Адистердин айтымында, ашказан оорулары өтө кеңири таралган дарттардын бири. Анын негизги түрүнө өнөкөт гастрит, ашказан жана он эки эли ичегинин жарасы, рак оорусу кирет. Бул ооруларды чогуу жалпылап кароо талапка ылайык. Анткени анын бардыгы өнөкөт гастриттен келип чыгат. Эл арасында муну көп этибар алышпай, «Элдин баары эле гастрит менен ооруйт, анын эмнеси бар, дарыланып деле кереги жок» деген пикирлер айтылат. Адистин көз карашында бул, албетте, туура эмес. Себеби өнөкөт гастрит убагында аныкталып, дарыланбаса, жарага, андан ары ракка айланат.
ГАСТРИТ ӨБҮШҮҮДӨН ДА ЖУГАТ
Адамдын организми үчүн ашказан өтө маанилүү. Ашказандын ичиндеги ыйлаакча чел кабыктары 1-2 литрге чейин шире бөлүп чыгарып, анын жардамы менен жеген тамагыбызды аш кылабыз. Эгерде адам ашказан оорусу менен жабыркаса, шире азайып отуруп тамакты иштете албай калат. Аны өз убагында дарылабаса, оору өтүшүп кетет. Негизинен, ашказан ооруларынын пайда болушунун 20 пайызы нерв системине байланыштуу.
Стресстик абалга көп кабылганда, туура эмес тамактанып, тамакты өтө ысык же муздак ичкенден, режимди бузуп убагында тамактанбай бирде ачка, бирде ашыкча жегенден, алкоголдук күчтүү ичимдиктерди ичип, тамекини көп тарткандан улам пайда болот. Муну менен катар дарыдан, ички органдардын начар иштешинен пайда болгондору да бар.
Мисалы, муун оорулары менен жабыркаган адамдар дары ичип турбаса, муундары шишип баса албай калышат. Аларга дарыны өмүр бою ичкенге туура келет. Мына ошонун кесепетинен дары гастрити менен жабыркашат. Кээде химиялык заттарды байкабастан ичип алгандан химиялык гастрит келип чыгат. Өтү начар иштеген адамдар болсо рефлюкс-гастрит менен жабыркашат. Ал эми аутоиммундук гастрит боор оорусунан улам пайда болот.
Жакында австралиялык окумуштуулар Робин Уоррен менен Барри Маршалл ашказан ооруларынын дагы бир себебин, тагыраак айтканда, аларды козгой турган геликобактер бактериясын табышкан. Ал тургай алар бул эмгеги үчүн «Нобель» сыйлыгына татышкан. Геликобактер бактериясы ашказандын ичиндеги былжырлуу челде жашап заң, шилекей аркылуу сыртка чыгып, колдонгон идиштер, өбүшүү аркылуу адамдан адамга жугат. Тагыраак айтканда, дени соо адамдын ашказанына түшүп аны сезгентет да, гастрит оорусун пайда кылат. Гастриттин 70-80 пайызы дал ушул геликобактер микробун жуктуруп алгандан келип чыгат.
ГАСТРИТТИН АЛГАЧКЫ БЕЛГИЛЕРИ
ЗАТ АЛМАШУУНУ БУЗАТ
Гастрит пайда болгондон кийин ашказандын функциялары бузулуп, башка ич органдарына таасирин тийгизет. Мисалы, боорго, өткө, ичегилерге, ошондой эле зат алмашуу процессинин бузулушуна алып келет. Андыктан анын алдын алып, туура тамактануу, витаминдүү тамактар менен азыктануу, алкоголдук ичимдиктерди чектөө, ооз көңдөйүн дайыма таза алып жүрүү зарыл.
ТУУРА ТАМАКТАНУУ ЗАРЫЛ
YЙ ШАРТЫНДА ДАРЫЛОО
Гастритти үй шартында дарылоого болот. Мисалы, чычырканак ашынын ашказанга тийгизген дарылык касиети көп. 3 аш кашык чычырканактын ашын жарым литр сууга кайнатып, демдеп коюп, андан кийин даамына жараша бал кошуп, 2-3 стакандан тамактанар алдында ичип койсо ашказан оорусунан арылууга жардам берет.
Ошондой эле чийки картошканын ширесин күнүгө эртең менен жарым стакандан ичип, 30 мүнөткө чейин кыймылдабай, жылуу жатуу керек. Бир сааттан кийин тамак ичүүгө уруксат. Бул дарылоо курсун 10 күнгө чейин созуп, ортодон бир канча күнгө токтотуп, кайрадан 2-3 ирет кайталап коюу менен гастриттен арылууга болот.
Мындан сырткары сабиздин ширесин тамактын алдында жарым стакандан ичсе, ашказандагы кычкылдыкты азайтат. Күнүгө бир эле жолу ичкен жетиштүү. 10 күнгө чейин кайталап, ашказан оорусунан сакайып кетүүгө болот. Ошондой эле гастритти алма менен дарылоо абдан жеңил, бирок жашыл сортунан эмес. Алманы майдалап, күнүгө эртең менен ач карын жейт. Мындан кийин бир аз убакытка тамактанбай туруу керек.
Дамира Арстанова
densooluk@super.kg