НТС телеканалы буга чейин аналитикалык-маалыматтык жана социалдык долбоорлорго өзгөчө көңүл бөлүп келсе, соңку күндөрү көңүл ачуучу жана музыкалык көрсөтүүлөрдү даярдап, эл сынына коюуда. Башка алдыңкы каналдардан айырмаланган багыты – экранга чыккан музыкалык долбоорлордун дээрлик басымдуу бөлүгү жандуу үн менен чыгып жатат. Тактап айтсак, «Жылдыздар НТСте» деген концерттердин бардыгы жандуу тартылды (ред. Нюша, Валерий Меладзе сыяктуу ырчылардын катышуусундагы). Дүйнөлүк жана Орусия эстрада ырчыларынын Бишкектеги «Ала-Тоо» эс алуу борборунда өткөн концерттерин көргөзүү жаз айларында уланмакчы.
Ошондой эле жергиликтүү ырчылардын чыгармачылыгына арналган жарым сааттык «Бийиктикте музыка» долбоору старт алды. Анда борбордогу көп кабаттуу үйлөрдүн биринин чатырында музыка ышкыбоздору жандуу үн менен ырдашат. Алдыда көрүүчүлөрдү көптөгөн сюрприздер жана кызыктуу, жан дүйнөнү эргиткен көрсөтүүлөр күтүп турат. Анткени НТС – калктын кызматындагы элдик канал. Ал эми бүгүн «Экстрим караоке» аттуу жаңы долбоор сүртүмдөрүнөн окурмандар менен бөлүшөлү дедик. Мындай экстремалдуу көрсөтүү Кыргызстанда биринчи жолу жарык көрдү десек жаңылышпайбыз. Долбоордун автору жана алып баруучусу Санжар Мыкыев менен төмөнкүлөр тууралуу маектештик.
– Жаңы долбоордун алгачкы обого чыккан көрсөтүүсү өтө чоң кызыгууну жаратууда. Кененирээк маалымат бере кетсеңиз?
– Кыргызстандын көгүлтүр экранына жаңылык киргизели деген ой менен «Экстрим караоке» аттуу жаңы долбоор тартып жатабыз.
Негизи, кыргыз эли таланттуу адамдарга бай, анан албетте, бизде мыкты ырдагандар аябай көп. Бирок ошол эле ырдап жаткан адамды бир экстремалдуу кырдаалга туш кылып сынга салсак, канчалык өзүн кармап ырдай алары билинип калат. Биздин долбоор элдин арасынан жакшы ырдагандар тандалып, мыктылардын мыктысы аныкталышын максат кылган.
– Катышуучулардын мыктысы кантип тандалат?
– Ар бир караоке сыяктуу бизде да 100 баллдык систем болот. Мисалы, катышуучу тандаган ырын ырдап жатканда биз ага ар кандай экстремалдуу тоскоолдуктарды жаратабыз. Ошого карабастан, нотага түшүп, сөзүн унутпай, токтоп калбай ырдын акырына чейин ырдашы шарт. Ал эми кандай ырдады, чын эле нотага түшкөнүн же түшпөгөнүн калыстар тобу аныктайт.
– Катышуучулар кантип тандалат жана экстремалдуу тоскоолдуктар кандай болот?
– Катышуучуларды биз 14-15-августта «Kultaev Production» студиясында кастинг аркылуу тандаганбыз. Эки күндө сексенден ашык адам катышып, мыктылардын мыктылары тандалып алынды. Ал эми сыноолорубуз азырынча сыр бойдон калып турсун, бирок тоскоолдуктарыбыз чын эле экстремалдуу жана кызыктуу болот деп ишендирип кетели.
– Бул долбоорду качан көрө алабыз?
– «Экстрим караоке» долбоорун эксклюзивдүү көрсөтүү укугу НТС телеканалына таандык, буюрса, ар жекшембиде 22:00дө күтүп көрсөңүздөр болот. Биринчи ыр таймаш 27-октябрь, жекшембиде саат 22:00дө ободон орун алган. Анда үч мыкты ырчы сууга чөкпөй, отко күйбөй ырдап өнөрлөрүн көргөзүшкөн.
– Жеңүүчүлөргө сыйлыктар болобу?
– Албетте болот, бирок бир гана жеңүүчүгө эмес, ар бир катышуучуга белектерибиз бар. Ал эми супер финалдын жеңүүчүсү НТС телеканалынан Дубайга жолдомо алат.
– Чоң долбоор башталган экен, кимдер менен иштешип жатасыздар?
– Негизи, бул долбоордун идеясы пайда болору менен белгилүү продюсер жана режиссёр Канат Култаев агабызга сунуш кылгам. Чынын айтсам, көпкө чейин майда-чүйдө нерселерин даярдап, жөнөкөй тил менен айтканда, бышырып жаттык. Долбоорго чоң эмгек талап кылынат экен. Андыктан мыкты көрсөтүүнү жаратууда мыкты кесипкөй адистер тартылган. Долбоор обого НТС телеканалы менен «Kultaev Production» студиясынын кызматташуусунда чыкмакчы. Андыктан НТС телеканалынан ар жекшембиде жолугушууга чакырам.
Асия Алиева