Ош шаарындагы Жүргүнчүлөрдү ташуу агенттиги тарабынан «Мыкты айдоочу» жана «Мыкты маршруттук каттам» сынагы жыйынтыкталды. Аталган агенттиктин жетекчиси Шайлообек Атазовдун айтымында, шаардагы №127-маршруттук каттам «Мыкты маршруттук каттам» деп табылды. Ал эми «Мыкты айдоочу» наамына №125-маршруттук каттамдын айдоочусу Дилмурад Алаберди уулу татыктуу болду. Жеңүүчүлөргө Жүргүнчүлөрдү ташуу агенттиги тарабынан дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Жаштар иштери боюнча комитети эң жаш айдоочуларга өзүнүн белектерин ыйгарды. Мындан сырткары транспорт кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата концерт да уюштурулду. Сынактагы критерийлердин эң негизгиси жүргүнчүлөрдү сапаттуу тейлөө болуп саналды.
Уулбү Каныбекова
osh@super.kg