Сирожидин Акрамов, тандырчы:«ЖАКШЫ ЖАСАЛГАН ТАНДЫР 10-15 ЖЫЛГА ЧЫДАЙТ»

Ош шаарынын 53 жаштагы тургуну Сирожидин мырза атасынын кесибин мурастап, 40 жылдан бери тандыр жасоо менен алек болуп келет. Устанын айтымында, тандыр жасоо сезону июнь айында башталып, сентябрь айында аяктайт экен.

ЫЛАЙЫН ДАЯРДОО
Шаар четинен алынып келген ак же сары топуракты күнгө жайып кургатуу талап кылынат. Кургаган топуракты талкалап, ташын терип, калбырдан өткөргөндөн кийин андан ылай даярдалат. Жасалууда тандыр сынып кетпеш үчүн ага эчки, кой, топоздун жүнү кошулат, жылкынын жалын да пайдаланса болот. Эгер жүн азыраак кошулуп калса, тандырда сынып кетүү коркунучу жаралат. Бул ийкемдүүлүк үчүн да жардам берет.
Ылай жасоодо адам күчү көбүрөөк талап кылынат. Анткени ылайды ийлеп бышыруу үчүн бут менен тебелөөгө туура келет. Даяр болгон массаны бир күн клеёнкага ороп тыныктырып, башкача айтканда, ачытып коюшат. Бир күндөн кийин, тандырды жасап баштаарда ылай дагы бир ирет тебеленип, андан соң атайын формага келтирилет.

ТАНДЫРДЫН ТҮЗҮЛҮШҮ
Тандыр асты, ортосу жана оозу болуп үч бөлүктөн турат. Үч түрдүү формага салынган ылайларды бириктирүү аркылуу тандыр куралат. Наабай нан жапканга өзүнчө, самса жапканга өзүнчө, кадимки үй тандыры өзүнчө жасалат. Анткени самса жабыла турган тандырдын түбү жантайыңкы болот. Үй тандыры бир аз тогологураак келет. Тандырлардын арасында эң чоңу наабай тандыр. Анткени ичи көп нан батырууга ылайыкталат.

БААЛАРЫ
Бир КамАЗга толтурулган топуракты шаар четинен алып келүү 4500-5000 сомду түзөт. Мындан орточо эсеп менен 18-20 тандыр жасалат. Эчкинин 1 килограмм кылчык жүнүн 20 сомдон, ал эми кой, топоздун жүнүн, жылкынын жалын 10-15 сомдон сатып алууга болот.
Тандырдын эң арзаны 500 сомдон башталып, эң кымбаты 4500-5000 сомго чейин жетет. Жөнөкөй, үйдө нан жапканга ылайык, 18-20 нан батчулары 1000-1200 сом турат. Самса жапкан тандырлардын эң аз, 40 даана бата турганы 500 сом, бирок мындай кичине көлөмдөгү тандырды атайын буюртма берип гана жасабаса, ага талап аз. 200-300 самса бата турган тандырлар 1500-2000 сомдун тегерегинде болот. 50-60 нан батчу наабай тандырлары 4500-5000 сомго чейин.

Сирожидин мырза кесиби тууралуу кызыктуу кеп куруп берди.

– Тандыр жасап жүрүп чарчасаңыз да керек?
– 1980-1982-жылдары тандыр жасоодон тажап, почточу болуп да иштегем. Болбоду, кайра эле көнгөн ишиме кайтып келип, ошондон бери тандыр жасоо менен алекмин.

– Жумушуңуз оорбу?
– Мээнети чындыгында эле оор. Негизи, ылайдын иши кыйын.

– Шакирттериңиз да бар чыгар...
– Буга чейин 5-6 бала менде иштеп, үйрөнүп, кийин өздөрүнчө бөлүнүп чыгып кетишкен. Мындан сырткары өзүмдүн төрт балама да үйрөткөм. Эми пенсияга чыксамбы деп турам, чыгарбай жатышат. Үйдө жатып кыжалат болом, кандай жасап койду деп (күлүп).

– Кардарларыңыз көбүнчө каяктан келишет?
– Ош шаарынын аймагынан сырткары Өзгөн, Ноокат районунан, Кызыл-Кыя шаарынан келип алып кетишет. Башкаларчылап айылдарды кыдырып сатпайбыз, өздөрү ушул жерден алып кетишет. Шишкебек бышыруу үчүн кафе-ресторандардан келип, кичинекей тандырга буюртма беришет. Жумасына орто эсеп менен 10-15 даана тандыр жасап жатабыз.

– Тандырларыңыз канча жылга чейин чыдайт?
– Эми ал адамдын курганына жараша болот. Жакшы тургузулган тандыр 10-15 жылга чейин кызмат кылат. Тургузгандан кийин 1-2 сутка отту тынбай жагып, тандырды кызытып алуу керек. Андан соң өсүмдүк майы менен майлап койсо, нандын артына топурак жабышпай чыгат.

– Маегиңизге рахмат, ишиңиз илгерилей берсин!

Элира Чынтемир кызы
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 574, 01-ноябрь-07-ноябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан