуна ата, эне ордуна эне болду. Азыр Орусияда тиш доктур болуп эмгектенет. Ал эми улуу иним Ошто туугандарыбыздыкында, кичүүбүз мени менен бирге турат.
Азыр, Кудайга шүгүр, чоңоюп, жашоонун өйдө-ылдыйын түшүнүп калдым. Кичинекей кезимде бала бакчадагы кыздарды аталары алып кетсе апамдан «Эмнеге менин атам жок?» деп сурай берчүмүн. Кийин мектепте да ата-энелер чогулушуна катышкан классташтарымдын аталарын көрүп, «Менин атам кайда?» деп апамдын мээсин көп жегем. Апам мага билдирбегени менен, өзүнчө ыйлап-ыйлап алчу. Чынында, ата-энемдин ажырашып кеткени менин калыптанышыма терс таасирин тийгизди. Азыр кичинекейимде кылган ал кылыктарыма аябай өкүнөм, апамдан кечирим сурайм.
Чогуу жашабасак да, атам менен кээде жолугуп турабыз. Элдей болуп эркелеп, сырдашпайбыз, мамилебиз сый. Кантсе да ошол кишинин канынан жаралган жанмын, атамды жакшы көрөм.
«ИЙГИЛИК ЭМИ ЖЫЛМАЯ БАШТАДЫ»
– Чыгармачылыктагы алгачкы кадамдарым Оштогу телеканалдардын биринде алпаруучулуктан башталган. Эл мени көгүлтүр экрандан көрө баштаганы менен мага камера, конокко келген ырчылар өзүнчө эле жомоктогудай сезилчү.
Бир жолу Бактыгүл Бадыева студиябызга келбеспи. Ага суктанган жигиттерди, күйөрмандарын көрүп Бактыгүл эжедей ырчы болсом деген кыялдар менен жашап калдым. Алгач өзгөчө болом деп Шаиста деген ат менен чыкканым эсимде (күлүп). Бирок жакшы жыйынтык чыгара албадым. Өзү ар бир адамдын жылдызы жанган учур келет экен, мага ийгилик эми жылмая баштады десем жаңылбайм. Мына, Кудай буюруп, «Супер-Инфо» гезити ыйгарчу «Жылдын дебюту-2013» наамына ат салышып жатам. Чынын айтсам, ушул күндү көптөн күткөнмүн.
Башында бир топ эле клип тартымыш болдум, ишенсеңер, акыркы эки клибим («Сага айтайын», «Кеттиң башкага») гана купулума толду. Буларды аягына чейин уялбай көрөм, ал эми мурункуларымды жадакалса сактаган да эмесмин (күлүп). Учурда музыка менин жашоомдун ажырагыс бөлүгүнө айланган. Ойлоп көрсөм, чалынып-чалдыгып жүрүп чыгармачылык жолду басканыма 6 жыл болуптур. Эгерде болочоктогу жолдошум «ырдабайсың» деп койсо, жашоомдун маңызы жоголот. Анда жолдошумду эч качан кечирбесем керек.
«ИШЕНИЧИМДИ БИР ДА ЖИГИТ АКТАЙ ЭЛЕК»
– Жеке жашоодо аябай чоң жоопсуз сүйүүгө кабылгам. Ал адам менин өмүрүмдү такыр башка нукка бурду. Себеби жетпей калган арзуума өчөшүп, өзүмдү көрсөтөм деп жүрүп ырчылыкты алып кеттим. Ал жигит менин өнүгүүмө стимул болду. Азыр жигиттерге такыр ишенбейм. Ишеничимди актай турган жигитти кезиктире элекмин.
Сүйүп укканым – Султан Садыралиевдин ырлары, бул ырчы агабыздын жүрөктөгү айта алгыс сезимдерди ыр менен жеткире алчу таланты бар.
Жалгыздык – эң биринчи душманым. Жалгыз калсам күнүм бүтчүдөй сезилип, корко берем.
Достук – буга чейин досум деп санаган адамдар далай жолу көрө албастык кылып көңүлүмдү оорутушкан. Ошондуктан дос тандоого «сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет» дегендей, кылдаттык менен мамиле кылам.
Кайгырганда ичимдеги бугумду бирөө менен бөлүшкөнгө шашылам. Адам тандабай, ар кимге айта бергеним – кемчилигим. Жыйынтыгында менин көйгөйлөрүм тууралуу бардыгы кабардар болуп калышат.
Нуркыз Курманбек кызы
Адилет Бектуров
star@super.kg